Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 307 токтому менен бекитилди) |
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын
дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн жыйынтыктар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1. | 2. | 3. | 4. | 5. | 6. |
1-артыкчылык. Бардык курактык топтордун арасында дене тарбия жана спорт менен массалык машыгуулар деңгээлин жогорулатуу жана спорттук секциялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | |||||
1. | Дене тарбия жана спорт менен машыгууга жарандарды массалык түрдө тартууну көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү, спорттук секцияларга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | 1) Тарбиялануучуларды жана окуп жаткандарды үзгүлтүксүз даярдоону жана спорттук чеберчилигин жогорулатууну камсыз кылуучу жаңы спорттук мелдештердин жоболорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Дене тарбия жана спорт менен машыккандардын контингентинин өсүшүн камсыз кылуучу мелдештердин системасы түзүлдү | Спорт агенттиги, Агартуумин, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
2) Долбоорлорго спорттун жаңы түрлөрүн киргизүү: – «Мектеп лигасы», мектеп спортун пропагандалоо максатында; – «Мен чемпион» спорттук мектеп окуучуларынын арасында | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | «Мектеп лигасы» жана «Мен чемпион» программалары аркылуу спорттун жаңы түрлөрү киргизилди | Спорт агенттиги, Агартуумин | ||
3) «4 мезгил» долбоорунун алкагында өлкөнүн бардык региондорунда марафондорду жана жарым марафондорду өткөрүү | Жыл сайын | Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда ырасталган саны 500дөн кем эмес болгон катышуучулар менен марафондор жана жарым марафондор өткөрүлөт | Спорт агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
4) «Дени сак улут» долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын алкагында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды тартуу менен айыл аймактарынын ортосунда мелдеш өткөрүлөт | Жыл сайын | Айыл аймактарынын жашоочуларынын 30 пайызы дене тарбия көнүгүүлөрү менен системалуу түрдө машыгат, спорттук иш-чараларга тартылган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саны 20 пайыздан кем эмести түзөт | Спорт агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
5) Спорттук объекттерди жана спорттук инфраструктураны куруу стандарттарын иштеп чыгуу | 2026-ж. II кв. – 2027-ж. IV кв. | Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу стандарттар иштелип чыкты жана киргизилди | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги | ||
6) Өлкөнүн ар бир административдик-аймактык бирдигинде (кичи райондор, шаарлардын, айылдардын райондору ж.б.) универсалдуу спорт аянтчаларын жана көчө тренажерлорун куруу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Бардык курактагы адамдарга өлкөнүн ар бир административдик-аймактык бирдигине (кичи райондор, шаарлардын, айылдардын райондору ж.б.) жакын аралыкта дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга мүмкүндүк берүүчү универсалдуу спорт аянтчалары жана көчө тренажерлору курулду | Спорт агенттиги, КРП караштуу ИУА, КРП обустардагы ЫУӨ, шаарлардын мэриялары, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
7) Турак үйлөрдү жана комплекстерди курууда бекитилген стандарттар боюнча жакын аралыкта спорт жана балдар аянтчаларын куруу | 2027-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Стандарттар боюнча белгиленген спорттук объекттердин керектүү саны курулду | Курулуш министрлиги | ||
8) Жалпы билим берүү уюмдары үчүн кошумча билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана жалпы билим берүү уюмдарында спорттун түрлөрү боюнча спорттук секцияларды ачуу (айыл жеринде спорттун кеминде эки түрү боюнча, шаар жеринде спорттун кеминде төрт түрү боюнча) | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Ар бир жалпы билим берүү уюмунда окуучунун алардын бирин тандоо укугу менен экиден кем эмес спорттук секция иштейт, бул алардын жеке тандоосу боюнча секцияларга балдарды иш жүзүндө тандоо менен ырасталат | Спорт агенттиги, Агартуумин, ИЖБИМ | ||
9) «Шахмат» ийримин окуучулар арасында кошумча билим катары киргизүү жана өнүктүрүү | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Жалпы билим берүү уюмдарында «Шахмат» кошумча билим берүү ийрими киргизилген жана туруктуу иштеп жатат | Спорт агенттиги, Агартуумин | ||
2-артыкчылык. Спорттук инфраструктураны кеңейтүү, иштеп жаткан спорттук базаларды модернизациялоо, инвентарды жаңылоо | |||||
2. | Республикалык жана региондук спорттук базалардын жана курулмалардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө | 1) Бүткүл республика боюнча спорттук объекттер үчүн материалдык-техникалык базаны системалуу деңгээлде жакшыртууну камсыз кылуу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Объекттер жабдылды жана жакшыртылды | Спорт агенттиги |
2) Иштеп жаткан спорттук базаларды капиталдык оңдоону жана модернизациялоону камсыз кылуу: спорт залдар, стадиондор, бассейндер жана башка объекттер | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын алкагында иштеп жаткан спорттук объекттерди жыл сайын оңдоо жана модернизациялоо камсыз кылынды | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3) Спорттук объекттерди курууга жана күтүүгө инвестицияларды тартуу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин киргизүү | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Жеке инвесторлордун катышуусу менен спорттук объекттер курулду жана модернизацияланды | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги, КРП караштуу ИУА, шаарлардын мэриялары, «МЖӨ борбору» ММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
4) Спортчуларды, машыктыруучуларды, объекттерди жана спорттук иш-чараларды эсепке алуу үчүн Бирдиктүү маалыматтык системаны киргизүү | 2026-ж. II кв. – 2028-ж. IV кв. | Спортчулар, машыктыруучулар, спорттук объекттер жөнүндө маалыматтарды толук эсепке алуу жана талдоо үчүн санариптик платформа түзүлдүү | Спорт агенттиги, СӨИТМ | ||
3-артыкчылык. Олимпиадалык резервди даярдоо жана спорттук резервди түзүү системасын кеңейтүү | |||||
3. | Региондордо олимпиадалык резервди даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана спорттук резервдин кадрдык базасын кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү | 1) Мелдештерди этап-этабы менен өткөрүү системасын караган спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын өткөрүү регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү: 1-этап – спорттук мекемелердин деңгээлинде; 2-этап – райондордун жана шаарлардын деңгээлинде; 3-этап – региондук деңгээлде; 4-этап – республикалык деңгээлде (финалдык этап). Республикалык чемпионаттар аяктагандан кийин спорттун болгон паралимпиадалык түрлөрү боюнча чемпионаттарды өткөрүүнү камсыз кылуу | 2026-ж. II кв. – 2028-ж. IV кв. | Спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын өткөрүү регламенти бекитилди | Спорт агенттиги |
| |||||
2) Экологиялык стандарттарды жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү эске алуу менен спорттук шаарча куруу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Аянты 160 га болгон, спорттун 10 түрүн камтыган олимпиадалык айыл эксплуатациялоого берилди (муз аренасы, олимпиадалык стандарттагы бассейн, жеңил атлетика аренасы, 15 000 отуруучу оруну бар масштабдуу иш-чараларды өткөрүү үчүн арена, турак жайлар, спорттук медицина жана реабилитация борбору, ашканалар ж.б.) | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги, КРП облустардагы ЫУӨ | ||
3) Региондор боюнча олимпиадалык резервдеги спорттук мектептерди куруу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Ар бир облуста бирден олимпиадалык резервдеги спорттук мектеп ачылды | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги | ||
4) Заманбап стандарттарды эске алуу менен спорттун олимпиадалык түрлөрү үчүн окуу-машыгуу базаларын куруу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Заманбап стандарттар жана талаптар боюнча өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан спорттун олимпиадалык түрлөрү үчүн окуу-машыгуу базалары курулду | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги | ||
5) Курама командаларды даярдоо жана XXXIV жайкы Олимпиада оюндарына 20дан жана XVIII жайкы Паралимпиада оюндарына 4төн кем эмес лицензияны алуу | 2026-ж. II кв. – 2028-ж. IV кв. | Жайкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарында медалдар жана байгелүү орундар жеңип алынды | Спорт агенттиги | ||
4-артыкчылык. Олимпиадалык эмес, улуттук жана жаңы спорт түрлөрүн өнүктүрүү | |||||
4. | Спорттун олимпиадалык эмес, улуттук жана жаңы түрлөрүн туруктуу өнүктүрүү, анын ичинде материалдык-техникалык базаны кеңейтүү жана спортчуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | 1) Спорттун улуттук жана олимпиадалык эмес түрлөрүн өнүктүрүү, калк арасында популярдуулугун жогорулатуу, кесиптик спорттук лигаларды түзүү жана алардын позицияларын андан ары бекемдөө | 2026-ж. II кв. – 2028-ж. IV кв. | Спорттун улуттук жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча жаңы кесиптик лигалар түзүлдү жаана иштеп жатат, иштеп жаткан лигалардын уюштуруучулук жана финансылык негиздери бекемделди, спорттун улуттук жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча мелдештерге калктын катышуусу көбөйдү, күйөрмандардын аудиториясы кеңейди | Спорт агенттиги |
2) Ар бир райондо спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча борбор ачуу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | 40тан кем эмес 100 орундуу объект ачылды | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги | ||
3) Спорттун өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан олимпиадалык түрлөрү үчүн окуу-машыгуу базаларын куруу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Спорттун өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан олимпиадалык түрлөрү үчүн окуу-машыгуу базалары курулду | Спорт агенттиги, Курулуш министрлиги | ||
4) Спорттук объекттерди спорттун олимпиадалык эмес, улуттук жана жаңы түрлөрү боюнча инвентарлар менен жабдуу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Спорттук объекттер жаңы инвентарлар менен жабдылды | Спорт агенттиги | ||
5) Спорттук мектептерде киберспорт, триатлон, кроссфит, автомотоспорт, спорттун адаптациялык түрлөрү, брейк-данс, спорттун экстремалдык түрлөрү сыяктуу спорттун начар өнүккөн түрлөрү боюнча секцияларды ачуу | 2027-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Шаарлар менен райондордун спорттук мектептеринде секциялар ачылды, уюштуруу түзүмү чыңдалды, укуктук жана финансылык база камсыздалды | Спорт агенттиги | ||
5-артыкчылык. Спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу | |||||
5. | Тармактын кадрдык потенциалын чыңдоого багытталган спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу системасын уюштуруу жана өнүктүрүү | 1) Спорттун теориясынын жана методикасынын, спорттук медицинанын, спорттун психологиясынын, спорттук уюмдарды башкаруунун актуалдуу маселелери боюнча ар кандай категориядагы адистер (машыктыруучулар, инструкторлор, калыстар, спорттук дарыгерлер, менеджерлер ж.б.) үчүн спорттук даярдоонун жаңы методикаларын жана технологияларын өздөштүрүү үчүн кыска мөөнөттүү /орто мөөнөттүү/узак мөөнөттүү курстар аркылуу үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу боюнча адистештирилген курстарды иштеп чыгуу жана өткөрүү | 2026-ж. II кв. – 2027-ж. IV кв. | Адистештирилген курстар иштелип чыкты жана өткөрүлүүдө | Спорт агенттиги, ИЖБИМ, КМДТСА, ССМ |
2) Билимге, жөндөмгө жана көндүмдөргө так талаптарды коюуга мүмкүндүк бере турган спорт жаатындагы адистерди (машыктыруучулар, инструкторлор, калыстар, спорттук врачтар, менеджерлер ж.б.) даярдоонун мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Мамлекеттик стандарттар иштелип чыкты жана ишке киргизилди | Спорт агенттиги, КМДТСА | ||
3) Ата мекендик жана чет өлкөлүк алдынкы адистерди тартуу менен спорттук мектептердин жана федерациялардын машыктыруучулары үчүн окуу курстарын, семинарларды жана мастер-класстарды уюштуруу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Окуу курстары, семинарлар жана мастер-класстар өткөрүлүүдө | Спорт агенттиги, КМДТСА | ||
6-артыкчылык. Спорттук медицина системасын өнүктүрүү жана институтташтыруу | |||||
6. | Инфраструктураны, кадрдык потенциалды жана спортчуларды медициналык коштоонун стандарттарын өнүктүрүүнү камтыган спорттук медицинанын туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүү | 1) Спорттук медицина жана реабилитациялоо адистеринин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу жана сертификаттоо системасын уюштуруу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Спорттук медицина жана реабилитациялоо адистеринин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу системасы түзүлдү, спорттук дарыгерлер жана реабилитологдор даярдалды | Спорт агенттиги, ССМ |
2) Өлкөнүн климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен спорттук медицина, тамактануу, спорттук психология, организмдин ресурстарын адаптациялоо жана калыбына келтирүү үчүн фармакологиялык каражаттарды колдонуу боюнча илимий адабияттарды, методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу | 2026-ж. II кв. – 2030-ж. IV кв. | Адабият жарыяланды | Спорт агенттиги, ИЖБИМ, ССМ, УИА, КМДТСА | ||
Кыскартуулардын тизмеси
| ||
Спорт агенттиги | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
«МЖӨ борбору» ММ | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси |
КМДТСА | – | Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы |
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
Агартуумин | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
Курулуш министрлиги | – | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
СӨИТМ | – | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
КРП ИУА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
УИА | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КРП ЫУӨ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |