Редакцияот 12.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КЕЗЕКТЕГИ  XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 12-марты  № 2/2

 

Каттуу тиричилик таштандылардын ташып чыгарууга

тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74,75 беренелеринин жетекчиликке алып, ошондой эле “Ак-Эмгек” муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Рахматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Эмгек-Талаа айылдык кенеши токтом кылат:

1.           Эмгек-Талаа айыл аймагынын аймагында катуу тиричилик таштандыларын жыйноо жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2026-жылдын 12-мартынан баштап төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

·         Калк үчүн (ар бир адамга) 10 сом

·         Мекеме уюмдар үчүн (1 м 3 үчүн) 8  сом

·         Коммерциалык жана башка чарба субьектери үчүн 10 сом

2. Айыл аймагындагы 1-2 топтогу майыптар жана аз камсыз үй-бүлөлөргө мыйзам чегинде женилдиктер берилсин.

3. «Ак-Эмгек» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Рахматовго калк жана мекемелер менен таштанды чыгаруу боюнча жаны келишимдерди түзүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу тапшырылсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-region.kg

          веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын

          мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына

          жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика, финансы, бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

  

Төрага

Р. Касымов