Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 17-8 буйругу менен бекитилди) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
Электр жабдууларын сыноо иштерин жүргүзүүдөгү
коопсуздук эрежелери
Бишкек 2026
Мазмуну
Киришүү
§ 1. Кабыл алынган кыскартуулардын тизмеси
1 Бөлүм
§ 1. Жалпы жоболор
§ 2. Ишкерсандарга коюлган талаптар
§ 3. Коопсуздуктун жалпы талаптары
Бөлүм 2. Ишти баштоонун алдындагы коопсуздук талаптары
§ 4. Сыноолорду жана өлчөөлөрдү уюштурууга жана даярдоого коюлуучу талаптар
§ 5. Өндүрүштүк жайларга коюлган талаптар
§ 6. Өндүрүштүк имаратттардан тышкары шарттарда аткарылуучу процесстер үчүн өндүрүштүк аянттарга коюлуучу талаптар
§ 7. Баштапкы материалдарга, даярдалган материалдарга жана жарым фабрикаттарга коюлуучу талаптар
§ 8. Өндүрүштүк жабдууларга коюлган талаптар
(сыноо жана өлчөө каражаттары менен)
§ 9. Өндүрүштүк жабдууларды жайгаштырууга жана жумушчу орундарды уюштурууга коюлуучу талаптар
§ 10. Электр өлчөөлөрүн(сыноолорун) жүргүзүүгө арналган алеттерди, шаймандарды жана түзүлмөлөрдү сактоо жана ташуу ыкмаларына коюлуучу талаптар
§ 11. Коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
Бөлүм 3. Иштөө учурундагы коопсуздук талаптары
§ 12. Тышкы булактан жогорулатылган чыңалуу берүү менен электр жабдууларын сыноо
§ 13. Электр өлчөгүч кыскычтар, өлчөө таякчалары жана чыңалуу
көрсөткүчтөрү менен жүргүзүлүүчү иштер
§14. Чубалгыларда импульстук өлчөгүч менен жүргүзулгөн иштер
§ 15. Мегаомметр менен иш жүргүзүү тартиби
§ 16. Электр эсептегичтер жана өлчөөчү алеттер менен иш жүргүзүү тартиби
§ 17. Электр талаасынын чыңалуусун өлчөө боюнча иштер
§ 18. Бүлүнүүлүк кырдаалдардагы коопсуздук талаптары
§ 19. Жумуш бүткөндөн кийинки коопсуздук талаптары
Кириш сөз
“Электр жабдууларды сыноо боюнча иштерди аткарууда коопсуздук эрежелери" электр жабдууларын кадимкидей шарттарда коопсуз иштетип пайдаланууну камсыздоо үчүн иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын энергетика ишканалары тарабынан колдонулушу керек.
Электр жабдууларын сыноодо коопсуздук эрежелери өтө маанилүү, анткени электр энергиясы менен иштөө учурунда электр агынга урунуп калуу, өрт жана башка коркунучтарды камтыйт.
Бул Эрежелерде энергетикалык тутумдардын ар кандай чөйрөлөрүндө колдонулушу мүмкүн болгон электр жабдууларын сыноо боюнча иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери каралган.
§ 1. Кабыл алынган кыскартуулардын тизмеси
Кыскартуулар | Аныктамалар |
ТАӨ | Талааны автоматтык түрдө өчүрүү |
АБТ | Автоматтык башкаруу тутуму |
АТС | Автоматтык телефон станциясы |
АЧ | Аба чубалгысы |
АБЧ | Аба байланыш чубалгысы |
ЖЖБ | Байланыш-жогорку жыштыктагы байланыш |
ББК | Башкы башкаруу калканы |
ЖБО | Жабык бөлүштүрүүчү түзүлүшү |
ӨС(СС) | Өлчөөчү (сыноочу) стенд |
КЧ | Кабелдик электр чубалгысы |
КЛЧ | Кабелдик байланыш чубалгысы |
ИЖБТ(ТЖБТ) | Ички(тышкы) орнотмонун жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүшү |
ЖТК | Жыйнакталган трансформатордук көмөкчордон |
МТК | Мачталык трансформатордук көмөкчордон |
ТРП | Тейленбеген регенерациялык пункт |
ТКП | Тейленбеген күчөтүүчү пункт |
ЫЧИТ | Ыкчам-чыгуу ишкер топ |
АБТ | Ачык бөлүштүрүүчү түзүлүш |
ПБУ | Тейленүүчү күчөтүү пункту |
ИУД | Ишти уюштуруу долбоору |
ИЖД | Иштерди жүргүзүү долбоору |
ИИЭ | Ишкерсандар менен иштөө эрежелери |
ЭОТЭ | Электр орнотмолорунун түзүлүш эрежелери |
РКА | Релелик коргоо жана автоматика |
БП | Бөлүштүрүү пункту |
БТ | Бөлүштүрүүчү түзүлүш |
ТТБК | Тескемердик жана технологиялык башкаруунун каражаттары (кабелдик жана аба байланыш чубалгылары жана телемеханиктер,жогорку жыштыктагы каналдар, байланыш түзүлүштөрү жана телемеханиктер |
КМУ | Курулуш-монтаждоо уюму |
КЧЖЭ | Курулуш ченемдери жана эрежелери |
ЖАЧ | Жылуулук автоматикасынын, жылуулук техникалык ченөөлөрдүн түзүлүшү жана коргоо каражаттары, аралыктан башкаруу, сигнализация жана автоматташтырылган башкаруу системаларынын техникалык каражаттары |
ТКЧ | Трансформатордук көмөкчордон |
ЭО | Электролиз орнотмосу |
1 Бөлүм
§ 1. Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер иштеп жаткан электржабдууларын тейлеген, ошондой эле аларды сыноолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзгөн ишкерсандарга тиешелүү.
2. Бул эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор аларды бекиткен уюмдар тарабынан гана киргизилиши мүмкүн.
3. Жумуш орундарда төмөнкүлөр болууга тийиш:
- колдонууга даяр коргоочу каражаттар, ошондой эле күчүндө турган эрежелер жана ченемдерге ылайык биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары;
- колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын жана өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарына ылайык баштапкы өрт өчүрүүчү жабдуулар.
4. Бул эрежелерди билүү бардык кызматкерлер үчүн милдеттүү.
5. Административно- техникалык ишкерсан жергиликтүү шарттарга жараша айрым учурларда кошумча иш-чараларды карашы керек, иштердеги коопсуздукту жогорултуу үчүн.Ушул иш-чаралар эрежелерге каршы келбеши керек.
6. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жумуш ордунда коопсуздук эрежелерине жооп берген шарттарды түзүүгө, кызматкерлерди коргоо каражаттары менен камсыз кылууга жана алар тарабынан ушул эрежелерди окуп-үйрөнүүсүн уюштурууга милдеттүү.
7. Ар бир кызматкер милдеттүү:
- ушул Эрежелердин талаптарын сактоого;
- болгон кырсык жөнүндө жана ал байкаган бардык эрежелер бузулгандыгы, ошондой эле курулмалардын, жабдуулардын жана коргоочу түзүлүштөрдүн бузулгандыгы жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине, ал эми ал жок болгон учурда-жогору турган жетекчисине токтоосуз билдирүүгө;
- жумуш ордун жана жабдууларды таза жана тыкан кармоого;
- өрт болгон учурда кызматкерлер өрт тууралуу 101 же 112 телефондору аркылуу дароо билдирүүгө милдеттүү, адамдарды эскертүү жана эвакуациялоо боюнча чараларды көрүүгө, электр жабдууларын өчүрүүнү жана электр орнотмолорун толугу менен өчүрүүнү камсыз кылууга, ошондой эле өмүргө жана ден-соолукка коркунуч жок болгон учурда өрттүн баштапкы стадиясында болгон өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу менен өрттү өчүрүүнү баштоо;
8. Эрежелердин талаптарын бузгандыгы үчүн кызматкер колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
9. Сыноо (өлчөө) объектиси деп бир эле учурда бир эле сыноо (өлчөө) каражаты менен сыналуучу (өлчөнүүчү) бир же бир нече окшош объекттерди түшүнүү керек.
10. Жабдууларды сыноо (өлчөө) деп – иштеп жаткан жана иштетип пайдаланууда колдонуудагы электр түзүлүштөрүн сыноосу (өлчөө), ошондой эле жабдууну монтаждоодо же оңдоо учурунда жүргүзүлүүчү сыноолорду (өлчөөлөрдү) түшүнүү керек.
11. Жумушчулар жана кызматчылар үчүн эмгекти коргоо боюнча жергиликтүү нускамалар ушул Эрежелерге ылайык келтирилүүгө тийиш.
§ 2. Ишкерсандарга коюлган талаптар
12. Электр жабдууларын өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүүгө кесиптик даярдыгы бар электр техникалык ишкерсанга уруксаат берилет. Кесиптик даярдыгы жок болгон учурда мындай кызматкерлер өз алдынча ишке киргизилгенге чейин ишкерсанды даярдоо боюнча адистештирилген окуу борборлорунда же жумуш ордунда окутуу менен кесиби боюнча даярдоонун бекитилген программалары боюнча окутулушу керек жана электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмунан уруксат алышы керек.
13. Электр жабдууларын өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүүгө 18 жаштан жаш эмес, алдын ала ден соолугун кароодон өткөн жана көрсөтүлгөн ишти аткарууга каршы көрсөткүчтөрү жок кызматкерлерге уруксат берилет.
14. Кызматкер ишке кабыл алууда киришүү насааттамасынан өтөт. Кызматкер өз алдынча иштөөгө кирерден мурун төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1) кесипке даярдоо программалары боюнча жумуш ордунда окутуу;
2) жумуш ордунда баштапкы насааттама;
3) эмгекти коргоо боюнча ушул Эрежелерди, өрт коопсуздугунун эрежелерин, өндүрүштөгү кырсыктарда жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча эрежелерди, өрт коопсуздугу боюнча башка ченемдик иш кагаздарын билүүсүн текшерүү;
4) электр жабдууларын сыноону жүргүзгөн ишкерсан өрт өчүрүүчү баштапкы жабдуулардын жайгашкан жерин билүүгө жана аны колдоно билүүгө тийиш.
15. Кызматкерге өндүрүштүк окутуу үчүн жабдуулар, аппаратуралар, ыкчам түзмөлөр менен таанышуу жана ошол эле учурда бул кызмат орду үчүн зарыл болгон ченемдик жана техникалык адабияттарды окуп-үйрөнүү үчүн жетиштүү мөөнөт берилиши керек.
16. Өлчөөлөрдү жана электр жабдууларын сыноолорду жүргүзүүгө эки кишиден кем эмес тайпа аткарат, ар бири атайын даярдыктан өтүп, электр коопсуздугу боюнча керектүү топко ээ болот: улук кызматкер Vтопко, IVтөн кем эмес-инженердики, III топтон кем эмес- башкаларда. Электр коопсуздугу боюнча башка II тобу бар ишкерсанга даярдык иштерин аткаруу, сыналып жаткан жабдууларды кайтаруу, ошондой эле өтмөктөрдү, кабелдин тарамдарын, зымдарды ажыратуу жана бириктирүү үчүн гана жол берилет.
17. Кесиптерди айкалыштырган кызматкерлер, алардын негизги жана айкалышкан кесиптери (кызматтары) боюнча толук көлөмдө эмгек коопсуздугунун эрежелери боюнча окутулат жана насааттама өтөт.
18. Ишкананын түзүмдүк бөлүмү чыгарган буюртма боюнча өз алдынча иштегенге уруксат берилет.
19. Билимин текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн жана өз алдынча иштөөгө жол берилген кызматкерге квалификациялык күбөлүк берилет, анда 14-пунктта көрсөтүлгөн нускамалардын жана эрежелердин билимин текшерүү жөнүндө жана атайын иштерди аткаруу укугу жөнүндө тиешелүү жазуу жазылууга тийиш.
20. Белгиленген мөөнөттө билимин текшерүүдөн өтпөй калган кызматкерлерге өз алдынча иштөөгө жол берилбейт.
18. Кызматкер иш жүрүшүндө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кайталаган насааттама - кварталына бир жолудан кем эмес;
2) өндүрүштөгү кырсыктарда жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү жана эмгекти коргоо боюнча нускаманы билүүсүн текшерүү - жылына бир жолу;
3) ден соолугун текшерүү - эки жылда бир жолу;
4) жумуш ордун даярдоого, уруксат берүүгө, ишти аткаруучу, байкоочу же тайпанын мүчөсү болууга укугу бар кызматкерлер үчүн эрежелерди билүүсүн текшерүү - жылына бир жолу.
19. Квалификациялык текшерүүдө канааттандыраарлык эмес баа алган кызматкерлер өз алдынча иштөөгө киргизилбейт жана бир айдан кечиктирбестен кайрадан текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
20. Белгиленген мөөнөттө билимин текшерүүдөн өтпөгөн кызматкерлер өз алдынча иштөөгө киргизилбейт.
21. Ушул эрежелер бузулган учурда эреже бузуулардын мүнөзүнө жараша пландан тышкаркы насааттама же билимин кезексиз текшерүү жүргүзүлөт.
22. Өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү укугу "атайын иштерди жүргүзүүгө укук берүүчү күбөлүк" кубөлүктүн сабындагы электр орнотмолорунда иштөө ченемдерди жана эрежелерин билгендигин текшерүү жөнүндө жазуу менен ырасталат.
23. Кырсык болгон учурда кызматкер медициналык кызматкер келгенге чейин жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Кызматкер өзү менен болгон кырсык болгон учурда, алган жаракатынын оордугуна жараша, медициналык жардамга саламаттык сактоо мекемесине кайрылат же өзүнө биринчи жардам көрсөтөт (өзүнө өзү жардам). Ар бир кырсык же кырсык жөнүндө жабырлануучу же күбө токтоосуз өзүнүн түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
24. Ар бир кызматкер аптечканын жайгашкан жерин билип, аны колдонгонду билиши керек.
25. Электр жабдууларын өлчөөгө жана сыноого катышкан кызматкер атайын кийим менен иштөөгө жана колдонуудагы тармактык ченемдерге ылайык берилген коргоо каражаттарын колдонууга тийиш.
26. Кызматкерге жекече коргонуунун төмөнкү каражаттары акысыз берилүүгө тийиш:
1) комбинезон же пахтадан жасалган костюм - 1 жылга;
2) жеке пайдаланууга арналган аралаш материалдан жасалган кол каптар - 3 айга;
3) коргоочу каска - 2 жылга;
4) диэлектрдик галош- нөөмөттүк;
5) диэлектрдик мээлейлер- нөөмөттүк
Эгерде атайын кийим эки нөөмөттүү комплект катары берилсе, аны кийүү мөөнөтү эки эсе узартылат.
Жумуштун мүнөзүнө жана аны аткаруунун шарттарына жараша кызматкерге бул шарттар үчүн кошумча атайын кийим жана коргоочу каражаттар убактылуу акысыз берилет.
§ 3. Коопсуздуктун жалпы талаптары
27. Өлчөө жана сыноо аймагында пайда болуучу коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлор ушул факторлордун жол берилген маанилерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.
28. Электр коопсуздугу камсыз кылынышы керек:
- электр орнотмолорунун, өлчөө жана сыноо стенддеринин (СС), түзүлүштөрдүн, алеттердин конструкциясы;
- техникалык ыкмалар жана коргонуу каражаттары;
- уюштуруучулук жана техникалык иш-чараларга;
- электр жабдууларын сыноодон өткөргөн объекттерде электр орнотмолорун толугу менен өчүрүү үчүн электр өчүргүчтөр жана өчүргүчтөр болушу керек, жана белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү белгилер жана маалымат такталары орнотулуушу керек.
29. Иштеп жаткан электр орнотмолорунда сыноо жана өлчөө учурунда иштин коопсуздугун камсыз кылган төмөнкү уюштуруу жана техникалык иш-чаралар аткарылышы керек:
- иштин өндүрүшүн уюштуруу жана коопсуздугу үчүн жооптуу адамдарды дайындоо;
- жумуштарды аткарууга иштак кагазды же буйрутманы тариздөө;
- иштин жүрүшүнө көзөмөлдү уюштуруу;
- иштин бүтүшүн, иштен тыныгууну, иштин башка түрлөрүнө которууну тариздөө, эмгектин жана эс алуунун рационалдуу иш тартибин белгилөө.
Электр коопсуздугун камсыз кылуучу техникалык ыкмалар жана коргоо каражаттары төмөнкүлөр эске алынып орнотулушу керек:
- электр орнотмосунун ченемдик чыңалуусу, агындын түрү жана жыштыгы, ошондой эле өлчөөчү(сыноочу) чыңалуу СС, түзүлүшү жана алети эске алынышы керек;
- электр менен жабдуу ыкмасы (стационардык тармактан, электр энергиясы менен камсыздоонун автономдуу булагынан);
- электр энергиясы менен азыктандыруу булагынын нейтралдык (Орто чекит) иш тартиби (обочолонгон, жерге негизделген нейтрал);
- сыноочу орнотмолордун аткарылышынын түрү (стационардык, көчмө, көтөрүп жүрмө);
- тышкы чөйрөнүн шарттарын;
- иш жүргүзүлө турган же ага жакын турган агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн чыңалууну алып салуу мүмкүнчүлүгү;
- иштеп жаткан кызматкердин агын чынжырынын элементтерине тийип калуу мүнөзү;
- иштеп турган же өлчөөчү жана сыноочу чыңалуудагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө уруксат берилген аралыкка жетпеген аралыкка чейин жакындап калуу мүмкүнчүлүгү же агындын таралуу аймагына кирүү коркунучу;
- жумуштардын түрлөрү.
30. Электр орнотмолорунда адамдардын, механизмдердин жана жүк көтөрүүчү унаалардын чыңалуу алдында турган тосулбаган агын өткөрүүчү бөлүктөргө 1 тизмекте көрсөтүлгөндөн аз аралыкка жакындашына жол берилбейт.
1 тизмек
Чыңалуу алдында турган агын өткөрүүчү бөлүктөргө чейин уруксат
берилген аралыктар
Чыңалуу, кВ | Адамдардан, алардын колдонгон куралдарынан жана шаймандарынан, убактылуу тосмолордон аралык, м | Иштөө жана ташуу абалындагы механизмдерден жана жүк көтөрүүчү шаймандардын стропторунан жана жүктөрдө болгон аралык,м |
1 кВ чейин: АЧ да Калган электрорнотмолордо
|
0,6 Чектелбейт (кол тийбеш керек) |
1,0 1,0 |
1-35 | 0,6 | 1,0 |
110 | 1,0 | 1,5 |
220 | 2,0 | 2,5 |
500 | 3,5 | 4,5 |
31. Электр өлчөөлөрдүн жана сыноолорду магниттик талаалардын таасири астында өткөрүү учурунда ишкерсандын жумуш орундарында болуу убактысы электр талааларынын чыңалуусунун деңгээлине жараша белгиленет.
32. Бузулбаган электр талаасынын жол берилген чыңалуусу 5 кВ/м түзөт. Жумуш орундарында электр талаасынын чыңалуусу 5 кВ/мден жогору болсо (электр талаасынын таасир этүү аймагындагы жумуш) коргоо каражаттарын колдонуу зарыл.
33. Жалпы (бүт денеге) жана локалдык (аяктарына) таасир этүү шарттары үчүн магнит талаасынын жол берилген чыңалуусу (Н) же индукциясы (В) магнит талаасында болуу узактыгына жараша 2 тизмектеги маалыматтарга ылайык аныкталат.
2 Тизмек
Магнит талаасынын уруксат берилген деңгээлдери
Болуу убактысы | Магнит талаасынын уруксат берилген деңгээлдери, Н (А/м)/В (мкТл), таасир эткенде | |
| Жалпы | локалдык |
1 | 1600/2000 | 6400/8000 |
2 | 800/1000 | 3200/4000 |
4 | 400/500 | 1600/2000 |
8 | 80/100 | 800/1000 |
Убактылуу аралыктардын ичинде магнит талаасынын жол берилген деңгээлдери интерполяция жолу менен аныкталат.
34. Ишкерсандын магнит талаасынын ар кандай чыңалуусундагы аймактарында болушу зарыл болгон учурда, бул аймактарда жумуштарды аткаруу боюнча жалпы убакыт, чыңалуусу эң жогору болгон аймак үчүн белгиленген жол берилүүчү максималдуу убакыттан ашпоо керек.
35. Магнит талаасында болуунун жол берилген убактысы жумуш күнүнүн ичинде бир жолку же бөлүк түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Эмгек жана эс алуу (нөөмөттүк Жумуш) иш тарибин өзгөртүүдө магнит талаасынын жол берилген чектелген деңгээли 8 сааттык жумуш күнү үчүн белгиленгенден ашпоого тийиш.
36. Электр жана магнит талааларынын деңгээлин көзөмөлдөө төмөнкү шарттарда жүргүзүлүшү керек:
- жаңы электр орнотмолорун пайдаланууга кабыл алуу жана иштеп жаткан электр орнотмолорун кеңейтүү;
- электр орнотмолорго жакын турган ишкерсандын туруктуу же убактылуу болушу үчүн жайларды жабдуу (магнит талаасы үчүн гана);
- жумуш орундарын аттестациялоо.
37. Электр жана магнит талааларынын деңгээли жумушту аткаруу процессинде ишкерсан болушу мүмкүн болгон бардык аймакта, жумушчу орундарына жана жабдууларды карап чыгуу жерлерине баруучу маршруттарда аныкталууга тийиш.
38.Электр өлчөөлөрүн жана сыноолорун жүргүзүүнүн коопсуздугу камсыздалууга тийиш:
- ар бир жумуш ордунда белгиленген тартипти жана уюшкандыкты, жогорку өндүрүштүк, технологиялык жана эмгек тартибин сактоо аркылуу;
- кызматкерлерди кесиптик тандоо, окутуу, алардын билимдерин жана эмгек коопсуздугунун көндүмдөрүн текшерүү аркылуу;
- тиешелүү талаптарга жооп берген өндүрүштүк жайларды пайдалануу жана иштеп жаткандардын ыңгайлуулугу аркылуу;
- өлчөөлөр жана сыноолор имараттан тышкары жүргүзүлгөн учурда өндүрүш аянтчаларын тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо аркылуу;
- иштегендерге коркунучтуу жана зыяндуу таасир тийгизбеген баштапкы даярдамаларды, комплекттөөчү түйүндөрдү, жабдыктардын элементтерин пайдалануу аркылуу.
Бул талапты аткаруу мүмкүн болбогондо жаракат алуунун жана кесиптик оорулардын булагы болбогон өлчөө жана сыноо каражаттарын (алеттерди, шаймандарды, түзүлүштөрдү) колдонуу менен электр өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүүнүн коопсуздугун жана тейлөөчү ишкерсанды коргонуу камсыз кылуучу чаралар көрүлүшү аркылуу;
- белгиленген тартипте бекитилүүчү өлчөө жана сыноо программаларын жана ыкмаларын иштеп чыгуу;
-ишенимдүү иштөөчү жана дайыма текшерилип туруучу көзөмөлдүк-өлчөө алеттерин, кырсыктан коргоо түзүлүштөрүн, маалымат алуу, кайра иштетүү жана берүү каражаттарын колдонуу аркылуу;
- жумуш ордун сарамжалдуу уюштуруу жана алеттерди жайгаштыруу;
- кооптуу өндүрүштүк аймактарды жана жумуштарды белгилөө аркылуу.
39. Өндүрүштө конкреттүү электр өлчөөлөрүн жана сыноолорду жүргүзүүдө коопсуздук талаптары конкреттүү шарттарды эске алуу менен эмгекти коргоо боюнча ченемдик актылар менен белгиленүүгө жана белгиленген тартипте бекитилүүгө тийиш.
40. Электр агынга урунуп албаш үчүн, үзүлгөн илинип турган зымдарга тийгенге болбойт же бут менен басып албаш керек.
41. Өрткө каршы шаймандар менен калкандарга жана өрт крандарына киргенге жолдорду тосууга, ошондой эле өрткө каршы шаймандарды туура эмес колдонууга жол берилбейт.
42. Сыноо жана өлчөө жүргүзүүдө объекттин кайсы жеринде болбосун өрт чыккан учурда кызматкерлердин коопсуздугу камсыз кылынууга тийиш.
43. Жумуштарды жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн монотондуулукту, гиподинамиканы, ашыкча физикалык жана нервдик-психикалык ашыкча жүктөмдөрдү болтурбоо максатында эмгектин жана эс алуунун рационалдуу иш тарибин колдонуу каралышы керек.
Бөлүм 2. Ишти баштоонун алдындагы коопсуздук талаптары
§ 4. Сыноолорду жана өлчөөлөрдү уюштурууга жана
даярдоого коюлуучу талаптар
44. Өлчөө жана сыноолорду жүргүзүү программалардын жана ыкмалардын, даярдоочу уюмдардын техникалык шарттары же продукцияга карата стандарттар боюнча жүргүзүлүшү керек.
Жаңыдан пайдаланууга берилүүчү электр жабдууларына же электр орнотмолорго жүргүзүлүүчү өлчөөлөр жана сыноолор колдонууда турган электр орнотмолорду орнотуу эрежелеринде (ЭООЭ) көрсөтүлгөн ченемдерге, жабдууну чыгарган уюмдардын талаптарына жана стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Ал эми иштеп жаткан электр орнотмолордо жана электр жабдууларына өлчөөлөр жана сыноолор алардын иштетип пайдалануу ченемдери жана эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык көлөмдө жүргүзүшщлөт.
Сыноочу орнотмолор (электр техникалык лабораториялар) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө, берүүгө, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө байкоо жүргүзүү жана көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмунда катталууга тийиш.
45. Иштеп жаткан электр орнотмолорунда өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүүгө уруксат азыркы колдонуудагы эрежелерге ылайык таризделиши керек.
Программалар жана ыкмалар боюнча СС жүргүзүлүүчү өлчөөлөр жана сыноолор кандайдыр бир буйрукту тариздебестен, алардан тышкары-өлчөөлөрдүн же сыноолордун жетекчисинин буйрутмасы боюнча жүргүзүлөт. Буйрутма атайын журналга жазылат.
46. 1000 В дан жогору чыңалуудагы иштеп жаткан электр орнотмолорундагы болгон сыноолор жана өлчөөлөр иштаккагаздын негизинде жүргүзүлөт.Электр кыймылдаткычтарын жана чыңалуусу 1000 В жогору болгон өзүнчө турган ар кандай жабдууларды сыноо жана өлчөө, алардан агын өткөрүүчү бөлүктөр ажыратылган (азыктандыруучу кабелдер, шиналар) жана жерге туташтырылган, булар буйрутма боюнча аткарылышы мүмкүн.
47. Өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүүгө иштаккагаздар же буйрутма боюнча уруксат берүү сыналуучу же ченелүүчү жабдууларда иштеген башка бригадаларды жумуш орундарынан чыгарып салгандан жана алар иштаккагаздарды тапшыргандан кийин же буйрутма боюнча иштин аяктагандыгы жөнүндө билдиргенден кийин гана жүргүзүлөт.
48. Сыноолорду же өлчөөлөрдү жүргүзүүчү бригадалардын курамына даярдык иштерин аткаруу, сыналып жаткан жабдууларды кайтаруу, ошондой эле өтмөктөрдү, кабелдин жиптерин, зымдарды ажыратуу жана туташтыруу үчүн электр коопсуздугу боюнча II тобу техникалык тейлөөдөн төмөн болбогон оңдоочу ишкерсандын ичинен жумушчулар киргизилиши мүмкүн. Бригаданын курамына кирген оңдоочу ишкерсан сыноо же өлчөө башталганга чейин жумуштун өндүрүүчүсү тарабынан сыноо же өлчөө учурунда коопсуздук чаралары жөнүндө насааттама берилиши керек.
Сыноолорду жана (же) өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн жабдууларды монтаждоону же оңдоону жүзөгө ашыруучу бригаданын курамына жөндөөчү уюмдардын же электр лабораторияларынын кызматкерлеринин ичинен кызматкерлер киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда сыноолорду жана (же) өлчөөлөрдү жумуштарды аткаруучу жетектейт же анын көрсөтмөсү боюнча электр лабораториясынын же жөнгө салуучу уюмдун ишкерсандын ичинен электр коопсуздугу боюнча IV тобу менен улук кызматкер жетектейт.
49. Объектти жана өлчөө каражаттарын сыноолорго же өлчөөлөргө даярдоо аларда чыңалуу жана калдык заряд жок болгон учурда жүргүзүлүшү керек.
Жумушчу чыңалуу жана калдык заряд башка объекттерден (сыноо жана өлчөө объекттеринин башка бөлүктөрүнөн) алынып салынууга тийиш, эгерде аларга тийүү же жакындоо мүмкүн болсо, бул объекттер сыноолорду даярдоо жана өткөрүү убагында тосулууга тийиш.
50. Сыноочу жана (же) өлчөөчү чынжырларды чогултуу жана ажыратуу иштери, сыноо жана (же) өлчөө объектисинде же анын айрым бөлүгүдө, ошондой эле өлчөө жана (же) сыноо шаймандарында чыңалуу жана калдык заряд жок учурда жүргүзүлүүгө тийиш.
51. Жабдуунун сыноо (өлчөө) чынжырын чогултууну сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзгөн бригаданын ишкерсаны жүргүзөт. Мында сыноочу же өлчөөчү орнотмону коргоочу жана иштөөчү жерге туташтыруу жана зарыл болгон учурда сыналуучу жабдуунун корпусун коргоочу жерге туташтыруу жүргүзүлүшү керек. Сыноочу же өлчөөчү түзүлүштү 380/220 вольттук тармакка туташтырууда, агрегаттын жогорку чыңалуудагы чыгышына жерге туташтыруу орнотулушу керек. Жездин жерге туташтыруучу өткөргүчүнүн кесилиши 4кв. мм кем болбошу керек.
Көчмө сыноочу түзүлүштүн корпусу 10 кВ.мм кем эмес ийкемдүү Жез зымдан жасалган өзүнчө жерге туташтыруучу өткөргүч менен жерге туташтырылышы керек. Сыноолорду жүргүзүү алдында корпустун бекем жердетилгенин текшерүү керек.
52. Электр орнотмодо коюлган жана сыноолорду же ченөөлөрдү жүргүзүүгө тоскоол болгон жердеткичтерди алып салууда, жана аларды кайра коюу сыноолордун же ченөөлөрдүн жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча гана коюш керек.
53. Сыналып жаткан жабдуулар менен сыноо орнотмосунунун ортосундагы туташтыруучу зым биринчи кезекте анын жерге туташтырылган жогорку чыңалуудагы чыгышына туташтырылышы керек. Бул зымды агын өткөрүүчү чыңалуу астындагы бөлүктөргө 1- тизмекте көрсөтүлгөн маанисинен аз аралыкта жакындап(чабышып) кетүүсүнө жол берилбегендей кылып бекитилиши керек.
Туташтыруучу зымды сыналып жаткан жабдуунун фазасына, уюлуна же кабелдин өзөгүнө туташтырууга жана ажыратууга сыноо жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча жана аларды жерге туташтыргандан кийин гана уруксат берилет, ал жерге туташтыруучу бычактарды кошуу же көтөрүп жүрмө жердеткичтерди орноткондон кийин аткарылышы керек.
54. Сыноо же өлчөө жүрүп жаткан жер тосулушу керек. Сыноолорду же өлчөөлөрдү жүргүзгөн тайпанын кызматкерлери тарабынан тосмолор коюлат. Тосмо катары калканчтар, коргоочу тосмолор, "Сыноо" Өмүргө коркунуч плакаттары илинген аркандар колдонулушу мүмкүн.
Сыноо (өлчөө) объектиси жана сыноо (өлчөө) орнотмосу ар кандай жайларда же жерлерде (участоктордо) болгон учурда тосмолор менен катар тосмолордон тышкары жайгаштырылган Электр коопсуздугу боюнча тобу менен сыноо (өлчөө) жүргүзүүчү ишкерсандын курамынан бир же бир нече насаатамадан өткөн кызматкерлердин күзөтү коюлат.Ишкерсандын электркоопсуздугу боюнча тобу II ден кем болбошу керек. Бул кызматкерлер сыноолор (өлчөөлөр) боюнча иштин жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча гана жумуш ордунан кете алышат.
55. Каптамалык материалдардан жасалган убактылуу тосмолор менен сыноо объектиси болбогон колдонуудагы электр түзүлүштөрүнүн агын өткөрүүчү бөлүктөрүнүн ортосундагы аралык жумушчу чыңалуунун ченемдик маанисинде төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн кем болбоого тийиш:
1ден 10 кВга чейин -0,35 м;
10дон жогору 35 кВ чейин - 1 м;
35тен жогору 110 кВга чейин-1,5 м;
110 кВ жогору - 2 ;
220 кВдан жогору-2,5 м.
56. Сыноо (өлчөө) чынжырларынын же сыноо (ченөө) объекттеринин абалын байкоо үчүн алар ар башка жайларда же жерлерде (бөлүктөрдө) болгондо зарыл болгон учурда сыноо (ченөө) боюнча иштин жетекчисинен же ишти алып баруучудан бөлөк жайда электр коопсуздугу боюнча тобу III төн төмөн болбогон тайпанын курамындагы бир кызматкерге иштин шарты боюнча калууга уруксат берилет. Кызматкер иштин жетекчисинен (ишти алып баруучу) керектүү насаатама алууга тийиш.
57. Тосмолордо, ошондой эле сыноо (өлчөө) объекттеринин бөлүктөрү жайгашкан жерлерде түшүндүрүүчү жазуулары бар коопсуздук белгилери (плакаттар) илиниши керек. Коопсуздук белгилерин жана тосмолорду сыноо (өлчөө) жүктөмүн жана калдык зарядын алып салгандан кийин гана алып салуу керек.
58. Сыноолор же өлчөөлөр үчүн алет же орнотмо менен иштөөнү баштоодон мурун, коопсуздук жагынан маркировканы изилдеп чыгуу керек:
- сыноо (өлчөө) чыңалуусунун мааниси;
- агындын түрү;
- фазанын саны;
- тармактын жыштыгынын ченемдик мааниси (тармактан кубатталган учурда);
- тийүү коркунучу (символ);
- жерге туташтыруучу кыскыч ж. б.
§ 5. Өндүрүштүк жайларга коюлган талаптар
59. Сыноолор жана өлчөөлөр үчүн арналган жайлар санитардык ченемдердин жана өрт коопсуздугунун талаптарын канааттандырып, өрт жана бүлүнүү болгон учурда ишкерсандарды эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
60. Өндүрүштүк жайларда жарык берүү кем болбоого тийиш:
- өлчөө (сыноо) каражаттарынын шкаласы - 150 лк;
- өлчөө (сыноо) каражаттарынын коммутациялык аппараттары -100 лк;
- өлчөө (сыноо) объекттери - 50 лк.
61. Сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүү үчүн жайларда төмөнкүлөр болушу керек:
- арыктар (эгерде сыноолор аккан сууну колдонуу менен жүргүзүлсө);
- май соргучтар (эгер май толтурулган жабдуулар текшерилсе);
- бүлүнүүлүк жарыктандыруу же автономдуу кубаттуулуктагы көчмө чырактар;
- өрт өчүрүү каражаттары;
- жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн каражаттар.
§ 6. Өндүрүштүк имаратттардан тышкары шарттарда аткарылуучу
процесстер үчүн өндүрүштүк аянттарга коюлуучу талаптар
62. Өндүрүштүк имараттардан тышкары электр өлчөө жана сыноо иштери аткарылган жумушчу, монтаждык ж.б. аянтчалар колдонуудагы курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына, мамлекеттик көзөмөлдөө уюмдары бекиткен эрежелер менен ченемдерге, технологиялык долбоорлоо ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
63. Эгерде жогоруда айтылган факторлордун таасири сыноо программасында каралса, жаан-чачын же туман болгондо имараттан тышкары жерде сыноолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзүүгө жол берилет.
§ 7. Баштапкы материалдарга, даярдалган материалдарга жана
жарым фабрикаттарга коюлуучу талаптар
64. Электрдик өлчөө жана сыноо учурунда жаңы баштапкы материалдарды пайдаланууда, ошондой эле коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорго ээ орто аралык заттар пайда болгондо кызматкерлер коопсуз жүрүм-турум эрежелери жөнүндө алдын ала маалымдалышы, бул шарттарда иштөөгө үйрөтүлүшү жана тийиштүү коргонуу каражаттары менен камсыз болушу керек.
§ 8. Өндүрүштүк жабдууларга коюлган талаптар
(сыноо жана өлчөө каражаттары менен)
65. Электр орнотмолорунун көзөмөлдөө тутумдары, техникалык өлчөө жана электр энергиясын эсепке алуу каражаттары менен жабдылышы ченемдик актылардын талаптарына ылайык келүүгө жана жабдуулардын техникалык абалына көзөмөлдү камсыз кылууга тийиш.
66. Жумушта колдонулуучу алеттер, аспаптар, шаймандар колдонуудагы чендөөлөргө жана мөөнөттөргө ылайык текшерүүдөн өтүүгө жана сыноодон өтүүгө тийиш.
67. Сыноо жана өлчөө каражаттарынын адам колу тийиши мүмкүнболгон агын өткөрбөгөн темир бөлүктөрү сыноо мезгилинде жерге туташтырылууга тийиш, ал мүмкүн болбосо – тосулушу керек.
68. Электр дүрмөтүн сактоого жөндөмдүү же дүрмөтөөчү элементтери бар буюмдарды сыноо жана өлчөө үчүн арналган сыноо стенддери дүрмөтсүздөндүрүүчү түзүлмөлөрү менен жабдылышы керек.
69. Каптаманын электрдик бекемдигин сыноо (өлчөө) үчүн арналган сыноо (өлчөө) стенддеринде, анын каптамасын бузганда сыноо объектисинен дүрмөттү автоматтык түрдө алып салуу жана сыноо чынжырында кыска туташуу аганынын чектөө (зарыл болгондо) үчүн түзүлмө болушу керек.
Сыноо (өлчөө) объектисинде индуктияланган чыңалуу менен каптаманын электрдик бекемдигин сыноо (өлчөө) учурунда, каптама тешилген учурда андан чыңалууну кол менен алып салууга уруксат берилет.
70. Сыноо стендин (СС) блокировкасы мындай жол менен уюштурулушу керек: эшик ачылган учурда сыноо (өлчөө) жүктөмүнүн булагынан (кошуу пункттарынан) жана сыноо (өлчөө) объектисинен чыңалуу толук алынуусу керек, ал эми эшиктер ачык болгондо сыноо (өлчөө) жүктөмүн берүү булагына (кошуу пунктуна) жана сыноо (өлчөө) объектисине чыңалуу берүү мүмкүн болбогондой жайгаштырылышы керек.
71. Сыноо, өлчөө чынжырларын чогултуу үчүн арналган зымдар түзмөлөрдөгү белгилерге ылайык маркировка жана атайын учтук менен жабдылышы керек.
Учтары жана маркировкасы жок туташтыргыч зымдарды сыноо (өлчөө) жүктөмүнүн булагынын чыгуучу учтарынан же сыноо объектисинин туташуу пунктарынан колдонууга жол берилет.
72. Ар кандай чыңалуудагы зымдарды биргелешип өткөрүүдө ар биринин каптамасы чыңалуунун эң чоңу боюнча тандалышы керек. Эгерде каптаманы мындай тандоо максатка ылайыксыз болсо, анда зымдарды чыңалуу маанилеринин ар бири үчүн өзүнчө топтор түрүндө орнотуу керек.
73. Электр алеттеринин абадагы электр боштугунун жана агып чыгуу жолунун узундугунун маанилери ошол алеттердин стандарттарында же техникалык шарттарында белгиленген маанилерге дал келиши керек.
74. Өлчөөнү (сыноону) баштоонун алдында жерге туташтыруучу кыскычтын оң жана жарактуу экенине ынануу керек (коррозия, оксиддик катмар, лак же боек катмары жок болуш керек).
75. Жерге туташтыруу үчүн болт (бурама, шпилька) менен электр байланыштрын кошууга болбойт:
- жерге туташтырылуучу жана жерге туташтырылган темир конструкцияларга орнотулган төмөнкү вольттуу комплект түзүлүштөрдүн алеттери, аппараттары, бөлүктөрү, эгерде алардын таяныч беттеринде электр тийимин камсыз кылуу үчүн тазаланган жана боелбогон, коррозиядан корголгон жерлер каралган болсо;
- алеттер, эгерде болттуу бириктирүүлөр жерге туташтыруу үчүн элементтерге карата электр каршылыгынын 0,10 Омдон ашпаган чоңдугу менен агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн электр байланышына кепилдик берсе;
- алеттерди бекитүү элементтери;
- электр өлчөөчү алеттердин корпустары, алеттердин алынуучу жана ачылуучу бөлүктөрү.
76. Алетти жерге туташтыруу үчүн колдонулган болт (бурама, шпилька) менен анын жерге туташтырыла турган темир бөлүгүнүн ортосунда өлчөнгөн электр каршылыгы 0,10 Омдон ашпашы керек. Жерге туташтыруу үчүн ийкемдүү зымдар, жылма контакттар же өткөргүч каптамасы бар корголгон илмек формасындагы туташтыргычтар колдонулат.
77. Бурамаларды бекемдөөдө же буроодо бекитилген капталбаган зымдар башка жака жылдырылбашы же кыскычтардын бекитилиши бош болбошу керек.
Бураманы бекемдегенде зымдын капталбаган бөлүктөрү кыскычтын астынан чыгып кетпеши керек.
78. Стационардык орнотулган алеттерге позициялык белгилер аткарылууга тийиш. Белгилөөлөр жана жазуулар алардын сакталышын камсыздоочу ыкмада аткарылууга тийиш. Позициялык белгилер монтаждоо жагындагы алеттердин жанында жайгаштырылышы керек.
79. Электр өлчөөлөрдүн (сыноолордун) бардык каражаттары ЭООЭ талаптарына жана бул каражаттарга даярдоочу заводдордун нускамаларына жооп берген шарттарда иштетип пайдаланууга тийиш.
Электр энергиясын эсептөө каражаттары-15тен +25 градуска чейинки температурада ишенимдүү иштеши керек.
Ушул талаптарга жооп бербеген эсептөө каражаттары үчүн, ошондой эле температура кыйла төмөн болгон учурда аларды жылытуу каралышы керек.
80. Узак жүктөөдө же ашыкча жүктөөдө алеттин жеткиликтүү бөлүктөрү тейлөөчү ишкерсандын колу тийгенде коркунуч туудурган температурага чейин ысытылбашы керек.
Бул бөлүктөрдүн температурасы айлана-чөйрөнүн температурасынан ашпоого тийиш: темир бөлүктөрү үчүн - 25 °C , башка материалдардан жасалган бөлүктөр үчүн - 35 °C .
81. Өлчөөчү алеттер (сыноо каражаттары) узак жүктөм же ашыкча жүктөө шарттарында иштегенде алар менен иштөөнүн коопсуздугун бузган деформациялар болбошу керек.
82. Сыноолорду же өлчөөлөрдү жүргүзүүдө жүк көтөрүүчү каражаттарды колдонуу зарыл болгон учурда жүк көтөрүүчү каражаттарды туташтыруу үчүн орун жана көтөрүлүүчү масса белгиленүүгө тийиш. Көтөргүч каражаттарды туташтыруучу жерлер жабдуунун оордук борборун (анын бөлүгүн) эске алуу менен көтөрүүдө жана жылдырууда жабдуулардын бузулуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргыдай жана аларга ыңгайлуу мамиле кылууну камсыз кылгыдай кылып тандалышы керек.
83. Сыноодо (өлчөөдө) өтүп жатканда бузулуп калып жана иштеп жаткандар үчүн коркунучтун булагы болуп калышы мүмкүн, ошон үчүн сыноо (өлчөө) каражаттары жана объекттер каптоолорго жайгаштырылышы керек.
84. Электр энергиясын өзгөрткөн жарым өткөргүч өзгөрткүчтөрдүн түзүлүшү, чыңалуу бар же жок экенин чыңалуу көрсөткүчү менен коопсуз текшерүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек.Өзгөрткүч шкафтарынын эшиктери, өзгөрткүч иштеп жатканда эшиктерди ачууга жана эшиктер ачык болгондо өзгөрткүчтү иштетүүгө тоскоол болгон блокировкалар менен жабдылышы зарыл.Техникалык жактан негизделген учурларда атайын ачкыч менен ачылуучу ички кыскычтарды колдонууга жол берилет.
Өзгөрткүч шкафынын эшигине "Сак болуңуз! Электр чыңалуусу" деген коопсуздук белгиси бар табличка илиниши керек.
85. Май трансформаторлорунда май чачыраган аймак иштетип пайдалануу учурунда тейлөөнү талап кылган алеттер жайгашкан жерлерди камтыбашы керек.
86. Турбогенераторлордун, гидрогенераторлордун, синхрондуу компенсаторлордун муунак жаздыктарынын каптамасынын электр каршылыгын өлчөөдө (сыноодо) 1000 В чыңалуудагы мегаомметрди туташтыруу атайын конструкциялык элементтерге жүргүзүлүшү керек.
87. Жабдуулардын, өлчөө (сыноо) шаймандарынын конструкциялык элементтери кескин бурчтарга, четтерге, кырларга жана жумушчулардын жаракат алышына себеп болуучу тегиз эмес беттери болбошу керек, эгерде мындай өзгөчөлүктөр бул элементтердин функционалдык багыты менен аныкталбаса.
88. Жабдуулар жана өлчөө (сыноо) каражаттары иштеп жаткан кызматкерлерге зыяндуу нурлануулардын таасирин жокко чыгаруу же коопсуз деңгээлде чектөө шарттарын камсыз кыла тургандай жасалышы керек.
Лазердик шаймандарды колдонууда байкабастыктан нурланууну болтурбаш үчүн, лазердик шаймандарды жумушчулардын ден-соолугуна коркунуч келтирбөө үчүн калкалоо керек.
89. Өлчөө каражаттары (сыноо) жана жабдуулар статикалык электр энергиясынын дүрмөттөрүнүн жол берилген деңгээлден ашып топтолуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарып жана өрт жана жарылуу мүмкүндүгү болбогондой аткарылышы керек.
90. Сыноо же өлчөө жана электр энергиясын эсептөө каражаттарын мезгил-мезгили менен текшерүү жана профилактикалык тейлөө, алардын абалын көзөмөлдөө, текшерүү, оңдоо жана сыноо ар бир уюмда уюштурулуп, мамлекеттик стандарттарга ылайык метрологиялык кызмат тарабынан жүргүзүлүшү керек.
§ 9. Өндүрүштүк жабдууларды жайгаштырууга жана жумушчу
орундарды уюштурууга коюлуучу талаптар
91. Стационардык электр сыноо (өлчөө) каражаттарын жана электр энергиясын эсептегичтерди орнотуу жана жайгаштыруу ЭООЭ талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
92. Чыңалуусу 1000 В чейин жана 1000 В жогору турган бөлүктөрү бар көчмө ӨС (өлчөөчү стенд) ар кандай имараттарда же ӨСдин бөлүкчөлөрүндө болууга тийиш. Бөлмөлөр же бөлүкчөлөр блокировкасы же сигнализациясы бар эшик менен бөлүнүшү керек.
93. Сыноо (өлчөө) объекти ӨСдин башкаруу пультунан түздөн-түз көрүнүп турушу керек.
Болбосо, пультта иштеген ишкерсан менен сыноо (өлчөө) объектисинин ортосунда телефон байланышы же үн сигнализациясы орнотулушу керек.
94. Көчмө ИМди тейлөөчү ишкерсандын жумуш орундарында, эгерде аларда жайлар(бөлүктөр) болсо, анда сыноо (өлчөө) каражаттарынын бөлүктөрү орнотулган жайда (бөлүктө) 1000 В чейин чыңалуу тартылган жабдуу орнотулушу керек.
95. ӨСден тышкары сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүүдө сыноо (ченөө) объекттеринин жана каражаттарынын айланасына туруктуу тосмолор жок болгон учурда убактылуу тосмолорду жана жерге туташтыргычтарды орнотуу керек. Эгерде сыноолордун (өлчөөлөрдүн) программасы же ыкмасы, стенддерди пайдалануу боюнча нускама же эмгекти коргоо боюнча нускама сыноо (ченөө) жүктөмүн бергенден кийин сыноо (өлчөө) талаасында ишкерсандын болушу каралган учурларда ӨСди сыноодо (өлчөөдө) убактылуу тосмолорду орнотуу зарыл.
96. Эгенде ӨСде бир нече туташуу пункттары болсо, анда бардык пункттарынан чыңалууну алып салуу бир башкаруу пультунан башкарылуучу коммутациялык өчүрүүчү аппараттар аркылуу камсыздалууга тийиш.
97. Стационардык ӨСде эки аппараттын тең ажыратылган абалын көрсөткөн жарык сигнализациясы болгондо, көзгө көрүнгөн ажырымы жок катар-катар иштетилген эки коммутациялык аппаратты колдонууга жол берилет.
Сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүү убагында стенддин азыктандыруу чынжырындагы коммутациялык аппарат сыноолорду (өлчөөлөрдү) башкаруу ордунда жайгаштырылышы керек.
98. ӨСдин азыктандыруу чынжырында же туташтыруу пунктунун чынжырында көзгө көрүнгөн ажырымы бар аппарат болушу керек.
99. Зарыл болсо, зымдарды алар колдонулган чынжырлардын функционалдык максаты боюнча айырмалоо жана каптаманын ар кандай түстөрүн колдонуу керек:
- кызыл (кызгылт сары, кызгылт) - өзгөрмө агынды өлчөөчү зымдар үчүн;
- көк (кызгылт көк) - туруктуу агынды өлчөөчү зымдар үчүн;
-жашыл - сары эки түрдүү (жашыл) – жерге туташтыруу чынжырларындагы зымдар жана өтмөктөр үчүн;
- көк (боз, ак) - нөл жана нейтралдуу зымдарга туташтырылган жана жерге туташтырылбаган зымдар жана шиналар үчүн.
Кашаанын сыртында көрсөтүлгөн түстөр колдонууга ылайык.
100. Зымдар жана өтмөктөр алеттерге жана алардын кыскычтарына оңой жетүү үчүн өткөрүлүшү керек. Алардын коюлушу панелдердин жана блоктордун алдыңкы же арткы бетинен жасалышы мүмкүн.
101. Кабелдердин тамырча тарамынын каптамалоосу айырмалануучу түстө же санариптик белгилер менен белгилениши керек. Жердетилген тамырча тарамынын каптамалоосу башка тамырчатарамдардан түсү боюнча айырмаланышы керек.
102. Объекттерден жабдууларга электрдик чабышууга жол бербөө үчүн объекттерди жана сыноо (өлчөө) каражаттарын тосуу керек. Тосмолордун ордуна сигнализацияны колдонууга жол берилет.
103. Сыноо (өлчөө) талаалардын темир тосмолору жердетилиши керек.
104. Туруктуу тосмолордун бийиктиги 1,7 метрден кем болбошу керек. Туруктуу тосмолордогу эшиктер сыртка ачылып же жылып турушу керек.
Эшиктин кулпулары өзүн-өзү кулпулап, ичинен ачкычсыз (туткасы жок) ачылышы керек. Эшиктин жанына сыноо (өлчөө) талаасында чыңалуу бар экендигин көрсөткөн жарык таблосу орнотулат.
105. Катуу калкан, экран ж. б. түрүндө жасалган убактылуу тосмолордун бийиктиги 1,8 метрден кем болбоого тийиш.
106. Сыноо (өлчөө) каражаттарынын агын өткөрүүчү бөлүктөрүнөн жана объекттеринен каптамалоо материалдардан жасалган тыгыз катуу калкан түрүндө жасалган убактылуу тосмолорго чейинки аралык, ошондой эле каптамалоо материалдардан жасалган дубалдар 55-пунктта келтирилгендерден эки эсе көп болушу керек.
Убактылуу тосмо катары каптамалоо материалдан жасалган аркандарды (ленталарды) пайдаланууда жогоруда көрсөтүлгөн аралыктар мурунку пунктта келтирилгендерден үч эсе көп, бирок 1 метрден кем болбошу керек.
Көрсөтүлгөн талаптар сыноо (өлчөө) объектиси болбогон жана сыноо учурунда жумушчу чыңалуу астында турган колдонуудагы электр түзүлүштөрүнүн агын өткөрүүчү бөлүктөрүнүн убактылуу тосмолоруна жайылтылбайт.
107. Сыноо (өлчөө) жүктөмүнүн булагын сыноо (өлчөө) объектиси менен туташтыруучу зым жумушчу чыңалуудагы агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындоо мүмкүнчүлүгү болбогондой бекитилиши керек. Мындай аралыктар иштөө чыңалуусунун ченемдик чоңдуктун маанисинен төмөндө көрсөтүлгөндөн кем болбошу керек:
- 1ден 10 кВга кошо алганда-0,7 м;
- 10дон жогору 35 кВга кошо алганда-1,0 м;
- 35тенжогору 110 кВга кошо алганда-1,5 м;
- 110 кВ жогору - 2,0 м;
- 220 кВдан жогору-2,5 м.
108. Объекттердин жана сыноо (өлчөө) каражаттарынын агын өткөрүүчү бөлүктөрүнөн туруктуу жерге туташтырылган тосмолорго жана башка жерге туташтырылган элементтерге чейинки аралыктар төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн кем болбоого тийиш:
1) сыноо чыңалууларында (импульстун максималдуу мааниси):
- 1ден 110 кВга чейин-0,50 м;
- 110дон жогору 220 кВ чейин - 0,75 м;
- 220дан жогору 500 кВ чейин -1,00 м;
2) өнөр жай жыштыгынын (таасир этүүчү мааниси) жана туруктуу агындын сыноо чыңалуусунда:
- 1ден 6 кВга чейин-0,17 м;
- 6дан жогоу 10 кВга чейин-0,23 м;
- 10дон жогору 35 кВга чейин - 0,30 м;
- 35тен жогору 110 кВга чейин - 0,50 м;
- 110дон жогору 220 кВ чейин -1,50 м;
- 220дан жогору 500 кВ чейин -2,50 м;
109. Жумуш ордун уюштурууда кызматкердин (ошондой эле бөтөн адамдардын) коопсуз жүрүүсү, шашылыш учурларда аларды тез арада эвакуациялоо, ошондой эле жумуш ордуна эң кыска жол камсыз кылынууга тийиш.
Жумуш орундары эмгек операцияларын эркин жана коопсуз аткаруу үчүн зарыл болгон талаптарды эске алуу менен, пайдаланылуучу алеттердин, аспаптардын жана шаймандардын өлчөмдөрүн эске алуу менен түзүлүүгө тийиш.
Электр жабдууларын сыноону жүзөгө ашыруучу ишкерсандын жумуш орундары белгиленген тартипте автоматтык өрт сигнализациясы менен жабдылышы керек.
110. Жумуш ордунун өлчөмдөрү жана анын элементтеринин жайгашуусу жумуш операцияларын ыңгайлуу абалда аткарууга жана иштегендердин кыймылына тоскоол болбоого тийиш.
Эгерде жумуш ордун жайгаштыруу жумушчунун полдун деңгээлинен жогору болушунун жана (же) болушунун зарылдыгын пайда кылса, өлчөмү жана конструкциясы иштегендердин кулап кетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоочу жана эмгек операцияларын ыңгайлуу жана коопсуз аткарууну камсыз кылуучу аянтчалар, тепкичтер, перилдер жана башка түзүлүштөр каралууга тийиш.
111. Сыноо (өлчөө) каражаттарынын айрым бөлүктөрүн адамдар өтүүчү жерлердин үстүнө жайгаштыруу зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн бөлүктөрдүн ылдый жагында 2,5 метрден кем эмес бийиктикте жайгашкан туруктуу тосмолору болууга тийиш.
ӨСден тышкары сыноолордо (өлчөөлөрдө) мындай тосмолор убактылуу болушу мүмкүн.
112. Столго, станокко, машинага ыңгайлуу, жакын жакындоону камсыз кылуу үчүн тереңдиги 150 мм, бийиктиги 150 мм жана туурасы 530 мм кем эмес өлчөмдөгү жумушчулардын аялдамаларын жайгаштыруу үчүн орун берилиши керек.
113. Бүлүнүүнү башкаруу элементтери жумушчулар жете турган жерде жайгашышы керек. Аларды кокустан же өз алдынча ишке кирүүсүн алдын алуу жана таануу үчүн атайын каражаттары камсыздоо талап кылынат.
114. Ар бир өлчөөчү алеттин шкаласы полдун деңгээлинен жогору болушу керек:
- туруп иштеп жатканда - 1000ден 1800 ммге чейин;
-отуруп иштеп жатканда -700дөн 1400 ммге чейин.
115. Жумуш ордунда туруп иштегенде иштеп жаткан адамдын денесинин корпусунун түз жана эркин абалы же анын 15 ст.ашпаган алдыга эңкейиши камсыз кылынышы керек. Жумушчунун оптималдуу абалын камсыз кылуу төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- жумушчу бетинин бийиктигин жөнгө салуу;
- жумушчу бетинин бийиктиги жөнгө салынбаган учурда бут таянгычтар менен.
116. Иш орунунда отуруп иштеген учурда кызматкердин антропологиялык көрсөткүчтөрү эске алынышы керек жана, дененин оптималдуу абалы камсыздалышы зарыл, бул жөнгө салуу аркылуу жетишилет:
- жумушчу бетинин бийиктиги, отургучтун жана бут коюучу жердин бийиктиги;
- отургучтун жана бут коючу тактанын бийиктиги.
Жумушчу бетинин жана бут коючу тактанын бийиктигин жөнгө салуу мүмкүн болбогондо, жумушчунун денесинин оптималдуу абалын камсыз кылуучу жумуш ордунун жөнгө салынбаган параметрлери менен жабдууларды долбоорлоого жана даярдоого жол берилет.
117. Алеттердин шаймандардын жана түзүлүштөрдүн жайгашуусу камсыздашы керек:
- ыңгайлуулук жана тейлөө коопсуздугу;
- байкоо жүргүзүүнүн ыңгайлуулугу;
- орнотуунун ыңгайлуулугу, ошондой эле тышкы байланыштарды туташтыруу;
- өз ара таасир этүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу (электр жаасынын которулуусу; жалган иштөөнү пайда кылган механикалык силкинүүлөрдүн берилиши жана алеттердин жөнгө салынбашы; өз ара индуктивдүүлүк ж. б.);
- контакттык туташууларга жетүү мүмкүнчүлүгү;
- эскирген бөлүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу ыңгайлуулугу.
118. Эки кол менен иштегенде башкаруу органдары колдордун кайчылашпай иштешин камсыз кылгандай жайгаштырылууга тийиш.
119. Маалымат көрсөткөн каражаттарынын жайгашкан жеринин орточо бийиктиги төмөнкү маанилерге дал келиши керек:
- аялдар үчүн - 1320 мм;
- эркектер үчүн - 1410 мм;
- аялдар жана эркектер үчүн - 1365 мм.
120. Ишти аткарууга даярданып жатканда:
- көп учурда (1 мүн. эки же андан көп операция) колдонулган, так жана тез окууну талап кылган маалыматты чагылдыруу каражаттары тик тегиздикте кадимки көз сызыгынан +/- 15° бурч менен жана горизонталдык тегиздикте сагитталдык тегиздиктен +/- 15° бурч менен жайгаштырылышы керек;
- көп учурда (1 мүн. экиден аз операция) көрсөткүчтөрдү анча так эмес жана тез окууну талап кылган маалыматты чагылдыруунун пайдаланылуучу каражаттарын тик тегиздикте кадимки көз сызыгынан + / - 30° ка бурч менен жана горизонталдык тегиздикте сагитталдык тегиздиктен + / -30° ка бурч менен жайгаштырууга жол берилет;
- сейрек колдонулуучу (1 саатта экиден ашык эмес операция) маалыматты чагылдыруу каражаттарын тик тегиздикте кадимки көз сызыгынан +/- 60° чарчы бурчта жана горизонталдык тегиздикте сагитталдык тегиздиктен +/- 60° чарчы бурчта (көз кыймылдаганда жана башты бурганда) жайгаштырууга жол берилет.
Көрсөткүч индикаторлор үчүн кадимки көз сызыгынан 25° белгиден ашпаган четтөө бурчуна жол берилет.
121. Сыноо (өлчөө) стенддери сыноо (өлчөө) чынжырларынын түзмөктөрү менен жабдылышы керек.
122. Чыңалуусу 380/220 В болгон тармактарга кошулуучу электр берүү чынжырларынын электр түзмөктөрүндө сактагычтар же автоматтык өчүргүчтөр орнотулушу керек.
123. Жумуштарды жүргүзүүнүн коопсуздугу максатында электр берүү булактарынын фазаларын (уюлдарын) белгилебестен коммутациялык аппараттарды колдонууга жол берилбейт.
124. Сыноочу (өлчөөчү) стенддерде(СС) үн сигналын берүүчү түзүлүш болушу керек.
Эгерде сыноолорду (өлчөөлөрдү) башкаруу жеринен берилген үн (жаңсоо) сигналы сыноого (өлчөөлөргө) катышкан ишкерсандын жумуш орундарында угулса (көрүнүп турса), үн сигналы жок иштөөгө жол берилет.
125. ССдин энергия берүү чынжырындагы жарык сигнализациясы эки удаалаш коммутациялык аппараттар күйгүзүлгөндө көзгө көрүнөрлүк ажырымы жок (жарык сигнализациясы болгондо) кызыл, ал эми өчүрүлгөндө - жашыл түстөгү лампалар күйүп тургандай кылып аткарылышы керек.
126. Сынак жүргүзүүдө байланышсыз көчмө өлчөө каражаттары колдонулганда, сыноо объектисинин электр агынын өткөрүүчү бөлүктөрү менен чыңалуу алдында турган башка объектердин жана жердин (жерге туташтырылган конструкциялар) ортосундагы аралык электрдик тешилүүнүн мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга тийиш.
127. Ачылма бөлүктөргө орнотулуучу алеттердин кыймылсыз бөлүктөргө орнотулуучу алеттер менен туташтуруу ийилүүчү зымдар менен аткарылууга тийиш.
128. Алеттердин ийкемдүү шнурларын кошуу жерлеринде бекитүүдө алардын чоюлуусун жана буралышын жокко чыгаруу керек.
129. Жыйнакталган трансформатордук көмөкчордондордун (ЖТК) шкафтарында ченөө жана сигнализация алеттери фасад жагында жайгашышы керек. Трансформаторго жана шкафтарга орнотулуучу алеттер ЖТКдун фасаддык тарабынан алардын көрсөткүчтөрүнө байкоо жүргүзүлө тургандай жайгаштырылууга тийиш.
130. ЖТКдо колдонулуучу алеттер алардын кадимкидей иштөө шарттарынан улам пайда болгон күч-аракеттер, жылытуу, электр жаасы же учкундар жана аппараттан чыккан газдар же майлар тейлөөчү ишкерсанга зыян келтирбегендей кылып тандалышы жана орнотулушу керек.
§ 10. Электр өлчөөлөрүн (сыноолорун) жүргүзүүгө арналган алеттерди, шаймандарды жана түзүлмөлөрдү сактоо жана ташуу ыкмаларына коюлуучу талаптар
131. Электрдик өлчөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүгө арналган алеттер, шаймандар, түзүлүштөр атайын бөлүнгөн жайларда (жерлерде) сакталууга жана атайын журналга катталууга тийиш.
132. Салмагы 20 кг ашык алеттерди, түзүлүштөрдү ордунан жылдыруу көтөргүч-унаа түзүлүштөрдүн жана механикалык каражаттарынын жардамы менен жүргүзүлүүгө тийиш. Аялдар үчүн көтөрүүгө уруксаат берилген жүктүн чеги 10 кг ашпашы керек башка жумуш менен кезектешип иштегенде.
133. Жүктөө-түшүрүү иштерин жана алеттерди, түзүлүштөрдү ташууну жүргүзүү үчүн электр жүктөгүчтөр, электротельферлер, көпүрө крандары, электрокарлар, автомашиналар колдонулушу мүмкүн.
134. Электр орнотмолорунда иштеген механизаторлордун жана жүк көтөрүүчү машиналардын айдоочуларында электр коопсуздугу боюнча II төмөн эмес топ, ал эми стропальщиктерде – I тобу болушу керек.
135. Электр өлчөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү үчүн алеттерди, түзүлүштөрдү арабаларда же электркарларда ташууда ташылуучу жүктөрдүн сынышына жана башка механикалык зыянга учурашына жол бербеген шарттар камсыз кылынышы керек.
136. Зыяндуу жана өрт коркунучу бар заттарды ташуу атайын арабалар менен коопсуз идиште жүргүзүлүшү керек.
§ 11. Коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
137. Электр коргоочуларга электр жабдууларында сыноолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзүүдө эмгек коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түзүлүштөр жана шаймандар кирет. Аларга фазанын дал келүүсүн текшерүү үчүн чыңалуу көрсөткүчтөрү, кабелди тешүү үчүн түзүлүштөр, транзиттеги чыңалуу айырмасын аныктоочу түзүлүштөр, кабелдин бузугун көрсөткүчтөрү, каптамаланган өлчөөчү сап, электр өлчөөчү сап, электр өлчөгүч кыпчыгычтар жана башкалар кирет. Сыноолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзүүдө пайдаланылуучу коргоо каражаттары тиешелүү мамлекеттик стандарттардын талаптарына жана электр жабдууларында пайдаланылуучу коргоо каражаттарын колдонуу жана сыноо эрежелеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
138. Ишкерсанды өз убагында камсыз кылуу жана электржабдууларды сыноодон өткөн коргоо каражаттары менен толуктап камсыздоо, тийешелүү түрдөө сактоону уюштуруу, эсепке алууну, мезгилдүү сыноолорду уюштуруу, жараксыз каражаттарды алып коюу үчүн жоопкерчиликти цехтин начальниги, кызматтын, подстанциянын, тармактын бөлүгүнүн устаты, карамагында электр жабдуулары же жумуш орундары болгон, ал эми жалпысынан уюм боюнча - башкы инженер же электр чарба үчүн жоопкерчиликтүү адам тартат.
139. Эгерде жабдуулардын жана өлчөө (сыноо) каражаттарынын багыты жана аларды пайдалануу шарттары иштеп жаткан адамдын өтө муздатылган, ысык бөлүктөр менен байланышын, электр магниттик талааларды жол берилген чектен ашкан деңгээлдерине дуушар болуусун четтетүүгө мүмкүндүк бербесе, анда жеке коргонуу каражаттарын колдонуу керек.
140. Коргоо каражаттарын жеке пайдаланууга алган кызматкерлер алардын туура иштетип пайдаланганды жана өз убагында кемчиликтерин таап бериши үчүн жооп беришет.
141. Коргоо каражаттарынын конструкциясы башталганга чейин жана пайдалануу процессинде алардын өз максатынын аткарышын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Коргоо каражаттары жабдуулар жана өлчөө каражаттары иштеп турганда, ошондой эле коркунучтуу кырдаал пайда болгондо өзүнүн максатынын аткарылышын үзгүлтүксүз аткарууга тийиш. Коргонуу каражаттарынын таасири тиешелүү коркунучтуу же зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасири аяктаганга чейин токтобошу керек.
142. Сыноо (өлчөө) процессинде электр коргоочу каражаттарды колдонууда чектөөчү шакектин же тосмонун артындагы жумушчу жана каптамаланган бөлүктөргө тийүүгө жол берилбейт.
143. Лабораториялык жана сыноо орнотмолорунда жерге туташтыруу үчүн саптардын минималдуу өлчөмдөрү төмөнкүдөй болушу керек:
- саптын каптамаланган бөлүгү-700 мм кем эмес;
- кармагычтар - 300 мм.
Бөлүм 3. Иштөө учурундагы коопсуздук талаптары
§ 12. Тышкы булактан жогорулатылган чыңалуу берүү менен электр
жабдууларын сыноо
144. Иштеп жаткан электр жабдуусунун агын өткөрүүчү бөлүктөрүнө же өлчөө же сыноо чыңалуусу берилген бөлүктөргө кокустан тийип кетүүдөн коргонууну камсыз кылуу үчүн төмөнкү коргоо ыкмалары жана каражаттары талап кылынат:
- коргоочу кабыктар;
- коргоочу тосмолор (убактылуу же стационардык);
агын өткөрүүчү бөлүктөрдү коопсуз жайгаштыруу;
- кичинекей чыңалуу;
- коргоочу өчүрүү;
- агын өткөрүүчү бөлүктөрдү каптамалоо (жумушчу, сыноолордо жана өлчөөлөрдө, кошумча, күчөтүлгөн, кош);
- жумуш ордун обочолоо;
- эскертүүчү сигнализация, блокировка, коопсуздук белгилери.
145. Электр жабдууларында чыңалууну алып салуу менен жүргүзүлгөн өлчөөлөрдө жана сыноолордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төмөнкү иштер аткарылышы керек:
- электр жабдууларын (орнотмонун бөлүгүн) энергия булагынан ажыратуу;
- коммутациялык аппараттардын иштеткичтерин механикалык кулпулоо, сактоочту алып салуу;
- электр берүүчү чубалгылардын учтарын ажыратуу жана жумуш ордуна чыңалуунун жаңылыш берилишине жол бербеген башка чаралар;
- чыңалуунун бар жогун текшерүү;
- ажыратылган агын өткөрүүчү бөлүктөрдү жерге туташтыруу (көтөрмө жерге туташтыргычтарды коюу, жерге туташтыруучу бычактарды кошуу);
- иш учурунда тийип кетүүгө же кооптуу жакындыкка чейин жакындап кетүүгө мүмкүн болгон жумушчу орунду же чыңалуу астында калган агын өткөрүүчү бөлүктөрдү тосмолоо;
- коммутациялык аппаратуранын кол менен иштетүүчүсүндө жана аралыктан башкаруунун ачкычында тыюу салуучу плакаттар илиниши керек.
146. Каптама бузулган учурда чыңалуу алдында калышы мүмкүн болгон темирден жасалган агын өткөрбөгөн бөлүктөргө тийгенде, электр агынына кабылуусунан коргонууну камсыз кылуу үчүн, төмөнкү ыкмалар колдонулат:
- коргоочу жерге туташтыруу;
- зануление;
- тегиздөө, потенциалды теңдөө;
- коргоочу зымдардын тутуму;
- коргоочу өчүрүү;
агын өткөрбөгөн бөлүктөрдү каптамалоо;
- тармактын электрдик бөлүнүшү;
- кичинекей (25 В ашык эмес) чыңалуу;
каптаманы көзөмөлдөө;
- жерге туташуу учурундагы кыска агындарын компенсациялоо;
- жеке коргонуу каражаттары.
Техникалык ыкмалар жана коргоо каражаттарын оптималдуу коргоонуну камсыз кылуу үчүн өзүнчө же айкалыштыра колдонулат.
147. Өлчөөлөрдүн жана сыноолордун конкреттүү түрлөрүн аткаруудагы коопсуздуктун талаптары:
- продукциянын өнүгүү стадиялары (даярдоо, монтаждоо, иштетип пайдалануу, оңдоо);
- өлчөө жана сыноо объекттерин жайгаштыруу (анын ичинде ӨСде же андан тышкары);
- сыноо каражаттарынын жана (же) өлчөө каражаттарынын өлчөө же сыноо объекти менен байланышын жүзөгө ашыруу зарылдыгынын болушу же жоктугу (9, 10-п.п. карагыла).
148. Электрдик өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүүдө коркунучтуу жана зыяндуу таасир тийгизүүчү түйүндөр жана элементтер менен иштеген адамдын түздөн-түз байланышы жоюлууга тийиш.
149. 1000В ко чейин болгон өндүрүштүк электр жабдууларда түздөн түз жердетилген ортом же обочолонгон ортому менен жана 1000В дан жогору обочолонгон ортомудуу жабдууларда бүлүнүүлүк иш тартибинде тийүү чыңалуусунун жана агындын чектүү жол берилген маанилери төмөнкү 3 тизмекте көрсөтүлгөн маанилерден ашпоого тийиш.
3 тизмек
Тийүү чыңалууларынын жана агындардын жол берилген чектик
мааниси
Агындын түрү | Ченемделген чоңдук | Агындын таасир берүү узактыгы, жол берилген чектик маанисинен ашпоого тийиш, t, с | |||||||||||
|
| 0,1 - 0,08 | 0,1 | 0,2 | 0,3 | 0,4 | 0,5 | 0,6 | 0,7 | 0,8 | 0,9 | 1,0 | св. 1,0 |
Өзгөрмө 50 Гц | U, В | 550 | 340 | 160 | 135 | 120 | 105 | 95 | 85 | 75 | 70 | 60 | 20 |
| I, мА | 650 | 400 | 190 | 160 | 140 | 125 | 105 | 90 | 75 | 65 | 50 | 6 |
Өзгөрмө 400 Гц | U, В | 650 | 500 | 500 | 330 | 250 | 200 | 170 | 140 | 130 | 110 | 100 | 36 |
| I, мА | 650 | 500 | 500 | 330 | 250 | 200 | 170 | 140 | 130 | 110 | 100 | 8 |
Туруктуу | U, В | 650 | 500 | 400 | 350 | 300 | 250 | 240 | 230 | 220 | 210 | 200 | 40 |
| I, мА | 650 | 500 | 400 | 350 | 300 | 250 | 240 | 230 | 220 | 210 | 200 | 15 |
Эки жарым мезгилдүү түздөлгөн | Uампл., В | 650 | 500 | 400 | 300 | 270 | 230 | 220 | 210 | 200 | 190 | 180 | - |
| Iампл., мА | 650 | 500 | 400 | 300 | 270 | 230 | 220 | 210 | 200 | 190 | 180 | - |
Бир жарым мезгилдүү түздөлгө | Uампл., В | 650 | 500 | 400 | 300 | 250 | 200 | 190 | 180 | 170 | 160 | 150 | - |
| Iампл., мА | 650 | 500 | 400 | 300 | 250 | 200 | 190 | 180 | 170 | 160 | 150 | - |
Эскертүү. Адамдын денеси аркылуу өтүүчү тийүү чыңалууларынын жана агындардын жол берилген чектик маанилеринин таасир этүү узактыгы 1 с ашык болгон учурда, кое берүүчү (өзгөрмө) жана оорутпаган (туруктуу) агындарга туура келет.
150. Өлчөө жана сыноо иштерин жүргүзүүнүн коопсуздугу мүмкүн болгон табигый мүнөздөгү терс таасирлерден жана аба ырайынын шарттарынан коргоо менен камсыз кылынууга тийиш.
151. Уюмдун аймагындагы, өндүрүштүк имараттардагы жана курулмалардагы, жумуш аянттарындагы, жумуш орундарындагы кооптуу аймактар тиешелүү коопсуздук белгилери менен белгиленүүгө тийиш.
152. Ар бир кызматкер, эгерде ал өзү ушул Эрежелердин талаптарынын бузулушун жоюуу боюнча чараларды көрө албаса, кызматкерлер үчүн коркунуч туудурган механизмдерди, шаймандарды, алеттерди, инструменттерди жана коргоо каражаттарын иштетүүдө колдонулган бардык бузуулар, жабдуулар бузулгандыгы жөнүндө түздөн - түз жетекчиге, ал эми ал жок болгон учурда-жогору турган жетекчиге дароо билдирүүгө милдеттүү.
153. Адамдар менен болгон кырсыктарда жабырлануучуну электр агынынын таасиринен бошотуу үчүн чыңалууну өчүрүү алдын-ала уруксатсыз токтоосуз жүргүзүлүшү керек.
Ар бир кырсыкты жана кесиптик ооруну милдеттүү түрдө иликтөө жана эсепке алуу, ошонун негизинде алардын себептерин жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
154. Сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүүдө өлчөө алеттерди кошуу, ошондой эле аларды текшерүү үчүн электр эсептегичтерди орнотуу жана алып салуу чыңалуу өчүрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.
155. Кыймылдуу бөлүктөрү бар сыноо (ченөө) объекттеринде сыноо жана өлчөө каражаттарын кошуу жана ажыратуу, бул бөлүктөр толук токтогондон кийин аткарылууга тийиш. Ошол эле учурда бириктирүүнү аткаруу убагында мындай объекттердин алдын-ала каралбаган ишке киргизилишине жол бербөө зарыл.
156. Өрт коопсуздугу боюнча талаптар коюлуучу өлчөөчү жана сыноочу чынжырлардын кабелдери жана кабелдик арматуралары, күйүүнү жайылтпоо талабын канааттандырууга тийиш.
Иште пайдаланылуучу кабелдердин, зымдардын жана башка материалдардын жана каражаттардын кабыктарынын, экрандарынын жана кабелдин зооттолгон каптамасы,зымдардын конструкциясы жана мүнөздөмөлөрү иштин кадимкидей жана бүлүнүү иш тартиптеринде иштетип пайдалануунун электр жана өрт коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
157. Сыноо (өлчөө) объектисиндеги сыноо же өлчөө чыңалууда турган агын өткөрүүчү бөлүктөр менен ошол эле объектидеги жумушчу чыңалуудагы агын өткөрүүчү бөлүктөрүнүн ортосундагы аба боштуктары жумушчу чыңалуунун номиналдык маанисинде төмөндө келтирилгендерден кем болбоого тийиш:
- 6 кВ-0,125 м;
- 10 кВ-0,150 м;
- 15 кВ-0,200 м;
- 20 кВ-0,250 м;
- 35 кВ-0,500 м.
158. Сыноо же өлчөө каражаттарынын капатамаларынын бекемдигин төмөндөтүүчү факторлор (иондошуу, жогорку температура, нымдуулук, көө, чаң, жаа өчүрүүнүн өткөргүч продуктулары ж.б.) болгондо, агып кетүү аралыктары жана электрдик боштуктар ишкерсандын ишинин коопсуздугун камсыз кылгыдай кылып тандалышы керек.
159. Сыноодон(өлчөөдөн) өтүп жаткан жабдууга же кабелге (өтмөкө, зымга жана ж.б.) туташтырылуучу зымды кошуу жана ажыратуу иштерин алардын жерге туташтырылгандан кийин гана жана сыноону (өлчөөнү) жүргүзүүгө жетектеген кызматкердин көрсөтмөсү боюнча гана жүргүзүлүшү керек.
160. Жумуштун жетекчиси (өндүрүүчүсү) өлчөөнүн же сыноонун алдында чынжырдын туура чогулушун жана жумушчулардын жана коргоочу жерлердин ишенимдүүлүгүн текшерүүгө милдеттүү.
161. Сыноо же өлчөө жабдууларын 380/220В чыңалуудагы вольттук тармакка туташтыруу электр чынжырдын көрүнүп турган үзүлүшүн камсыз кылган коммутациялык аппарат аркылуу же орнотууну башкаруу жерине орнотулган штепселдик туташтыргычы аркылуу жүргүзүлүшү керек.
162. Ар бир сыноо чыңалуусун берүүнүн алдында жумуштардын өндүрүүчүсү милдеттүү:
1) түзмөнүн туура чогулушун жана жумушчу жана коргоочу жердеткичтин ишенимдүүлүгүн текшерүү;
2) кайтаруу үчүн дайындалган бардык бригада мүчөлөрү жана жумушчулар ал көрсөткөн жерлерде экенин, бөтөн адамдар чыгарылып салынганын жана жабдууларга сыноо чыңалуусун берүү мүмкүнбү же жокпу экенин текшерүү;
3) "чыңалуу берип жатам"деген сөздөр менен бригадага чыңалуу берилгендиги жөнүндө эскертүүгө жана эскертүү бригаданын бардык мүчөлөрүнө угулганына ынангандан кийин, сыноо орнотмосунун чыгышынан жердеткичти алып салууга жана ага 380/220 в чыңалуусун берүүгө болот.
Сыноо чыңалуусун берүүдө, оператор килемчеде турушу керек.
163. Жердеткичти орнотмодон алып салган учурдан тартып бардык сыноо орнотмолору, анын ичинде сыналып жаткан жабдуулар жана туташтыруучу зымдар чыңалууда деп эсептелүүгө тийиш жана сыноо түзмөсүндө кандайдыр бир кайра туташтырууга жана сыналып жаткан жабдууларда дагы тыюу салынат.
164. Сыноо орнотмосуна чыңалуу берилген учурдан тартып, ага кирүүгө жана чыгууга, сыноодон өтүпжаткан жабдуунун үстундө болууга, ошондой эле жерге туруп алып сыноо орнотмосунун корпусуна тийүүгө тыюу салынат.
165. Кабелди жердеткичке туташтыруучу түзүлмөсү бар пункттар тараптан сынап көрүү же күйгүзүү керек. Жерге туташтыруучу түзүлмөсү жок болгон учурда бул иштерди жүргүзүүгө ишкананын жетекчисинин уруксаты менен өзгөчө учурларда гана уруксат берилет.
166. Сыноо аяктагандан кийин, жумуш өндүрүүчүсү сыноочу түзүлүштүн чыңалуусун нөлгө чейин азайтып, аны 380/220 в розеткасынан ажыратып, орнотмонун чыгышын жердеткичке туташтырып, бригадага "чыңалуу алынып салынды"деген сөздөр менен билдириши керек. Андан кийин гана зымдарды кайра туташтырууга болот же сыноо толугу менен аяктаган учурда, аларды сыноочу жайдан ажыратып, тосмолорду алып салууга болот.
167. Сыйымдуулугу жогору жабдууларды (кабель, генераторлор) сыноодон өткөргөндөн кийин, анда калган калдык дүрмөт алынышы керек.
168. Сыноону бригада өткөрөт, анда иш алып баруучусу –IV топко ээ болушу керек, бригаданын мүчөсү – III тобун, кайтарууга коюлган кызматкер –II тобу болууга тийиш.
169. Сыноо жүргүзүүчү бригаданын курамына даярдоо иштерин аткарууга жана жабдууларды көзөмөлдөөгө тартылган оңдоочу ишкерсандар киргизилиши мүмкүн.
Жабдууларды оңдоону же монтаждоону аткаруучу бригаданын курамына сыноолорду жүргүзүү үчүн жөндөөчү уюмдардын же электролабораториянын ишкерсандары киргизилиши мүмкүн. Бул учурда, сыноолорго жетекчилик иштерин ишти алып баруучу тарабынан жүзөгө ашырылат, же анын көрсөтмөсү боюнча лабораториядан ишкерсан IV топ менен же жөнгө салуучу уюмдун кызматкерлери.
170. 1000 В жогору чыңалуудагы электр орнотмолорунан тышкары шарттарда өткөрүлүүчү каптамалык материалдар менен буюмдарды (коргоонун каражаттары,ар кандай каптамалык тетиктерди ж.б.) масслык сыноолор, эгерде сыноо жүргүзүүдө агын өткөрүүчү бөлүктөрү тыгыз жана тор түрүндөгү тосмолор менен жабдылган, ал эми эшиктери блокировка менен камсыздалган стационардык сыноо орнотмолору колдонулса, анда мындай сыноолорду III топтогу кызматкер тиешелүү нускамага ылайык өз алдынча аткара алат.
171. Сыноолорду жана аларга даярдык иштерин жүргүзүүгө берилген иштак кагаздар боюнча уруксат, сыналуучу жабдууларда иштеген башка бригадалар жумуш орундарынан четтетилгенден кийин жана алар иштак кагазды уруксат берүүчүгө тапшыргандан кийин гана аткарылышы мүмкүн. Электр орнотмолорунда жергиликтүү кезметчи ишкерсаны жок болгондо, бөлөк бригаданы иштен чыгаргандан кийин, иштак кагазды өзүндө калтырууга уруксат берилет, мында иште эс алуу деп таризделет.
172. Сыналуучу жабдуулар, сыноочу орнотмо жана алардын ортосундагы туташтыруучу зымдар калкан жана аркан менен тосулат ж.б. ошондой эле "Сыноо. Өмүргө коркунуч" плакаты илинет. Тосмону сыноо жүргүзүп жаткан кызматкерлер орнотушат.
173. Зарыл болсо, күзөтчүлөр коюлат II тобу менен бригаданын мүчөлөрүнөн, чоочун адамдардын сыноо орнотмосуна, туташтыруучу зымдарга жана сыналуучу жабдууларга жакындашына жол бербөө үчүн. Бригаданын кайтаруучу мүчөлөрү тосмонун сыртында болууга жана сыналып жаткан жабдууларды чыңалуу астында деп эсептөөгө тийиш. Бул кызматкерлер жумуш иштетүүчүнун уруксаты менен гана ордунан кете алышат.
174. Сыноо (өлчөө) объектисине сыноо (өлчөө) чыңалуусун берүү ишкерсанды сыноо (өлчөө) талаасынан чыгарып салгандан кийин (57-пунктта жазылгандардан тышкары) жана үн сигналы менен алдын ала кабарлагандан кийин жүргүзүлөт.
Сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүү учурунда, баардык ишкерсандарга сыналуучу жабдууда (өлчөө объектисинде) болууга уруксат берилбейт.
175. Сыноо (өлчөө) жүктөлүшүн бергенден кийин сыноо (өлчөө) талаасында турган ишкерсанга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү керек.
176. Сыноо (өлчөө) чыңалуусунда турган жабдууларга, электр орнотмолоруна сыноолорду (өлчөөлөрдү) жүргүзүү мезгилинде аларга оңдоо, монтаждоо жана жөндөө иштерин жүргүзүүгө жол берилбейт.
177. Электр коопсуздугунун талаптарына ылайык, бийиктикте өлчөөлөрдүн (сыноолордун) көтөрмө каражаттары менен иштеген ишкерсанга жерден (полдон) үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү зарыл.
178. Өлчөө (сыноо) каражаттары менен сыноо (өлчөө) объектисинин кыска мөөнөттүү электрдик байланыштарын ийилгич зымдар аркылуу жүргүзүү керек, алардын учтары щуптар менен жабдылган болууга тийиш.
179. Эки тараптан чыңалуу берилиши мүмкүн болгон чубалгынын каптамасын сыноо (өлчөө), бул чубалгынын экинчи четине туташтырылган электр орнотмосунун жооптуу адамынан телефон аркылуу (атайын) төмөнкү маалымат алгандан кийин гана жүргүлүшү керек: коммутатциялык аппарат (чубалгынын ажыраткычтары, өчүргүч) ажыратыган жана "Кошпогула! Адамдар иштеп жатышат" эскертүү плакат илинген.
180. Кабелдик чубалгыны (КЧ) сыноодо анын карама-каршы учу кулпуланган камерада, жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (ЖБТ) бөлүгүндө же имаратта жайгашкан болсо, эшиктерде же тосмодо эскертүүчү плакат илиниши керек “Сыноо. Өмүргө коркунучтуу!". Эгерде эшиктер жана тосмолор бекитилбесе же трассада бөлүнгөн кабель тамырчатарамы менен оңдолуучу чубалгы сыноого дуушар болсо, эшиктердин, тосмолордун жана бөлүнгөн кабель тамырча тарамынын жанына плакаттарды илүүдөн тышкары, IIчи топтогу бригаданын мүчөлөрүнүн, же кезметчи ишкерсандын күзөтү коюлушу керек.
181. Сыналып жаткан жабдуунун сыноо орнотмосун ар кандай имарат-жайларга же ар башка участокторго жайгаштырууда, каптаманын абалын көзөмөлдөгөн III топко ээ бригада мүчөлөрүнүн ишти аткаруучудан өзүнчө болуусу уруксат берилет. Бригаданын бул мүчөлөрү тосмонун сыртында жайгашып, сыноо башталганга чейин ишти өндүрүүчүдөн зарыл болгон насааттама алууга тийиш.
182. Сыноо жүргүзүүгө тоскоол болгон жердеткичтерди алып салуу жана кайра орнотуу сыноо объектисинин жогорку чыңалуудагы алгачы жердетилгенден кийин гана сыноо жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча алып салынат.
183. Сыноо түзмөсүн чогултууда, биринчи кезекте, сыноо жабдуусунун коргоочу жана иштөөчү жерге туташтыруу жана эгер талап кылынса, сыналуучу жабдуулардын корпусун коргоочу жерге туташтыруу керек. Көчмө сыноо орнотмосунун корпусун жерге туташтырууну жалгыз жумушчу түзмө аркылуу жүргүзүп сыноо жүргүзүүгө тыюу салынат. Көчмө сыноочу орнотмонун корпусу 10 мм2 кем эмес ийкемдүү жез зымдан жасалган өзүнчө жерге туташтыруучу өткөргүч менен жерге туташтырылышы керек. Сыноодон мурун корпустун жерге туташтырылышынын ишенимдүүлүгүн текшерүү керек.
Сыноо орнотмону 380-220 В тармакка туташтыруудан мурун, жогорку чыңалуудагы алгач жерге туташтырылышы керек.
Жердеткичти туташтыруу үчүн сыноо түзмөсүндо колдонулган жез зымдын кесилиши 4 мм2ден кем болбошу керек.
184. Сыноочу орнотмону 380-220 вольттук тармакка туташтыруу чынжырдын көзгө көрүнгөн ажырымы бар коммутациялык аппарат аркылуу же орнотмонун башкаруу жеринде жайгашкан штепсель вилкасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Коммутациялык аппарат кармап туруучу түзүлмө менен жабдылышы керек же аппараттын кыймылдуу жана кыймылсыз контакттарынын ортосунда изоляциялоочу каптама орнотулушу керек.
Сыноо орнотмосун 380/220 В чыңалуудагы электр тармагына кошуп иштетүү үчүн колдонулган зым же кабель ошол тармакка орнотулган сактандыргычтар же автоматтык өчүргүчтөр менен корголушу керек. Көчмө сыноо орнотмосун бул тармактарды иштеткен уюмдун өкүлдөрү тармакка туташтырууга тийиш.
185. Сыноо орнотмолорунда оператордун жумуш орду 1000Вдан жогору чыңалуу орнотмонун бөлүгүнөн бөлүнүп турушу керек.1000Вдан жогору болгон орнотмонун бөлүгү жана эшиги блокировка менен жабдылышы керек- бул эшик ачылган учурда сыноо түзмөсүнөн чыңалууну автоматтык түрдө өчүрүүнү жана эшиктер ачык болгондо чыңалуу берүүгө жол бербөөнү камсыздоосу зарыл. Оператордун жумуш ордунда 1000Вга чейин жана андан жогору чыңалуу үчүн өзүнчө жарык сигнализациясы орнотулушу керек. Көчмө сыноо орнотмолору, андан тышкары, сыноо орнотмосунун алгачында чыңалуу болгондо, автоматтык түрдө күйүп турган тышкы жарык сигнализациясы менен жабдылууга тийиш.
186. Жогорку чыңалуудагы түз агынды алуу үчүн, эреже катары, катуу жарым өткөргүч түзмөлөрү колдонулушу керек.
187. Сыналып жаткан жабдуулар менен сыноо орнотмосунун ортосундагы туташтыруучу зым алгач анын жерге туташтырылган жогорку чыңалуудагы алгачына кошулушу керек. Бул зым агын өткөрүүчү бөлүктөргө 1 тизмектин үчүнчү графасында көрсөтүлгөндөн аз аралыкка жакындабаш үчүн (бири-бири менен чабылбаш үчүн) жердетилиши керек.
Сыноодон өтүп жаткан жабдуунун фазасына, уюлуна же кабелдин тамырчатарамына туташтыруу зымын кошууга же аны ажыратууга сыноо ишинин жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча жана аларды жердеткенден кийин гана уруксат берилет, ал жерге туташтыруучу бычактарды кошуу же көчмө жердеткичтерди орнотуу, анын ичинде изоляциялоочу туткалары бар атайын лабораторияларды орнотуу менен аткарылышы мүмкүн.
188. Кабелдерди сыноо же күйгүзүү жердеткич түзүлмөлөү бар пункттар тараптан сыноону өткөрүү керек.
189. Сыноо аяктагандан кийин жумушту алып баруучу милдеттүү:
- сыноо (өлчөө) орнотмосунун чыңалуусун нөлгө чейин азайтуу;
- жабдууну аны камсыз кылган тармактан өчүрүү керек;
- орнотмонун чыгуучу учу жердетилгенден кийин жана бул жөнүндө бригадага "Чыңалуу алынды"деген сөздөр менен билдирүүгө.
Бул иш аракеттерден кийин гана зымдарды кайра туташтырууга же сыноо толугу менен бүткөн учурда, аларды сыноо орнотмосунан ажыратууга жана тосмолорду алып салууга уруксат берилет.
Электр берүүнүн КЧ жана аба чубалгыларында (АЧ) иштегенде дүрмөттүн толук жоктугуна ынангандан кийин гана тосмолорду жана плакаттарды алып салууга уруксат берилет.
190. Сыноодон өтүп жаткан объекттен жана өлчөө каражаттарынан чыңалууну жана калдык дүрмөттү алып салуу, ошондой эле аларда чыңалуунун пайда болушуна жол бербөө төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынууга тийиш:
- энергия булактарын өчүрүү (тышкы жана ички);
- дүрмөт топтоочу элементтерди (чыпкаларды, топтоочу идиштерди ж. б.) дүрмөтсүздөө жолу менен;
- чыгуучу учтарын жана кол тийиши мүмкүн болгон башка агын өткөрүүчү бөлүктөрдү жердетүү аркылуу;
- блокировка аркылуу.
Сыйымдуулугу жогору болгон жабдууну (кабелдер, генераторлор), калдык дүрмөтү атайын дүрмөтсүзтөөчү таякчасы менен алынып салынышы керек.
191. Коргоо каражаттарын, каптамалоочу тетиктерди ж.б. жабдууларды массалык түрдө сыноо (өлчөө) иштери, иштеп жаткан электр жабдууларынан тышкары, агын өткөрүүчү бөлүктөрү толук же тор түруүндөгү тосмо менен жабылган, ал эми эшиктери блокировка менен жабдылган стенддерде жүргүзүлсө, анда бул иштерди электр коопсуздугу боюнча III топтон төмөн эмес топтогу кызматкер учурдагы иштетип пайдалануу тартибине ылайык өз алдынча аткарат.
§ 13. Электр өлчөгүч кыскычтар, өлчөө таякчалары жана чыңалуу
көрсөткүчтөрү менен жүргүзүлүүчү иштер
192. Чыңалуусу 1000ден жогору электр орнотмолорунда электр өлчөгүч кыскыч менен иштөөнү эки кызматкер жүргүзүшү керек: бири - иштетүүчү IV тобу бар (ыкчам ишкерсандын ичинен), экинчиси - иштетүүчү III тобу бар (оңдоочу ишкерсандын ичинен болушу мүмкүн). Өлчөөнү жүргүзүп жатканда диэлектрдик кол каптарды колдонуу керек. Көрсөтмөнү алуу үчүн алетке эңкейүүгө жол берилбейт.
193. Чыңалуусу 1000 В чейинки электр орнотмолорунда электр өлчөгүч кыскыч менен иштөөгө электр III тобу бар бир кызматкерге уруксат берилет, бул иштерде диэлектрдик кол каптарды колдонбойт.
194. АЧ түркүгүндө туруп электр өлчөгүч кыскычтар менен иштөөгө жол берилбейт.
195. Өлчөөлөрдү ячейкаларда жүргүзүү учурунда, иш жүргүзүп жаткан кызматкерлер 2 тизмекте көрсөтүлгөн минималдуу аралыкка жетпеген агын өткөрүүчү бөлүктөргө жакындабаоону камсыз кылуучу чараларды көрүүгө тийиш, ошондой эле оператордун темир конструкцияларына тийүүсүнө жана туташтыруу зымдарынын агын өткөрүүчү бөлүктөргө же жерге тутуаштырылган конструкцияларга тийишине жол бербеши керек. Зым оператордон 0,7 метрден кем эмес алыстыкта жайгашы керек.
196. 1000 В жогору чыңалуудагы чынжырларда өлчөө жүргүзүү үчүн кыскычтарды колдонууда, алыстан башкарылуучу алеттерди колдонууга, ошондой эле кыскычтарды агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн ажыратпай туруп, өлчөө чегин өзгөртүүго жол берилбейт. Өлчөөлөрдү жүргүзүүдө кычкачтарды асылып турган абалда кармалышы керек.
197. 1 кВдан жогору чыңалуу үчүн арналган каптамалоочу кыскычтар менен иштөө кургак аба ырайында кана жүргүзүлүшү керек. Туман, кар жана жамгыр жааганда жумуш жүргүзүүгө жол берилбейт.
198. 1 кВдан төмөн чыңалуудагы кыскычтар менен иштеп жатканда, агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн алыс кармоо үчүн, колду сунуп кармоо керек. 1 кВдан жогору чыңалуудагы кыскычтарды туткасынан гана кармоо керек. Кыскычтардын каптамалоочу бөлүгүнө тийүүгө жол берилбейт.
199. Өлчөөчү таякчалар (штанга) менен иштөөнү экиден кем эмес кызматкер жүргүзүшү керек: бири – IV тобу бар, калгандары - III тобу бар.
Түзулушкө же телескопиялык мунарага таякчасыз (штанга) чыгуу жана түшүү керек.
Иш, тирөөчтү конструкциялар же телескопиялык мунаралар колдонулган учурда, жалгыз өлчөөлөр жүргүзүлгөндө да иштак кагаз боюнча аткарылышы керек. Штанга менен иштөөгө диэлектрдик кол каптарды колдонбогонго жол берилет.
200. Жумуш башталаардан мурун, чыңалуу көрсөткүчүнүн туура иштешин текшерүү керек, ал үчүн, атайын шайман менен (мисалы, ППУ-2 түрүндөгү) же тийимдик электродду агын өткөрүүчү бөлүктөргө тийгизип текшерүү керек, чыңалуу астында турган.
Автомашинанын свечасына, көрсөткүчтөрдү туура иштешин текшерүүгө жол берилбейт.
Чыңалуунун жоктугун текшерүү үчүн "контролдук" лампаларды колдонууга жол берилбейт.
201. Фазанын дал келишин текшерүү үчүн чыңалуу көрсөткүчтөрүнүн иштөө жөндөмдүүлүгү жумуш ордунда, көрсөткүчтү эки уюлдуу туташтыруу аркылуу- жерге жана фазага же эки фазага туташтыруу менен текшерилиши керек. Иштеп жаткан көрсөткүчтүн эскертүүчү жарыгы жаркырап турушу керек.
202. Фазалардын дал келишин текшерүү үчүн чыңалуу өлчөгүчүнүн иштеши электр орнотмосуна эки уюлдуу туташканда гана берилет.
Мындай көрсөткүчтөрдү колдонууда диэлектрик мээлейлерди колдонуу милдеттүү.
203. Туура эмес көрсөткүчтөрдү болтурбоо үчүн, бир уюлдуу чыңалуу көрсөткүчтөрүн 1000В чейин колдонууда диэлектрик мээлейлерди колдонууга болбойт.
204. Эгерде жумушчу бөлүктүн пломбасы бузук болсо, чыңалуу көрсөткүчүн колдонууга жол берилбейт.
205. Чыңалуу көрсөткүчтөрү менен иштөөдө, аларды чектөө шакекчесинин чегинде кармоо керек. Сырткы орнотмолордо чыңалуу көрсөткүчүн кургак аба ырайында гана колдонсо болот. Нымдуу аба ырайында атайын конструкция менен жасалган көрсөткүчтөр колдонулушу керек.
206. Чыңалуунун бар же жок экендигин текшергенде, көрсөткүчтөр жерге туташтырылбашы керек. АЧ түркүктөрүндө (темирден тышкары) же телескопиялык мунараларда колдонулуучу УВН-10 түрлөрүнүн көрсөткүчтөрү өзгөчө болуп саналат. Бул учурда көрсөткүчтүн жумушчу бөлүгү түркүктөгү жерге туташтыруучу зымдын же телескоптук мунаранын шассиси жерге туташтырылган- туташтрылбаганына карабастан, сөзсүз түрдө жерге туташтырылшы керек (темир түркүктөрдөн иштөө учурларын кошпогондо). Жумушчу бөлүктү жерге туташтыруу 4 кв. мм кесилишиндеги ийкемдүү жез зым менен жүргүзүлүшү керек. Жерге туташтыруучу өткөргүчтү топуракка жок дегенде 0,5 метр тереңдикте киргизилген темир штырга туташтыруу керек.
Жерге туташтыруучу өткөргүчтү аба чубалгысынын көтөруп жүрүүчү жердеткич зымына же АЧ түркүктөрүнүн жерге туташтыруу зымына туташтырууга уруксат берилет. Чыңалуунун жоктугун текшерүүдө жана коргоочу жерге туташтырууну коюда жерге туташтыруу зымына, өткөргүчкө же жерге туташтыргычка тийүүгө болбойт.
207. Импульстук түрундөгү чыңалуу көрсөткүчү менен иштегенде, лампанын жарыгы 1-2 секунтта (лампанын индикативдик чыңалуусуна чейин конденсатордун дүрмөтүнөн кийин) пайда болот.
Агын өткөрүүчү бөлүктүн текшерилүүчү бөлүгундө көрсөткүчтүн тийүү узактыгы (сигнал жок болсо) - 10 секунддан кем эмес.
208. Белгилүү бир чыңалуу үчүн эсептелген электр жабдууларында индикация элементтери ошол эле чыңалуулуу коңшу чынжырлардын таасиринен күйбөшү керек.
209. Куртканын чөнтөгүнө, каскага коюлган чыңалуу белги берүүчүнү колдонууда белгинин жоктугу чыңалуунун жоктугунун белгиси эмес экенин эстен чыгарбоо керек. Белги берүүчүнүн иштээр иштебесин текшерүү, иштетип пайдалануу нускаманын негизинде текшерилиши керек.
§14. Чубалгыларда импульстук өлчөгүч менен жүргүзулгөн иштер
210. Чубалгыда импульстук өлчөгүчтү туташтырууга ажыратылган жана жердетилген АЧга гана жол берилет. Туташтыруу төмөнкү тартипте аткарылышы керек:
- туташтыргыч зым адегенде импульстук эсептегичтин жерге туташтырылган зымдарына (коргоочу түзүлүштөн келген), андан кийин каптамаланган штанганын жардамы менен - АЧ зымына туташтырылышы керек. Туташтыруучу зымды АЧга туташтыруучу штангалар өлчөө учурунда чубалгынын зымында калышы керек. Штангалар менен иштөөдө диэлектрдик кол каптарды колдонуу керек;
- импульстук өлчөгүч кошулган жердеги АЧдан жердеткичти алып салуу. Зарыл болгон учурда текшерип жаткан АЧнын башка учтарындагы жердеткичтерди алып салууга жол берилет. Жердеткичтерди АЧдан алып салгандан кийин туташтыруучу зым, коргоочу түзүлүш жана ага зымдар чыңалуу астында деп эсептелүүгө тийиш жана аларга тийүүгө уруксат берилбейт;
- импульстук эсептегичтин зымдарынан жердеткичти алып салуу.
211. Импульстук эсептегичтин зымдарын АЧга каптамалоочу штангалардын жардамы менен туташтырууну ыкчам ишкерсан, IV тобу бар же ыкчам ишкерсандын көзөмөлү астында лабораториялык ишкерсан аткарышы керек.
Импульстук эсептегичти стационардык коммутациялык аппаратура аркылуу АЧга туташтырылган стационардык өткөргүчтөргө туташтырууну жана өлчөөлөрдү жеке ыкчам ишкерсан же буйрутма боюнча - лабораториялык ишкерсандан көзөмөлдөөчү IV тобу бар кызматкер жүргүзө алат.
212. Өлчөө аяктагандан кийин АЧ кайрадан жердетилиши керек, андан кийин гана туташтыруучу зымдары бар изоляциялоочу штангаларды алгач АЧдан, андан кийин импульстук эсептегичтин өткөргүчтөрүнөн алып салууга жол берилет.
213. Жогорку чыңалуудагы импульстардын генератору жок импульстук өлчөгүч менен жүргүзүлгөн өлчөөлөрдү, аба чубалгыларда (АЧ) иштеп жаткан бригадаларды алып салбастан жүргузүүгө жол берилет.
§ 15. Мегаомметр менен иш жүргүзүү тартиби
214. Иштетип пайдалануу учурунда мегаомметр менен өлчөөлөрдү электротехникалык ишкерсандын ичинен окутулган жумушчуларга аткарууга уруксат берилет. 1000 В жогору чыңалуудагы электр орнотмолорунда өлчөө иштаккагаз менен, 1000 В чейин чыңалуудагы электр орнотмолорунда-буйрутма менен жүргүзүлөт.
Мегаомметр менен өлчөө иштин мазмунуна кирген учурларда, бул өлчөөлөрдү иштак кагазда же буйрутмада белгилөө талап кылынбайт.
Мегаомметр менен каптаманын каршылыгын III тобу бар бир жумушчу өлчөй алат.
215. Мегаомметр менен изоляциянын каршылыгын өлчөө адегенде агын өчкөн өткөрүүчү бөлүктөрдө жүргүзүлүшү керек, дүрмөттү алдын ала жердетүү жолу менен чыгаруу керек. Жердеткичти агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн мегаомметр туташтырылгандан кийин гана алып салуу керек.
216. 1000 В чейин чыңалуудагы электр чынжырларын үзүүнү талап кылган алеттерди туташтыруу жана ажыратуу бул чынжырлардан чыңалуу алынгандан кийин жасалышы керек. Электр чынжырларын үзүүнү талап кылбаган алеттерди кошууга жана ажыратууга чыңалуу алдында, бирок электр коргоочу каражаттарды колдонуу менен уруксат берилет.
217. 1000 В чейин чыңалуудагы түзүлмөлөрдүн электрдик параметрлерин өлчөө талап кылынган учурда, көчмө алеттин темир корпусун жердетип жана атайын щуптарды колдонуп же каптамалоочу туткалары бар туташтыруучу өткөргүчтөрдү колдонуу керек.
218. Мегаомметр менен агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн каптамалык каршылыгын өлчөөдө, туташтыруучу зымдарды каптамалоочу кармагычтар (штангалар) менен бекитүү керек. Чыңалуусу 1000Вдан жогору болгон электр орнотмолорунда диэлектрдик кол каптарды колдонуу керек.
219. Мегаомметр менен иштегенде ал кошулган агын өткөрүүчү бөлүктөргө тийүүгө уруксат берилбейт. Жумуш аяктагандан кийин, агын өткөрүүчү бөлүктөрдөн калдык дүрмөттү, кыска убакытка жерге туташтыруу менен алып салуу керек.
220. Мегаомметр менен өлчөөгө төмөнкү учурларда жол берилбейт:
- 1000Вдан жогору чыңалуудагы эки чынжырлуу чубалгылардын бир чынжырында, ал эми экинчи чынжырда чыңалуу бар болсо;
- бир чынжырлуу чубалгыда, эгерде ал 1000 Вдан жогору чыңалуудагы иштеген чубалгыга параллель өтсө;
- жакындап келе жаткан мезгилде же күн күркүрөп, жамгыр жааганда.
221. АЧ түркүктөрүнүн жерге туташтыруучу түзүлүштөрүнүн каршылыгын өлчөө кургак аба ырайында, топурак көбүрөөк кургаган мезгилде жүргүзүлүшү керек.
§ 16. Электр эсептегичтер жана өлчөөчү алеттер менен иш жүргүзү
тартиби
222. Башкаруу щитерине жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөргө (БТ) орнотулган электр эсептегичтердин жана башка өлчөө алеттеринин көрсөткүчтөрүн жазууга ыкчам ишкерсандын ичинен, электр коопсуздугу боюнча II дан төмөн эмес тобу менен, эгерде туруктуу ыкчам ишкерсан болсо (эки адамдын нөөмөтү менен) жана электр коопсуздугу боюнча III тобу менен төмөн эмес жеке кызматкерлерге уруксат берилет - туруктуу ыкчам ишкерсаны жок болсо.
223. Ченөөчү трансформаторлоруна туташтырылган өлчөөчү алеттерди жана электр эсептегичтерди орнотуу жана жана алып салуу чыңалууну алып салуу иштерин иштаккагаз боюнча, чыңалууну алып туруп, эки кызматкер жүргүзүшү керек, алардын бирөө электр коопсуздугу боюнча IV топтон кем эмес, экинчиси - III топтон төмөн эмес топко ээ болушу зарыл.
Агын чынжырларын коопсуз түрдө кыска туташтырууга мүмкүндүк берген сыноо блоктору же атайын кыскычтар болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн иштерди буйуртма боюнча аткарылышы мүмкүн.
224. Бир жайда жайгашкан ар кандай кошулмалардагы электр эсептегичтерди орнотуу жана алып салуу бир жумуш ордунан экинчисине өтүүнү тариздебестен бир иштак кагаз (буйрутма) боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
225. Эгерде өлчөөчү алеттеринин электр чынжырларында жүргүзүлгөн жумуштардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн агындын жана чыңалуунун өлчөө трансформаторлорунун бардык экинчи оромдору туруктуу жердеткичи болуш керек.
Эгерде өлчөөчү алеттердин чынжырын үзүү зарыл болгондо, агын трансформаторунун экинчи оромунун чынжыры алдын ала бул үчүн атайын каралган кыскычтарга кыска туташтырылат. Агын трансформатору менен кыска туташуу орнотулган кыскычтардын ортосундагы чынжырларда чынжырдын үзүлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон иштерди жасоого жол берилбейт.
226. Агын трансформаторлорунда же алардын экинчи чынжырларында жумуштарды аткарууда төмөнкү коопсуздук чараларын сактоо керек:
- өлчөө жана коргоо чынжырларын көрсөтүлгөн агын трансформаторлорунун кыскычтарына экинчи түзмөлөрдү орнотуу толук аяктагандан кийин гана туташтыруу керек;
- полярдуулук текшерилгенде, агындын импульсу биринчи оромго берилгенге чейин, аны текшерүү үчүн колдонулган алеттер экинчи оромдун кыскычтарына бекем туташтырылууга тийиш.
§ 17. Электр талаасынын чыңалуусун өлчөө боюнча иштер
227. Электр талаасынын чыңалуусун өлчөөдө өлчөө жүргүзгөн оператордон жана эсептегичтен (датчикткн) агын өткөрүүчү бөлүктөргө чейинки жол берилген аралыктар сакталышы керек.
Электр талаасынын чыңалуусун өлчөө төмөкүдөй жүргүзүлөт:
- жабдууларга жана конструкцияларга көтөрүлбөстөн жургүзулүүчү иштерде – жердин бетинен, кабелдик каналдын(лотоктун) плиталарынан, жабдууну тейлөө аянтчасынан же бөлмөнүн полу денгээлинен 1,8 метр бийиктикте;
- жабдууларга жана конструкцияларга көтөрүлүп жургүзулүүчү иштерде –жумуш ордунун аянтчасынын полунан 0,5, 1,0 жана 1,8 м бийиктикте (мисалы, көтөргүчтүн люлькасынын полу) жана жабдуунун агын өткөрүүчү жерлеринен 0,5м аралыкта.
Магнит талаасынын чыңалуусун (индукциясын) өлчөө жумуш ордунун аянтынын полунан, жерден, имараттын полунан, өтмө көпүрөлөрдүн тактасынан ж.б. у. с. 0,5, 1,5 жана 1,8 м бийиктикте, ал эми магнит талаасынын булагы жумушчу орундун астында жайгашкан учурда- аянтынын полунун деңгээлинде кошумча жүргүзүлүшү керек.
228. Магнит талаасынын чыңалуусун (индукциясын) өлчөө электр орнотмосунун максималдуу жумушчу агынында жүргүзүлүшү керек же өлчөнгөн маанилер өлчөнгөн маанилерди Imax/I, катышына көбөйтүү жолу менен максималдуу жумушчу агынга (Imax) кайра эсептелиши керек, мында I - өлчөө учурунда магнит талаасынын булагындагы агын.
Магнит талаасынын чыңалуусу (индукциясы) электр түзүлүштөрүнүн агын өткөрүүчү бөлүктөрүнөн 20 метрден аз аралыкта жайгашкан, анын ичинде алардан дубал менен бөлүнгөн, дайыма ишкерсан жайгашкан өндүрүштүк жайларда ченелет. Өлчөөлөрдүн натыйжалары журналга жазылат же протокол түрүндө таризделет.
229. Диэлектрикалык материалдар түзүүчү электростатикалык талаалардын чыңалуусун өлчөөгө, эгерде бөлмөдө жана технологиялык процессте оңой тутануучу суюктуктар жок болгон учурда жүргүзүүгө уруксат берилет.
230. Жарылуу коркунучу бар чөйрөлөрдө электростатикалык талаалардын чыңалуусун өлчөө зарыл болгон учурда объектти же курчап турган чөйрөнү жана ага кирген чөйрөнү өрттөө булагы болууга жөндөмдүү статикалык электр разряддарынын пайда болушун алдын алуучу шарттарды түзүүнүн эсебинен объекттердин электростатикалык учкун коопсуздугун камсыз кылуу зарыл, атап айтканда объекттердин, курчап турган чөйрөнүн жана аларга кирген чөйрөнүн статикалык электрдин тутандыруучу таасирине сезгичтигин төмөндөтүү жолу менен.
231. Өлчөө учурунда күйүүчү чөйрөдө өрт чыгуу булактарынын пайда болушунун алдын алуу, бөлөмөнүн же сырткы орнотмонун өрт-жарылуу коркунучунун классына, жарылуу коркунучу бар аралашманын тобуна жана категориясына, электростатикалык учкун коопсуздугунун талаптарына, күйүүчү чөйрөдө учкун разрядынын максималдуу жол берилген энергиясын жөнгө салуучу эрежелерге жооп берген электр жабдууларын жана алеттерин колдонуу менен камсыздалууга тийиш.
§ 18. Бүлүнүүлүк кырдаалдардагы коопсуздук талаптары
232. Эгерде бүлүнүүлүк кырдаал (кырсык, өрт, табигый кырсык) пайда болсо, ишти токтоосуз токтотуп, кырдаал жөнүндө жогору турган ыкчам ишкерсанга билдирүү керек.
233. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда, андан кийин жогору турган ыкчам ишкерсанга кабарлоо менен электр орнотмосунда керектүү өчүрүп күйгүзүүнү аткаруу керек.
234. Өрт чыккан учурда:
1) өндүрүштүк жайда иштегендердин баарына кабарлоого жана өрт очогун өчүрүүгө чара көрүү керек. Күйүп жаткан чыңалуу алдында турган электр орнотмолорунун жана электр зымдарынын бөлүктөрүн көмүр кычкыл газдуу өрт өчүргүчтөр менен өчүрүү керек.
2) өрт болгон жерге өзүнүн түздөн-түз жетекчисин же башка кызмат адамдарын чакырууга карата чара көрүүгө.
235. Ыкчам кырдаалга ылайык, өрт өчүрүүнүн жергиликтүү ыкчам планына ылайык иш алып баруу керек.
236. Кырсык болгон учурда жабырлануучуну травматикалык фактордун таасиринен токтоосуз бошотуу, ага биринчи (дарыгерге чейинки) медициналык жардам көрсөтүү жана кырсык тууралуу түздөн-түз жетекчиге билдирүү зарыл.
Жабырлануучуну электр агынын таасиринен бошотууда, өзү агын өткөрүүчү бөлүк менен же арымдык чыңалуусу менен байланышта болбошу үчүн кам көрүү керек.
§ 19. Жумуш бүткөндөн кийинки коопсуздук талаптары
237. Жумуштун аягында төмөнкүлөр зарыл:
- сыноочу (өлчөөчү) жабдууларды өчүрүү;
сыноо толугу менен аяктаган учурда, зымдарды сыноочу орнотмодон ажыратып, тосмолорду алып салуу;
- бардык куралдар, шаймандар, алеттер жана коргоо каражаттары тиешелүү тартипке келтирилип, атайын шкафтарга жана текчелерге жайгаштырылат;
- иштин аяктагандыгы жөнүндө жогору турган ыкчам (нөөмөтчү) ишкерсанга билдирүүгө жана иштин аякташын ыкчам журналга жазуу менен тариздөөгө;
- атайын кийимди чечип, аны жана башка жеке коргонуу каражаттарын жумушчу кийим үчүн шкафка салынат;
- жууну же душка түшүү.
238. Жумушта колдонулган аарчуучу материал капкагы бекем жабылган атайын кутуга чогултулат. Калдыктарды жок кылуу уюмдагы өрт көзөмөл кызматтары менен макулдашылган атайын бөлүнгөн жерлерде жүргүзүлүшү керек.