Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-апрели № 269
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарын натыйжалуу тейлөөгө көмөк көрсөтүү жана ишин уюштуруу-техникалык коштоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортун пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– мамлекеттик мекемеге техникалык же демөөрчүлүк жардам түрүндө акысыз негизде өткөрүп берилген автотранспорт каражаттарын;»;
– жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
эскертүүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесинде нөөмөттүк автотранспорттун 6 бирдигине чейин уруксат берилет.».2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |