Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-ноябры № 8/5
Кара-Кулжа айылында жайгашкан Б.Исаев көчөсүнүн 245 метр жолду асфальттоо багытындагы долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-ноябрындагы “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги социалдык имараттардын шарттарын жакшыртуу багытындагы долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү” № 01-2/1145 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылында жайгашкан Б.Исаев көчөсүнүн 245 метр жолду асфальттоо багытындагы долбоор жактырылсын.
2.Кара-Кулжа айылында жайгашкан Б.Исаев атындагы көчөсүнүн 245 метр жолду асфальттоо багытындагы долбоорду колдоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 500.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төраганын орун басары | Б. Эрмекбаев |