Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
3-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби
4-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
5-глава. Дем берүү фондунун каражаттарын түзүү жана пайдалануу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) мамлекеттик каражаттардын эсебинен ишти жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарында колдонулат.
2. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү кошумча төлөмдөрдөн жана үстөктөрдөн турат.
3. Саламаттык сактоо уюмдарында минималдуу базалык ставкалардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленет.
4. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш убактысынын ченемин аткарууну жана жоопкерчилик деңгээлин жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоонун негизинде иштин натыйжаларын эске алуу менен эсептелет.
2-глава. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
5. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) иштеген жылдары – кызматкер саламаттык сактоо системасында кесиптик ишти аткарган убакыттын мезгили;
2) кепилденген эмгек акы – бул кызматкердин ишинин натыйжаларына карабастан белгиленген эмгектик милдеттерин аткарууда төлөнүүчү эмгек акысынын бөлүгү;
3) кызматтык маяна – компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан календардык ай үчүн бир ставкага кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкердин эмгек акысы;
4) эмгек акы – татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Кепилденген эмгек акыга кошуп эсептелүүчү райондук коэффициентти кошпогондо, үстөктөр жана кошумча төлөмдөр түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык маянага карата пайыздар менен белгиленет;
5) консолидацияланган эмгек акы төлөө фонду – бул саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн багытталган каржылоонун бардык булактарынан түзүлүүчү акча каражаттарынын жалпы көлөмү;
6) жүктөмдүн ченеми – белгилүү бир убакыттын мезгилинде саламаттык сактоо уюмунун кызматкери тарабынан аткарылуучу жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүнүн сандык көрсөткүчү;
7) натыйжалуулук көрсөткүчтөрү – кызматкердин белгиленген максаттарга жана иштин натыйжаларына жетүү деңгээлин чагылдырган өлчөнүүчү сандык жана (же) сапаттык көрсөткүчтөр;
8) президенттик компенсациялык төлөм – бул саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине белгиленүүчү жана социалдык колдоо чараларын камсыз кылууга багытталган белгиленген акчалай төлөм;
9) дем берүүчү жана компенсациялык үстөктөр –кызматкерлерди жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чеберчилигин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүчү кызматтык маянанын үстүнө белгиленүүчү үстөктөр.
Дем берүүчү жана компенсациялык үстөктөр белгиленген акчалай суммада же кызматтык маянадан белгилүү пайыздарда белгилениши мүмкүн;
10) жоопкерчиликтин деңгээли – жумуштун татаалдыгына, квалификациясына жана уюмдун ишинин натыйжасына таасирине жараша аныкталуучу кызмат орду үчүн белгиленген деңгээл;
11) дем берүү фонду – бул иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнө жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгектин жагымдуу шарттарын түзүү жана материалдык колдоо көрсөтүү үчүн адистештирилген финансылык механизм.
3-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын
кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө тартиби
6. Консолидацияланган эмгек акы фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
– республикалык бюджеттин каражаттарынан (анын ичинде атайын каражаттар);
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынан;
– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка каражаттардан.
Консолидацияланган эмгек акы фондуна кепилденген эмгек акы, компенсациялык төлөмдөр/кошумча төлөмдөр жана дем берүүчү үстөктөр, ошондой эле дем берүү фондунан төлөмдөр кирет.
7. Эмгек акы төмөнкүлөрдү камтыйт:
– кепилденген бөлүктү:
кызматтык маяна;
иштеген жылдары;
– компенсациялык төлөмдөрдү жана кошумча төлөмдөрдү:
бийик тоолуу шарттардагы иш стажы үчүн;
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана барууга кыйын алыскы зоналарында иштегендиги үчүн;
айыл жеринде иштегендиги үчүн;
эмгектин өзгөчө шарттарында иштегендиги үчүн;
түнкү убакта жана майрам күндөрү иштегендиги үчүн;
квалификациялык категориясы үчүн;
эсептелген өргүү боюнча төлөм;
эмгекке убактылуу жарамсыздык баракчасы боюнча төлөм;
кызматкер жумуштан бошотулганда (кыскартылганда) бир жолку жөлөкпулду (компенсация) төлөө;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөр;
президенттик компенсациялык төлөм;
талап кылынган адистерге компенсациялык төлөмдөр;
– дем берүүчү төлөмдөр жана үстөктөр:
окумуштуулук даражасы үчүн;
Кыргыз Республикасынын ардак наамдары үчүн.
8. Президенттик компенсациялык төлөм:
– иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир ставкага төлөнөт;
– эгерде кызматкердин жүктөмү бир ставкадан аз болсо, анда президенттик компенсациялык төлөм ээлеген ставкасына пропорционалдуу белгиленет;
– бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн өргүү, жөлөкпул, кошумча акыларды эсептөөдө эсепке алынбайт;
– социалдык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө эске алынбайт;
– киреше салыгы салынууга тийиш.
9. Врач персоналына квалификациялык категория үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
– жогорку квалификациялык категория – 6 000 сом;
– I квалификациялык категория – 4 000 сом;
– II квалификациялык категория –2 000 сом.
Орто медициналык персонал үчүн квалификациялык категорияга үстөк төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
– жогорку квалификациялык категорияга – 5000 сом;
– I квалификациялык категорияга – 3000 сом;
– II квалификациялык категорияга – 1000 сом.
10. Кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн 3 жылдан 8 жылга чейинки иш стажына – кызматтык маянасынан 10 пайызы өлчөмүндө, 8 жылдан 13 жылга чейинки иш стажына – 20 пайызы өлчөмүндө, 13 жылдан ашык иш стажына 30 пайызы өлчөмүндө ай сайын кошумча акы төлөө белгиленет.
11. Илимий даражага, ардак наамдарга, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда иштөөгө, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
12. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине максаттуу тартипте дем берүүчү төлөмдөр бөлүнүп берилиши мүмкүн.
13. Жоопкерчилик деңгээлинин жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн негизинде саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү фонддун каражаттарынан төлөнүүчү финансылык дем берүү орточо эмгек акынын өлчөмүн эсептөөдө, ошондой эле бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда иштөөгө кошумча акыларды жана өргүүлөрдү эсептөөдө эске алынбайт.
14. Саламаттык сактоо уюмдарынын бирдиктүү казыналык эсеп системасында атайын эсептерде топтолгон, келип түшкөн каражаттардын жалпы көлөмүнүн ичинен саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө 60 пайызга чейин багытталат.
4-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
15. Саламаттык сактоо уюмдарынын врач-жетекчилерине жана алардын орун басарларына айкалышкан кызмат орду боюнча кызматтык маянадан 30 пайыздан төмөн эмес белгилөө менен айкалыштырууга уруксат берилет жана адистиги боюнча аткарылган иштин көлөмү тиешелүү документтерде чагылдырылууга тийиш.
16. Протездик-ортопедиялык бөлүмдөрдүн, гемодиализ бөлүмдөрүнүн, саламаттык сактоо уюмдарында операция жасоочу бардык аталыштардагы хирургиялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине кызматтык маянадан 15 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
17. Башкы адистин милдеттерин аткаруучу штаттан тышкаркы кызматкерлерге тиешелүү финансылык жылга бюджетте бекитилген эмгек акы төлөө фондунун чегинде негизги иштеген жери боюнча кызматтык маянадан 10 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөө жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо жаатындагы профиль боюнча башкы адистин милдеттерин аткарган штаттан тышкаркы кызматкерлер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
18. Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлоруна кызматтык маянадан 15 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
Облустардын жана республикалык маанидеги шаарлардын саламаттык сактоо боюнча координаторлору саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
19. Калкты ВИЧ/СПИДге лабораториялык диагностикалоону, ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды текшерүүнү, дарылоону жана байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине, ошондой эле иши ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга социалдык жана башка жардам көрсөтүү менен байланышкан, же болбосо инфекцияланган материалдарды пайдалануу менен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ден соолукка коркунучтуу эмгек шарттарында диагностика үчүн биологиялык препараттарды өндүрүү менен алектенген мекемелер менен уюмдардын кызматкерлерине кызматтык маянадан 40 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
20. Укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрү системасында болгон саламаттык сактоо кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты жaнa натыйжасы үчүн кызматтык маянасынан 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Окуу өргүүлөрүндө, амбулатордук дарыланууда же ооруканаларда дарыланууда жүргөн кызматкерлерге үстөк төлөнбөйт.
21. Айыл жерлеринде иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине 1 800 сом өлчөмүндө үстөк белгиленет.
22. Саламаттык сактоо уюмдарындагы тез жардам бригадаларынын кызматкерлерине кызматтык маянасынан 25 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
23. Врачтын шашылыш кийлигишүүсү (ургенттик кезметчиликти) талап кылынган саламаттык сактоо уюмдарына чакырылган учурда врачтын эмгегине акы төлөө адистиги боюнча түнкү жана майрамдык убакыт үчүн иш жүзүндө иштеген сааттар үчүн компенсациялык төлөөлөрдү эске алуу менен белгиленген саатына карата кызматтык маянадан жүргүзүлөт.
24. Саламаттык сактоо уюмдарынын штатында турбаган көчмө консультацияларды өткөрүүгө жана практикалык жардам көрсөтүүгө тартылган врач-консультанттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасындагы республикалык жана облустук ооруканалардын пландуу жана шашылыш консультациялык, практикалык жардам бөлүмдөрүнүн көчмө бригадаларынын врачтарынын жана орто медициналык персоналынын эмгегине акы төлөө түзүлгөн эмгек келишиминин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Акы төлөө жол жүрүү убактысын эске алуу менен иш жүзүндө сарпталган убакыт үчүн, анын ичинде түнкү, дем алыш жана майрамдык убакыт үчүн компенсациялык төлөөлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
Бир саатка төлөө:
– профессор, медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы бар адиске – врачтын саатына карата кызматтык маянасынан 150 пайыз;
– медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы бар адиске – врачтын саатына карата кызматтык маянасынан 140 пайыз;
– врач-консультантка – врачтын саатына карата кызматтык маянасынан 120 пайыз;
– орто медициналык персоналга – орто медициналык персоналдын саатына карата кызматтык маянасынан 100 пайыз.
Врачтар жана орто медициналык персонал консультациялык, практикалык жардам көрсөтүү үчүн барганда эмгек акы негизги иштеген жери боюнча сакталат.
25. Трассада автокырсык болгон учурда өз убагында кечиктирилгис медициналык тез жардам көрсөткөндүгү үчүн адистерге иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынан 20 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
26. Интерн-врачтардын кызматтык маянасы жалпы практика педиатрынын/жалпы практика врачынын кызматтык маянасынан 10 пайызга төмөн өлчөмдө белгиленет.
27. Ординатор-врачтардын кызматтык маянасы врачтын кызматтык маянасынан 10 пайызга төмөн өлчөмдө белгиленет.
28. Автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынан 25 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
29. Кызматтык жайларды тазалоочуларга, кийимдерди (атайын кийимдерди) жуу боюнча машинисттерге, кир жуугучтарга, санитарларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянасынан 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
30. Кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөк 2-разряддагы жумушчулар үчүн тиешелүү кызматтык маянадан 5 пайыз, 3-разряддагы – 10 пайыз, 4-разряддагы – 15 пайыз, 5-разряддагы – 20 пайыз, 6-разряддагы жумушчулар үчүн – 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
31. Башкы бухгалтердин орун басарынын, экономисттин жана башкы инженерлердин/энергетиктердин кызматтык маянасы бухгалтердин жана инженерлердин/энергетиктердин кызматтык маянасынан 5 пайызга жогору белгиленет.
32. Дарыгердин туруктуу катышуусуз өз алдынча иштеген орто медициналык персоналга кызматтык маянасынан 10 пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
33. Адистиги боюнча жогорку билими жок адистерге кызматтык маяна ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык маянадан 15 пайызга төмөн белгиленет.
34. Түнкү убакта ишке тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин эмгек акысы түнкү убакта иштеген ар бир сааты үчүн адистиги боюнча белгиленген бир сааттык кызматтык маянадан бир жарым эселенген өлчөмүндө төлөнөт.
Түнкү убакыт деп кечки саат 22ден таңкы саат 6га чейинки убакыт эсептелет.
35. Саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин эмгек акысы дем алыш жана майрам күндөрүндөгү иши үчүн адистиги боюнча белгиленген бир сааттык кызматтык маянадан эки эселенген өлчөмүндө төлөнөт.
36. Бир эле иш берүүчүдө негизги иши менен катар башка адистик же кызмат орду боюнча кошумча иш аткарган адистерге, айкалыштырган кызмат орду же убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткаруу үчүн иш берүүчү менен кызматкердин макулдашуусуна ылайык айкалыштырган иш боюнча кызматтык маянадан 30 пайыздан кем эмес кошумча төлөм жүргүзүлөт.
37. Жумуш убактысынан тышкары айкалыштырып иштеген адистерге иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык маянага ылайык эмгек акы белгиленет.
Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашыкча иштөө күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпашы керек.
5-глава. Дем берүү фондунун каражаттарын
түзүү жана пайдалануу тартиби
38. Дем берүү фонду милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан, атайын эсептерде топтолгон каражаттардан, кошумча төлөмдөрдөн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка каражаттардан түзүлөт.
39. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү төлөмдөр жоопкерчиликтин деңгээлин жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоонун негизинде жүктөмдүн ченемдерин аткарууну жана иштин натыйжаларын эске алуу менен эсептелет.
Дем берүүчү төлөмдөр негизги кызмат орду жана айкалыштырып иштегендиги боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине дем берүү фондунун резервдик бөлүгүнүн эсебинен материалдык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.
40. Ар бир кызмат ордуна кабыл алынган чечимдердин көлөмүнө, бөлүмдүн жана уюмдун ишинин натыйжаларына тийгизген таасирине, аткарылуучу милдеттердин татаалдыгына, баш ийгендердин болушуна жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген процесстерди башкарууга жараша жоопкерчилик деңгээли ыйгарылат.
41. Дем берүүчү төлөмдөрдүн эрежелери жана тартиби кызматкерлердин жоопкерчилик деңгээлдеринин жана ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн негизинде саламаттык сактоо уюму тарабынан аныкталат.
Кызматкерлердин ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган типтүү критерийлердин негизинде саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленет.
42. Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү төлөмдөрдү эсептөө.
Дем берүүчү төлөмдүн формуласы:
ДТ = (ДФ/БС) * КБ,
мында:
ДТ – саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине дем берүүчү төлөмдөр;
ДФ – дем берүүчү фонд (бир ай үчүн дем берүүчү фонддун иш жүзүндөгү көлөмү);
БС – уюм боюнча кызмат орундарына каралган баллдардын суммасы;
КБ – кызматкердин иш жүзүндөгү баллдарынын суммасы.
Уюм боюнча кызматкерлерге каралган баллдардын суммасын аныктоо (БС):
БС = (ЖД суммасы + НК суммасы) уюмдун бардык кызмат орундары боюнча,
мында:
ЖД – кызматкердин жоопкерчилик деңгээли үчүн кызмат орду боюнча максималдуу баллдары;
НК – кызматкердин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү үчүн кызмат орду боюнча максималдуу баллдары.
Кызматкердин иш жүзүндөгү баллдарынын суммасын аныктоо (КБ):
КБ = ЖБ + НБ
мында:
ЖБ – кызматкердин жоопкерчилик деңгээли үчүн иш жүзүндөгү баллдары;
НБ – кызматкердин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү үчүн иш жүзүндөгү баллдары.
Үлгүсү:
дем берүүчү фонд (бир ай үчүн дем берүүчү фонддун иш жүзүндөгү көлөмү) – 100 000 сом;
уюм боюнча кызмат орундарына каралган баллдардын суммасы – 132 балл;
кызматкердин иш жүзүндөгү баллдарынын суммасы – 18 балл;
дем берүүчү төлөм:
(100 000/132) *18 = 13 636,4 сом.
43. Дем берүүчү төлөмдөр дем берүүчү фонддо түзүлгөн каражаттардын көлөмүнө жараша жүргүзүлөт.
44. Кызматкерлердин эмгек акысы кепилденген эмгек акынын, компенсациялык төлөмдөрдүн, кошумча акылардын, дем берүүчү төлөмдөрдүн жана үстөктөрдүн, ошондой эле кызматкердин пайдасына башка жеке төлөмдөрдүн суммасы катары аныкталат:
ЭА=ГЭА+КТ+ДТ+ЖТ
мында:
ЭА – кызматкердин жыйынтык эмгек акысы;
ГЭА – кепилденген эмгек акы;
КТ – компенсациялык төлөмдөр жана кошумча акылар;
ДТ – дем берүүчү төлөмдөр жана үстөктөр;
ЖТ – жеке төлөмдөр жана башка кошумча акылар.
45. Кызматкерлердин эмгек акысы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептен чыгаруу ар бир булактан салыштырма салмак боюнча жүзөгө ашырылат.