Редакцияот 27.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ    

 

2026-жылдын 27-марты  № 2/1

2025-жылдын жыйынтыгы менен  Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттинин аткарылышынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүн  жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кочкор айыл аймагынын   айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы Раджапова Гүлназдын 2025-жылдын жыйынтыгы менен  Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттинин аткарылышынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндөгү отчету кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын    айылдык кеңешинин  Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Орун басар

 З. Сулайманова