Редакцияот 13.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ    

 

2026-жылдын 13-февралы  № 1/9

Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Респулбикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34”-Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, бөлүмчөсүн  жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №4 протоколун угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы жабык тибиндеги кичи футбол аянтчасынын курулушуна, өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 431 625 (төрт жүз отуз бир миң алты жүз жыйырма беш ) сом акча каражаты бөлүп берилсин.

 

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 Мухамедысак уулу Э.