Редакцияот 02.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын

кезектеги XVI сессиясынын

 

2026-жылдын 2-апрелиндегы № 2

 

Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттен калган каражаттарды пайдалануу жөнүндө

 

 

Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жыл ичинде иштетилбей калган 12722,1 миң сом акча каражатын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттен такталган планына отургузуу боюнча Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кенешинин II-чакырылышынын XVI–сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:      

 

1.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жыл ичинде иштетилбей калган 12722,1 миң сом акча каражаты 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча чыгаша бөлүгүнө –

а) 70111- бөлүмдүн 2215-беренесине +1000,0 миң сомго

б) 70443- бөлүмдүн 3111-беренесине +7362,0 миң сомго

в) 70629- бөлүмдүн 3111-беренесине +4360,0 миң сомго

Жалпысы болуп 12722,1 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн беренелерине отургузулсун.

 

2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

 

        

 

Төрага

К.К.Анарбеков