Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз
14-сессиясынын токтому
2025-жыл 13-ноябры №14-5
Бел айылаймагы боюнча Ош жана Ноокат региондорду өнүктүрүү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы жөнүндө
Бел айыл аймагынын айылөкмөтүнүн башчысы А.Эшматовдун 2026-жылга карата болжолдуу курулуш обьектилери боюнча Ош жана Ноокат региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы жөнүндөгү билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин “ экономика, бюджет, ишкердик иш, муниципалдык менчик жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негизайылдык кеңеш токтом кылат:
1. Бел айыл аймагы боюнча Ош жана Ноокат региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоорлордун жергиликтүү бюджеттен каржылануучу өздүк салымынын жалпы суммасы 1709766 ( бир миллион жети жүз тогуз миң жети жүз алтымыш алты) сом болуп бекитилсин жана ар бир обьекттер боюнча төмөнкүдөйболуп ажыратылсын.
- Бел айылындагы Г.Эргешов орто мектебинин айланасына тосмо жасоого 240500 сом:
- Бел айыл аймагына караштуу Кайрагач айылындагы Кеңеш орто мектебине
жаңыдан ажаткана куруу долбооруна 175500 сом;
- Белайылаймагындагы таштандыларды ташып, тазалоо үчүнатайын техника сатып
алуу долбооруна 585 000 сом;
- Кайрагач айылындагы У.Акматова көчөсүн асфальттоо долбооруна 708766 сом;
2. Белгиленген акча каражаттарын мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | М.Ураимов. |