Редакцияот 20.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 20-апрели № 266

Мамлекеттик менчикте турган

транспорт каражаттарын сатуу тартибинин

маселелери жөнүндө

 

Мамлекеттик мүлктү ээликтен ажыратуу тартибин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 «Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-сентябрындагы № 414 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 «Менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июлундагы № 357 «Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 463 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 309 «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев