ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 4-февралы № 1/6
8-Март айылына МАП (милициянын аймактык пунктун)
салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 Укук бузуулардын алдын алуу негиздери жөнүндө Мыйзамына жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн 8-Март айылына МАП (милициянын аймактык пунктун) салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө 28-январь 2026-жылдагы № 37-26-6/479 катына ылайыкЭмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын I кезектеги сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн 8-Март, Ак-Кудук, Шоро айылдарынын жарандарын
тейлөө жана ар кандай укук бузуу, кылмыш кырсыктарынын алдын алуу жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн 8-Март айылына МАП (милициянын аймактык пунктун) сауу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө 28-январь 2026-жылдагы № 37-26-6/479 катынын негизинде 8-Март айылына МАП (милициянын аймактын пунктун) салуу үчүн 0,06 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-
region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы Р.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Касымов |