ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2026-жылдын 17- апрелиндеги № 17-7 «6-500 кВ чыңалуусуундагы электр тармактарын, чагылгандын жана ички ашыкча чыңалууларынан коргоо боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.04.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2026-жылдын 17-апрели № 17-7

 

 

6-500 кВ чыңалуусуундагы электр тармактарын,

чагылгандын жана ички ашыкча чыңалууларынан коргоо боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. 6-500 кВ чыңалуусуундагы электр тармактарын, чагылгандын жана ички ашыкча чыңалууларынан коргоо боюнча эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.

3. Электр энергетика башкармалыгы:

- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;

- ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Министрдин м.у.а.,

Министрдин биринчи орун басары

 

 

 

Ө.Ж. Жеңишбеков

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

 

6-500 кВ чыңалуусуундагы электр тармактарын,

чагылгандын жана ички ашыкча

чыңалууларынан коргоо боюнча эрежелери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БИШКЕК 2026

 

Мазмуну

Шарттуу белгилер жана кыскартуулар ……….………………………….......................4

Кириш сөз ………………………………………................................................................5

1-бөлүм. Аталыштар жана аныктамалар ……………………………...................……..7

2-бөлүм. 6-500 кВ чыңалуусундагы тармактарды чагылгандык, ички

жана өчүрүп-күйгүзүүчүлүк ашыкча чыңалуулардан коргоо. Жалпы

жоболор …………………………………………………………………….........................12

3-бөлүм. 6-500 кВтук тармактарды чагылгандык ашыкча чыңалуулардан коргоо ……………………………………………………………………….........................13

§1. Жалпы жоболор ………………………………………………......................……......13

§2. Бөлүштүрүү түзүлүштөрүнүн жана көмөкчордондордун жабдууларын чагылгандык ашыкча чыңалуулардан коргоолоруна болгон ченемдик талаптар....…………………………………………………………………….....................28

§3. Чордондордун жана көмөкчордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүн чагылгандын ашыкча чыңалууларынан коргоо каражаттары.

БТларды жана КЧларды чагылгандын түз түшүүлөрүнөн коргоо үчун чагылган четтеткичтердин тутумун тандап алуу. Чагылган четтеткичтердин коргоо аймактары………………………………………………………...................................…..37

§4. КЧлардын АБТларын чагылгандын түз түшүүлөрүнөн коргоо..................…..…49

§5. КЧлардын ЖБТларын чагылгандын түз түшүүлөрүнөн коргоо………...............52

4-бөлүм. БТларды жана КЧларды АЧлардан агылып келүүчү чагылгандын толкундарынан жана трамактын бөлүктөрүн өчүрүп-күйгүзүү учурунда пайда болуучу ашыкча чыңалуулардан коргоо……………………………...……..................55

§6. АБТ жана КЧларды коргоо ………………………………………………..................55

§7. АЧылардын КЧылардын АБТларына болгон жакындоолорун коргоо...............60

§8. 110-220 кВтук трансформаторлордун жердетмеден ажыратылган ортомун коргоо ……...…………………………………………………………….............................62

5-бөлүм. АЧыларды чагылгандык ашыкча чыңалуулардан коргоо……..................63

§9. 6-500 кВтук электр тармактарынын абалык электр берүү чубалгыларынын чагылгандан корголушуна болгон ченемдик талаптар……………………................63

§10. Абалык электр берүү чубалгыларындагы чагылгандык ашыкча чыңалуулардан коргоо каражаттары ………………………………………..................72

6-бөлүм. 6-500 кВтук тармактарды ички ашыкча чыңалуулардан коргоо...............76

§11. 110-500 кВтук тармактардагы өөрчүндөөчү ашыкча чыңалуулар жана алардан коргоо ………………………………………………………………....................................77

§12. Электрмагниттик чыңалуу трансформаторлору менен болгон 110-500 кВ

чыңалуусундагы БТлардагы чыңалуунун феррорөөрчүндөөчү жогорулашууларынан коргоо ………………………………………………..........................................................89

§13. 500 кВ чыңалуусундагы АЧылардын толук фазалуу эмес иш тартиптериндеги чыңалуулардын өөрчүндөөчү жогорулоолорунан коргоо ………………………………………………………………................................…93

§14. 500 кВтук электр берүүлөрдөгү БАКК учурунда өчүрүлгөн фазадагы чыңалуунун өөрчүндөөчү жогорулоолорунан коргоо……………..............................94

§15. СРлары менен болгон 500 кВтук электр берүүлөрдөгү экинчилик ыргактуулуктагы өөрчүндөөчү чыңалуулардын жогорулоолорунан

коргоо ………………………………………………………………....…….........................94

§16. 110-500 кВтук тармактардын чыңалууларынын туруктууга окшош жогорулоолорунан коргоо…………………………………………………...................…96

7-бөлүм. Кошмолоолук ашыкча чыңалуулар жана алардан коргоо……...............100

8-бөлүм. 6-35 кВ тармактарындагы ички ашыкча чыңалуулардан

коргоо………………………………………………………………………........................106

§17. Жерге болгон бир фазалуу жалындоочу чабышуулардагы ашыкча чыңалуулар ……………………………………………..................................................106

§18. Толук жүктөлбөгөн чубалгылардын кошмололоо учурларындагы ашыкча чыңалуулары ……………………………………………………....................…………..112

§19. Толук жүктөлбөгөн трансформаторлорду өчүрүү учурундагы ашыкча чыңалуулар ……………………………………….……………….......................……….113

§20. Тармактын толук эмес фазалуу иш тартиптериндеги ферроөөрчүндөөчү ашыкча чыңалуулар…………………………………………………...................………113

§21. Чыңалуу трансформаторунун катышуусундагы ферроөөрчүндөөчү ашыкча чыңалуулар……………………………………………………….....................................114

9-бөлум. Элегаз ЖБТылуу жана абасыздандырылган өчүргүчтөрү менен болгон 110-500 кВтук КЧларды өөрчүндөөчү , жогорку- жана төмөнкү жыштыктардагы кошмолоочулук жана чагылгандык ашыкча чыңалуулардан коргоо…………………………………………………………………….....................…...115

§22. Элегаз ЖБТлары менен болгон 110-500 кВтук КЧларды коргоо…...............115

§23. Абасыздандырылган өчүргүчтөрү бар орнотмолорду ашыкча чыңалуулардан коргоо………………………………………………………..............................................122

1-тиркеме (маалымат катары). Өчүргүчтөрдүн тийимдерин сагактоочу топтогучтардын сыйымдуулуктары ………………………..................……………….124

2-тиркеме (маалымат катары). Чагылган четтеткичти тандап алуу, жалпы жоболор………………………………………………………………....................…...….125

3- тиркеме (маалымат катары). АЧылардын бири-бири менен жана төмөнку чыңалуулардагы АЧылар менен кесилишкен учурлардагы зымдардын ортосундагы же зым менен зым аркандын ортосундагы эң кичине аралыктар…………………………………………………………....................………….126

Ченемдик шилтемелер …………………………………………….................…………127

 

 

3-бөлүм. Шарттуу белгилер жана кыскартуулар

 

Шарттуу белгилер жана кыскартуулар

Чечмелениши

АКК

Автоматтык түрдө кайра күйгүзүү

АТр

Автотрансформатор

АЧ

Аба чубалгысы

ЖЧ

Жогорку чыңалуу

ЖБТ

Жабык бөлүштүрүүчү түзүлүш

УА

Учкундуу аралык

ЧЧ

Чукул чабыш

ТР

Толуктоочу реактор

ЭЖБТ

Элегаздуу жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлүш

ТЧ

Төмөнкү чыңалуу

БАКК

Бир фазалуу автоматтык кайра кошуу

ҮАКК

Үч фазалуу автоматтык кайра кошуу

АЧЧ

Бейсызыктуу ашыкча чыңалууну чектегич

ОАЧЧ

Трансформатордун жердетилүүдөн ажыратылган ортомун коргоочу бейсызыктуу ашыкча чыңалуу чектегичи

АБТ

Ачык бөлүштүрүүчү түзүлүш

КЧ

Көмөкчордон

БТ

Бөлүштүрүүчү түзүлүш

Т

Трансформатор

ЧТ

Чыңалуу трансформатору

АТ

Агын трансформатору

БСР

Башкарылма сагактоочу реактор

СР

Сагактоочу реактор

Rз

Жердетменин каршылыгы

Тнв

Корголуучу жабдуунун чагылгандан корголушунун ишенимдүүлүгүнүн көрсөткүчү

ЭБАЧ

Электр берүү аба чубалгысы

ТААКК

Тез аракеттүү автоматтык кайра кошуу

ДАЖ

Дүүлүктүрүүнүн автоматтык түрдө жөндөлүшү

КЗЧ

Каптама зымдуу чубалгы

ЖӨР

Жалын өчүрүүчү реактор

УСТО

Узатасынан сыйымдуулукту толуктоочу орнотмо

КАТК (АВР)

Камдыкты автоматтык түрдө күйгүзүү

БАЧЧ

Бейсызыктуу ашыкча чыңалуу чектегичи

СД

Сагактоочу дүрмөтсүздөндүргүч

БРЭИИИ

Бүткүл Россиялык энергетика илим изилдөө институту

ЭКК (ЭДС)

Электр кыймылдатуучу күчү

АБД

Атмосферанын булганышынын даражасы

РКА (РЗА)

Релелик коргоо жана автоматика

ЖЖ

Жогорку жыштык

 

Кириш сөз

6-500 кВ чыңалуусундагы электр тармактарын чагылгандын жана ички ашыкча чыңалуулардан коргоо боюнча Эрежелеринин биринчи басылып чыгарылышы.

Эрежелер Кыргыз Республикасынын энергетика министирлигинин алдындагы Энергетика илим-изилдөө институту тарабынан Кыргыз Республикасынын «Техникалык жөндөө жөнүндө» мыйзамы, КР КЧ 12-014:2018 «Курулуштагы эмгек коопсуздугу» курулуш ченемдери, Кыргыз Республикасынын энергетика Министирлигинин 2023-жылдын 22- мартындагы 01-13/70 санындагы буйругу менен бекитилген «Коопсуздук ыкмаларынын Эрежелери», Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамы, «Коркунучтуу өндүрүштүк курулмалардагы өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамы, ошондой эле Кыргыз Республакасында пайдалануудагы башка ченемдик актылардын жана «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКысынын техникалык тапшырмасы боюнча иштелип чыгып, ондолуп, толукталып басууга даярдалган. Аны даярдоодо энерготутумдардын электроэнергетиканын бул багыттагы ашыкча чыңалуудан коргоо боюнча жыйналган тажрыйбалары жана илимий-техникалык жетишкендиктери эске алынган. Өзгөчө айта кетчү нерсе, бул дээрлик баардык мамлекеттерде дүрмөтсүздөндүргүчтөрдүн чыгарылышы токтотулгандыгы, алардын ордуна 70- жылдардын ортосунан баштап таасирдүүрөөк ар түрдүү ашыкча чыңалууну чектегичтер чыгарылып калган. Эрежеде элегаздык ЖБТылары менен болгон 110-500 кВтук көмөк чордондорду коргоо боюнча сунуштар жана талаптар да каралган.

Бул эрежелер 50 Гц жыштыгындагы чектелген чоңдугу 6-500 кВ чыңалуусундагы өзгөрүлмө агындуу электр тармактарын чагылгандын жана ички ашыкча чыңалуулардан коргоого таркалат жана 6-500 кВ тармактарынын чыңалууларынын турукташканга окшош жана өөрчүндүү, өчүрүп-күйгүзүлөрдөгү ашыкча чыңалуулар, чагылгандын түз тийишинен жана АЧлардан КЧларга агылып келүүчу чагылгандын толкундарынан коргоо боюнча колдонмолорду камтыйт.

Бул эрежелердин талаптары жаңы курулуп жаткан жана техникалык кайра куралдандырылууга муктаж болгон жана кайра жаңыланып курулуучу энергокурулмаларды чагылгандын жана ички ашыкча чыңалуулардан коргоолоруна, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарындагы 6-500 кВ электр тармактарын иштетип пайдалануу учурундагы чагылгандык жана ички ашыкча чыңалуулардан коргоолор боюнча талаптарды камтыйт. Эрежелер БТлардагы жана АЧлардын түркүктөрүндөгү обочолотуучу аралыктарды тандоо үчүн таркалбайт.

Эрежелерде таасирдүү жердетилген ортомдуу 110-500 кВтук электр тармактарын, обочолотулган, толукталган жана каршылыктуу-жердетилген ортомдуу 6-35 кВ электр тармактарын, анын ичинде, электр чордондорунун өздүк керектөөлөр тутумунун өчүрүп-күйгүзүүчүлүк жана өөрчүндүк ашыкча чыңалуулардан коргоонун тартиптери чагылдырылган.

Аймактардагы чагылган түшүүлөрүнүн аракеттүүлүгүнө жана алардын чагылгандык ашыкча чыңалуулардан коргоодо пайдаланылуучу каражаттарына жараша 6-500 кВ электр берүү АЧлары, БТлары жана көмөкчордондору үчүн чагылгандарга туруктуулугун жогорулатуу тартиби келтирилген.

Ыкмалык жана маалыматтык текзаттар (материалдар) тиркемелерге алынып барылды.

Эрежелерде:

- 6-500 кВтук электр берүү чубалгыларын жана көмөк чордондорун чагылгандан коргоолоруна;

- 110-500 кВ электр тармактарын ички ашыкча чыңалуулардан коргоолорго;

- 6-35 кВтук электр тармактарын ички ашыкча чыңалуулардан коргоолоруна болгон талаптар чагылдырылган.

Эрежелерди даярдоого Кыргыз Республикасынын энергетика министирлигинин алдындагы Энергетика илим-изилдөө институту, «Кыргызстан УЭТ» ААКысынын тийиштүү кызматтары катышты.

Эрежеде чагылдырылган негизги жоболор жана ченемдик талаптар СССРдын, РФын окумуштууларынын пайдубалдык иштеринин, ошондой эле Кыргыз энерготутумунун ишканаларындагы иштетип пайдалануу шарттарындагы текшерүүлөрдөн өткөн Кыргыз энергетикалык илим-изилдөө институтунун окумуштуулары жүргүзүшкөн көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары катары эсептелет.

Бул Эрежелердин жоболору Кыргыз энерготутумунун долбоордук уюмдары, курулуш-монтаждоочу, жөндөөчү, иштетип пайдалануучу жана оңдоочу уюмдарынын 6-500 кВ электр тармактарын долбоорлоодо жана иштетип пайдаланууда колдонууга арналган.

 

 

1-бөлүм. Аталыштар, аныктамалар

 

Бул Эрежелерде төмөндөгү аталыштар тийиштүү аныктамалары менен колдонулган:

Аталыштар жана аныктамалар

Чечмелениши

Чагылгандык ашыкча чыңалуу

Чагылган түшүүнүн кесепетинен пайда болгон ашыкча чыңалуулар

АЧлардын чагылганга туруктуулугу

Чубалгынын 100 км узундугуна жана чагылган түшүүлөрдүн узактыгына (саат менен) карата эсептелген чагылгандан өчүүлөрдүн саны: нак жана негиздик, 100 чагылгандык саатка барабар

Жердетүү

Электр орнотмонун кандайдыр бир бөлүгүн жердетүүчү түзүлүш менен атайын электрдик кошуусу

Чагылгандын кыска мөөнөттүк (импульстук) кыймылындагы чектегичтин коргоочу деңгээли

Чектелген чоңдуктагы дүрмөтсүздөндүрүүчү агындагы эң чоң калдык чыңалуусу

Обочолонтулган ортом

Трансформатордун же генератордун жердетүүчү түзулүшкө кошулбаган же ага белги берүүчү, өлчөөчү, коргоочу алеттер, жалын өчүргүч жердетүүчү реакторлор жана ага окшош чоң каршылыгы бар түзүлүштөр аркылуу кошулган ортому

Кыска мөөнөткө пайда болуучу шыктандыруучу кыймыл-аракет (импульс)

Чыңалуунун же агындын чоң ылдамдыкта байкалбаган серпилүү менен эң жогорку мааниге чейин өсүүчү жана кадимки учурда нөлгө чейинки азыраак ылдамдыкта анча чоң эмес тескери карама каршылыкка өтүшү, эгер ал орун алган учурда, азаюучу көп карама-каршылыктуу толкун.

Эскертүү. Чыңалуунун же агындын кыска мөөнөттүү кыймыл-аракетин аныктоочу көрсөткүчтөрү катары кыска мөөнөттүү кыймылдын (импульстун) карама-каршылыктуулугу, эң жогорку мааниси (амплитудасы), алдынкы жагынын шарттуу узактыгы жана кыска мөөнөттүү кыймыл-аракеттин (импульстун) узактыгы.

Жердетменин кыска мөөнөттүк кыймылынын (импульстук) каршылыгы (Rи)

Жердеткичтеги чыңалуунун эң чоң серпилүүүсүнүн агындын кыска мөөнөттүк серпилүүсүнө болгон катышы (агындын киргизилген жериндеги (алгачындагы))

Туруктууга окшогон (квазистационардуу) (убактылык) ашыкча жүктөлүүлөр

Өнөр-жайлык же ага жакын жыштыктагы ашыкча чыңалуулар, ошондой эле өчпөгөн же начар өчкөн, тармактын түзмөгүнүн өзгөрүшүнүн натыйжасы катары пайда болгон жогорку жана төмөнкү ыргактардагы ашыкча чыңалуулар.

Өчүрүп-күйгүзүүдөгү ашыкча чыңалуулар

Тармактын бөлүктөрүн өчүрүп-күйгүзүү учурундагы, тармактын көрсөткүчтөрүнүн жана түзүлүшүнүн, иш тартибинин же түзмөгүнүн капысынан өзгөрүүлөрү менен кошо жүрүүчү өтмөктүк иш аракеттердин учурунда, анын сыйымдуулугунун дөрмөттөнүүсүнүн жана кайра дүрмөттөнүүсүнүн айынан тутумдун бир абалдан башка түзүлүшкө өтүү иш жүрүшүндөгү, өчүргүчтөрдүн сапаты жана жөндөлүшү, жана алардын башкаруусундагы пайда болуп туруучу ашыкча чыңалуулар, б.а. төмөнкү учурларда пайда болот:

- жеткиликтүү жүктөлбөгөн трансформаторлордун (автотрансформаторлордун) жана толуктагыч реакторлордун болжомдуу күйгүзүүлөрү жана өчүрүүлөрүндө;

- ЧЧты жоюу учурундагы же машташ эмес жүрүштөгү электр берүүлөрүнүн бүлүнүүчүлүк ажыратылыштарында;

- КАТКнын (АВРдин) иштешинде;

- АБТнын, ЖБТнын, ЭТБТнын курулай иштеген өтмөктөрүн ажыраткычтар менен күйгүзүү же өчүрүү.

Үч фазалуу электр тармагындагы жерге туташуу көмөкчоңдугу

Жабыркабаган фазанын жана жердин ортосундагы дабаалардын айырмасынын жерге чабышкан жериндеги башка же эки башка фазанын фаза менен жердин ортосундагы бул жердеги чабышууга (туташууга) чейинки дабаалардын айырмаларынын катышы

Чагылганды четтеткич

Чагылгандын түз түшүүлөрүнөн коргоочу, чагылган кабыл алгычтардан, агын четтеткичтерден (агын четтеткичтен) жана жердеткичтерден (жердеткичтен) турган түзүлүш

Чагылган кабыл алгыч

Чагылган четтеткичтин чагылганды тартып алууга арналган бөлүгү.

АЧЧнын эң чоң узак убакытка жол берилген жумушчу чыңалуусу (Uэчж)

АЧЧнын иштеп турган баардык мөөнөтүндө үзгүлтүксүз берилип туруучу жана АЧЧынын ысыктыкка туруксуздугуна же жабыркоосуна алып келбөөчү өнөр жай жыштыгындагы чыңалуунун иштөөдөгү эң чоң мааниси

АЧЧынын дүрмөтсүздөндүрүүчү чектелген чоңдуктагы агыны (Iн)

АЧЧыны тапташтыруу үчүн колдонулуучу чагылгандын кыска мөөнөттүк кыймыл-аракетинин (импульсунун) эң чоң (эң чоң серпилүүлүк) мааниси 8/20 мкс

 Ченемдик иш кагаз (ЧИК)

Электр жабдууларга тиешелүү жалпы көз караштарды же мүнөздөмөлөрдү, эрежелерди орнотуучу (турукташтыруучу) иш кагаздар, өзунө жеткизип берилип жаткан өндүрүмдөрдүн техникалык шарттарын, техникалык тапшырмаларын, техникалык өзгөчөлүктөрүнүн шарттамаларын жана башка иш кагаздарды камтыйт

Бейсызыктык ашыкча чыңалууну чектегич (БАЧЧ)

Электр жабдуунун каптамасын чагылгандык жана өчүрүп-күйгүзүүчүлүк ашыкча чыңалуулардан коргоого багышталган аспап (аппарат).

Эскертме. Удаалаш (утурлай) жана/же бирдей жарыша кошулуп каптамаланган тулкуга киргизилип коюлган темироксиддик варисторлор эч кандай удаалаш же бирдей жарыша орнотулган учкундук аралыктары жок

АЧЧнын калдык чыңалуусу (Uост)

Чектегичтеги, эң чоң серпилүүсү жана импульстун түрү көрсөтүлүп берилген кыска мөөнөттүк кыймыл-аракеттүү (импульстук) агын өтүп жаткандагы чыңалуунун эң чоң мааниси

Ашыкча чыңалуу

Белгиленген электр жабдуунун каптамасы үчун коопсуз деп орнотулган эң чоң жумушчу чыңалуусунан өйдө жогорулаган чыңалуу

Өтмөктүк ферроөөрчүн-дөөчү ашыкча чыңалуу

Тармактын түзмөгүнүн өздүк жыштыгына жакын болгон учурдагы дүүлүктүрүлбөгөн трансформаторду жана чубалгыны өчүрүп-күйгүзгөндө пайда болуучу ашыкча чыңалуулар.

Эскертүүлөр. Бул иш тартиптин сакталып турчу убактысы трансформатордун магниттик чынжырында орнотулган иш тартиптин убактысы менен аныкталат

Көмөкчордон (КЧ)

Трансформаторлордон же башка 19431- МҮЧ боюнча башкаруучу, бөлүштүрүүчү жана жардамчы электр энергияны өзгөртүүчү түзүлүштөрдөн турган электр энергиясын кабыл алып, өзгөртүп жана бөлүштүрүүгө багышталган электр орнотмосунун топтому

АЧлардан агылып келүүчү чагылгандык толкундардан (Тнв) БТлардын корголуучу жабдууларынын чагылгандан корголушунун ишенимдүүлүгүнүн көрсөткүчү

Толугу менен АЧлар аркылуу чагылгандык толкундардан агылып келип корголуучу апппаратта же көмөкчордондо (КЧ) пайда болуучу коркунучтуу ашыкча чыңалуулардын орточо кайталануулары (жыл менен)

Тутумдун алдын ала кошулган реактансы

Тутумдун азыктандыруу булагынын ордун алмаштыруучу түзмөгүндөгү каршылыгы, азыктандыруучу тармактын көрсөткүчтөрү менен аныкталат.

Эскертүү. Реактанс – чынжырдын бөлүгүнүн индуктивдүүлүгүнөн же сыйымдуулугунан бул бөлүктүн өзгөрүлмө агынга көрсөтүүчү каршылыгынын өлчөмү, ал чыңалуу менен агындын ортосундагы фазалардын жылышуусуна алып келет жана Ом менен өлчөнөт. Тутумдун реактансы өчүрүп-күйгүзүлүүчү чубалгынын өчүп турган убагындагы бир фазалуу жана үч фазалуу ЧЧын агындары менен аныкталат

Бөлүштүрүүчү түзүлүш (БТ)

Чыңалуунун бир табындагы электр энергияны кабыл алып жана бөлүштүрүүгө багышталган жана өзүнө өчүрүп-күйгүзүүчү апппараттарды, чогулма жана кошмо өтмөктөрдү, жардамчы түзүлүштөрдү (аба кыскычтар, топтогучтар ж.б.), ошондой эле коргоочу, автоматика, телемеханика, байланыш жана өлчөө түзүлүштөрүн камтыган электр орнотмосу

Чыңалуунун өөрчүндөөп (ферроөөрчүн-дөөп) жогорулашы (ашыкча чыңалуулары)

Чыңалуунун чубалгылык (бейсызыктык) бөлүктөрү бар чынжырдагы өөрчүндөөчү серпилүүлөрүнөн пайда болгон жогорулашуулары бир тараптуу азыктандырылуучу электр берүүлөрдө пайда болот, ийгиликтүү БАКК учурундагыдан тышкары жана ийгиликтүү БАККын аяктаган мезгилинен баштап «оорулуу» фазанын экинчи өчүргүчүнүн чабышуусуна (кошулуусуна) чейинки убакытка дейре сакталып турат, б.а. берүүнү түз жеткизүүгө (транзитке) күйгүзгөнгө чейин. Башка сөз менен айтканда, өөрчүндөөчү ашыкча жүктөлүүлөр, электр берүүнун түзмөгүнүн көрсөткүчтөрүнүн жана түзүлүшүнүн, ошондой эле азыктандыруучу тутумдун түзүлүшү жана көрсөткүчтөрүнүн ыңгайсыз айкалышууларында пайда болот, жана ар кандай релелик коргоолордун жана автоматиканын ар түрдүү тутумдарынын, чыңалуунун жөндөгүчтөрүнүн же ишкерсандын кийлигишүү аракеттеринин негизинде иш тартиптин жана түзмөктүн өзгөрүлүшүнө алып келгенче сакталып тура берет.

Жердетүүчү түзүлүштүн каршылыгы

Жердетүүчү түзүлүштөгү чыңалуунун жердетмеден жерге агып кетүүчү агынга болгон катышы

АЧЧнын ысыктыкка болгон туруксуздугу

АЧЧдан бөлүнүп чыгуучу кубаттулуктун анын жылуулукту бөлүп таркатуу мүмкүнчүлүгүнөн ашкан абал, б.а. АЧЧынын температурасынын өсүшүнө, жылуулукка туруктуулугунун жоготушуна жана бузулушуна алып келет

Агынды бөлүп кеткич (түшмө)

Чагылган кабылалгычтан жердеткичке чагылгандын агынын бөлүп кеткенге арналган чагылганды бөлүп кеткичтин бөлүгү

АЧЧынын агын өткөзүү мүмкүнчүлүгү (Iпр)

Жасап чыгаруучу менен ченемделген агындын тик бурчтуу импульсунун (кыска мөөнөттүк кыймылынын) узактыгы 2000 мкс менен чектелген мааниси.

Эскертме. АЧЧ мындай 18 таасирлердин жумушчу сапаттарын жоготпостон көтөрүшү керек, алардын кабыл алынган ырааттуулук тартибин пайдалануу менен

Электр чынжырынын турукташкан иш тартиби

Электр чынжырындагы электр агыны, электр чыңалуусу, электр кыймылдатуу күчү туруктуу же мезгил-мезгили менен өзгөрүлмө болуп туруучу электр чынжырынын иш тартиби

Ашыкча чыңалуудан коргоочу түзүлүштөр

Чагылгандын түз тийүүлөрүнөн чагылгандан коргоочу түзүлүштөр (чагылган бөлүп кеткичтер жана жердетүүчү түзүлүштөр) жана электр жабдуунун каптамасынын коопсуз маанисине чейин ашыкча чыңалууну чектөөчү жабдуулардын топтому, аларды БТларда жана АЧлардын КЧларга (көмөкчордондорго) жакындап келүүлөрүндө жайгаштыруу боюнча жана ашыкча чыңалуулардын узактыгын чектөө боюнча иш чараларынын сунуштары менен

Ачык бөлуштүрүү түзүлушү (АБТ)

Баардык же негизги жабдуулары ачык абада жайгаштырылган бөлүштүрүүчү түзүлүш

Жабык бөлүштүрүү түзүлүшү (ЖБТ)

Жабдуулары имараттын ичинде жайгашкан бөлүштүрүүчү түзүлүш

«Чыңалуу-убакыт мүнөздөмөсү

АЧЧ көтөрө алган ага берилген убакыттан көз каранды болгон өнөр жай жыштыгындагы чыңалуу.

Эскертме. Мүнөздөмө АЧЧга берилип туруучу өнөр жай жыштыгындагы UHPден (Ultra High Pressure – эң чоң басымдуу) ашкан чыңалуунун жабыркоого же ысыктыкка туруктуу эместикке алып барбаган эң узак убактысын көрсөтөт

Бир тектүү эмес түзүлуштөгү жердин бирдей маанилүү салыштырмалуу каршылыгы

Бул бир тектүү эмес түзүлуштүү жердегидей мааниге ээ болгон жердетүүчү түзүлүштүн кайсыл гана жеринде болбосун пайда болуучу бир тектүү түзүлүштүү жердин салыштырмалуу каршылыгы.

Эскертүү. Бул эрежелерде бир тектүү эмес түзүлушү бар жер үчүн пайдалануучу «салыштырма каршылык» аталышты «бирдей маанилүү салыштырмалуу каршылык» катары түшүнсө болот

Ички ашыкча чыңалуулардын  эселиги

Ашыкча чыңалуунун эң чон серпилүүсүнүн фазалык жумушчу чыңалуунун эң чоң серпилүүсүнө болгон катышы

Электр орнотмо

Электр энергияны иштеп чыгарууга, кайта өзгөртүүгө, өзгөртүүгө (трансформациялоо), берүүгө, бөлүштүрүүгө жана аны энергиянын башка түрүнө кайта өзгөртүүгө арналган машиналардын, аппараттардын, чубалгылардын жана жардамчы жабдуулардын (алар орнотулган курулмалары жана бөлмөлөрү менен чогуу болгон) жыйнагы

Таасирдүү жердетилген ортому менен болгон тутум

Тутумдун баардык бөлүктөру туюк, же болушунча кичине болгон индукциялык каршылык аркылуу кошулган, жерге туташуу көмөкчоңдугу же теңтараптуу эместиктин көмөкчоңдугу тутумдун иштешинин иштетип пайдалануу учурунда мүмкүн боло турган иш тартиптеринин ар башка түзмөктөрү үчүн кандай гана болбосун жеринде 1,4төн ашпаган тутум.

Тармактын ортомунун натыйжалуу жердетилишине тутумдун күчтүк трансформаторлорунун баардыгынын же бөлүгүнүн ортомдорун туюк туташтырган учурда жетишүү мүмкүн.

Теңтараптуу эместиктин көмөкчоңдугу hкз

Таза фазанын белгиленген жериндеги 50 Гц жыштыктагы, бир же эки фазанын жерге болгон ЧЧ убагындагы эң жогорку чыңалуусунун, тутумдун жандуу жана жандуу эмес каршылыктарынан көз каранды жумушчу жыштыктагы бүлүнүүнү жойгондон кийин пайда болуучу фазалык чыңалуусуна болгон катышы

Электр берүү

Электр энергиясын энерготутумдун бир аймагынан экинчисине жеткизип берүү үчүн арналган электр берүү чубалгыларынын жана көмөкчордондордун жыйындысы

 

2-бөлүм. 6-500 кВ чыңалуусундагы тармактарды чагылгандык, ички жана өчүрүп-күйгүзүүчүлүк ашыкча чыңалуулардан коргоо. Жалпы жоболор

1. 6-110-500 кВ тармактарын чагылгандык жана ички ашыкча чыңалуулардан коргоо, чагылган түшкөн, ошондой эле кадимкидей эмес иш тартипте иштөө учурларындагы ички жана өчүрүп-күйгүзүүлөрдөн пайда болуучу ашыкча чыңалууларды чектөөнү камсыз кылып жабдуулардын жана электр берүү чубалгыларынын ишке жөндөмдүүлүгүн камсыз кылышы керек.

110-500 кВ тармактарын чагылгандык жана ички ашыкча чыңалуулардан коргоо өзүнө төмөнкү коргоолордү камтыйт:

1)            Тийштүү деңгээлге чейинки чагылгандык жана өчүрүп күйгүзүүчүлүк ашыкча чыңалуулар;

2)            Ички ашыкча чыңалуулар, анын ичинде, ашыкча чыңалуулардын өөрчүндөөлөрү төмөндөгү иш тартиптерде пайда болот:

- сагактоочу реакторлуу АЧлардын же трансформаторлордун толук фазалуу эмес өчүрүп-күйгүзүүлөрү;

- электрмагниттик чыңалуу трансформаторлуу 220-500 кВтук АБТлардын жана чыңалуунун сыйымдуулук бөлгүчтөрү бар 220-500 кВтук өчүргүчтүү ЭЖБТлардын өтмөктүк тутумдарын өчүрүү;

- экинчилик жалындоо өчүрүлгөндөн кийинки (азыктандыруучу жалын) БАКК мерчеминдеги жабыркаган фазаны өчүрүү;

- чыңалуунун экинчи гармоникасы пайда болгондо сагактоочу реакторлуу АЧны күйгүзүү.

Ал эми туруктууга окшош ашыкча чыңалуулар төмөндөгү иш тартиптерде пайда болот:

- АЧларды бир тараптуу күйгүзгөндө;

- теңтарптуу эмес ЧЧлардагы таза фазаларда.

Өөрчүндөөчү ашыкча чыңалуулардын төмөндөгү түрлөрү болот:

- 50 Гц жыштыктагы ашыкча чыңалуулардын теңтараптуу жана теңтараптуу эмес иш тартиптериндеги (бир уюлдуу ЧЧ жана БАКК учурунда) ашыкча чыңалуунун өтмөктүк иш жүрүшүнүн мажбурлуу чыңалуусу;

- ийгиликтүү БАККынын тыныгуусундагы 50 Гц жыштыгындагы мажбурлуу чыңалуу;

- толук эмес фазалык иш тартиптердеги 50 Гц жыштыгындагы ашыкча чыңалуулар;

- узатасынан жана туурасынан орду толтурулган электр берүүлөрдүн жыштыктарын бөлүү учурундагы ашыкча чыңалуулар;

- ферроөөрчүндүк өтмөктүк кубулуштар учурундагы жуп сандуу 2kω жыштыгындагы жана так сандуу (2k + 1)ω жыштыгындагы ашыкча ыргактарындагы ашыкча чыңалуулар;

- электрмагниттик чыңалуу трансформатору менен болгон 220-500 кВ электр берүүлөрүнүн 50 Гц жыштыгындагы ферроөөрчүндүү ашыкча чыңалуулары;

- жүктөлбөгөн чубалгыга иштеген генераторлордун көрсөткүчтүк өздөрүн дүүлүктүрүүсү;

- так сандуу эселиктеги ашыкча ыргактуулуктун автокөрсөткүчтүк өздөрүн дүүлүктүрүүсү.

3-бөлүм. 6-500 кВ тармактарын чагылгандык ашыкча чыңалуулардан коргоо

§1. Жалпы жоболор

2. Табияттын жана аба ырай шарттарынын бир түрдүү болбогондугу чагылгандык иш жүрүштөрдүн жана чагылгандын дүрмөтсуздөлүштөрүнүн өөрчүүлөрүнө, чагылгандан коргоочу каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугуна жана электр жабдуулардын каптамаларынын иштешине бир топ көрүнүктүү таасир келтиришет. Чагылгандын аракеттерине табияттын жана аба ырай шарттарынын тийгизген таасирлерин жиктеп эсепке алуу, чагылгандан коргоого болгон талаптарды ЭООЭнин иштөөдөгү ченемдерине караганда бир топ эле жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк камсыз кылат.

3. Электр орнотмолордогу чагылгандан коргоолорду тандоодогу чагылгандык иш аракеттеринин негизги эсепке ала турган мүнөздөмөлөрү:

- каралып жаткан аймактагы бир жылдагы жердин кыртышынын бирдигин жабыркатуучу чагылгандын орточо саны катары аныкталуучу чагылгандын жерге түшүшүнүн жыштыгы, n0, км-2;

- мезгилдүү болбогон бир уюлдуу кыска мөөнөттөгү кыймыл аракет катары көрсөтүлүүчү чагылгандын агынын биринчи бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн туруктуу бөлүштүрүлүшү: I эң жогорку көрсөткүчү, кА менен жана алдыңкы катардын А, эң чоң тиктиги, кА/мкс.

4. Чагылгандуу мезгилге даярдыктарды уюштуруу жана жүргүзүү үчүн, чагылгандуу мезгилдин башталыш жана аяктоочу убактылары белгиленет.

5. Чагылгандан коргоонууну тандап алуу учурунда электр берүү аба чубалгыларын бойлото төмөндөгү геофизикалык шарттарды эске алуу керек:

- чубалгылардын түркүктөрүнүн жердетмелеринин каршылыгынан жана ага жараша чагылгандан жабыркоо учурундагы каптамадагы чыңалуунун деңгээлинен көз каранды болгон жер кыртышынын түзүлүшү жана электрдик мүнөздөмөлөрү;

- каптаманын электрдик бекемдигин аныктоочу жана жердин бийиктиги менен байланыштуу абанын жыштыгы.

6. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча, анын ичинде Токтогул ГЭСтер катарларынын жайгашкан аймагындагы чагылгандан жабыркоочулук теребелинин карталарындагы бир жылдагы тандоочулук жабыркоолордун себептери жок болгон учурдагы чагылгандын жерге түшүүлөрүнүн жыштыгынын маанилери n0, км-2 1-8- сүрөттөрдө келтирилген, ал эми орточо жылдык чагылган түшүүнүн саны жана алардын орточо узактыгы жана жылдагы чагылгандын түшүүлөрүнүн узактыгы 1-санирээткиде келтирилген. Нак ГЭСтердин жайгашкан жерлеринде метеостанциялардын жоктугуна байланыштуу чагылгандын аракеттүүлүгү боюнча маалыматтар ал жерлердин геологиялык, метереологиялык шарттары (ГЭСтердин жайгашууларынын д.д.ү.б., узактык боюнча координаталары, жердин рельефинин орографиялык көрсөткүчтөрү – чогулма-жаандык жана чагылгандык булуттарды пайда кылуучу, жана муздак жана жылуу абалардын жылышууларына таасир кылуучу шарттар эске алынып эсептөө жолдору менен аныкталган.

Жабыркоонун талдоочулук себепкерликтерин эсепке алуу үчүн n0- дин маанисине көбөйтүндүлөр катары оңдоолор киргизилет, алардын ар кандай себептерге жараша көз каранды болгон чоңдуктары 2-санирээткиде келтирилген.

7. Чагылгандын биринчи бөлүктөрүнүн агынынын көрсөткүчтөрүнүн туруктуу бөлүштүрүүлөрү – алдыңкы катардын эң чоң тиктиги жана эң жогорку серпилүүсү кадимкидей логарифмикалык мыйзамга туура

келгидей кабыл алынат, анын х жана андан жогору чоңдуктагы көрсөткүчүнүн пайда болуу мүмкүндүгү төмөндөгүдөй көрсөтүлөт:

∞ 1 lgX – Mlgx

Рх = ʃ ------------ exp (-0.5--------------------) d(lgX),

х    Ϭlgx √2 Ϭlgx

 

бул жерде

Х- I-нин эң жогорку серпилүүсүнүн учурдагы мааниси же алдыңкы катардын тиктиги А;

- Mlgx -  I- нин эң жогорку серпилүүсүнүн логарифмаларынын математикалык күтүлүштөрү же алдыңкы катардын тиктиги А;

- Ϭlgx - I -нин эң жогорку серпилүүсүнүн логарифмаларынын орточо квадраттык кыйшаюусу же алдыңкы катардын тиктиги А.

 

Республиканын ар башка аймактары үчүн агындардын биринчи бөлүктөрүнүн тиктиги жана эң жогору серпилүүсүнүн туруктуу бөлүштүрүүлөрүнүн Mlgx1, Ϭlgx1, MlgА,  ϬlgА маанилери 3- санирээткиде, ал эми агындардын эң жогорку серпилүүлөрүнүн туруктуу бөлүштүрүүлөрү 9- сүрөттө келтирилген.