Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 29
Мырза-Аке айылынын Ш.Койлубаев тургуну Паттаева Нуржандын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну Ш.Койлубаев көчөсүнүн тургуну Паттаева Нуржандын арызынын негизинде максаттык багытынан индентификациялык 5-06-15-1001-4386 номери менен 0,15 га өз менчигиндеги 800 м2 жерди элди тейлөө багытына, 700 м2 жер аянтын турак жай катары пайдаланууга өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |