Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 307 токтому менен бекитилди) |
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын
дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасы
1-глава. Киришүү
2-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
3-глава. Программанын максаты
4-глава. Программаны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
§ 1. 1-артыкчылыктуу багыт
Бардык курактык топтордун арасында дене тарбия жана спорт менен массалык машыгуулар деңгээлин жогорулатуу жана спорттук секциялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
§ 2. 2-артыкчылыктуу багыт
Спорттук инфраструктураны кеңейтүү, иштеп жаткан спорттук базаларды модернизациялоо, инвентарды жаңылоо
§ 3. 3-артыкчылыктуу багыт
Олимпиадалык резервди даярдоо жана спорттук резервди түзүү системасын кеңейтүү
§ 4. 4-артыкчылыктуу багыт
Спорттун олимпиадалык эмес, улуттук жана жаңы түрлөрүн өнүктүрүү
§ 5. 5-артыкчылыктуу багыт
Спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу
§ 6. 6-артыкчылыктуу багыт
Спорттук медицина системасын өнүктүрүү жана институтташтыруу
5-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
6-глава. Программаны ишке ашыруунун жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
7-глава. Программаны финансылык камсыздоо
8-глава. Программаны ишке ашыруунун этаптары
9-глава. Программага мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо
1-глава. Киришүү
1. Дене тарбия жана спорт сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууда, жарандыкка тарбиялоодо, адам капиталын өнүктүрүүдө жана өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөөдө негизги факторлор болуп саналуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясат системасында өзгөчө орунду ээлейт. Аларды өнүктүрүү калктын саламаттыгынын деңгээлин, коомдун өндүрүмдүүлүгүн жана социалдык биримдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Улуттук туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү түзүмдүк курамы катары каралат.
2. Глобалдашуу, санариптештирүү жана социалдык өзгөрүүлөрдүн тездеши шартында бардык категориядагы жарандарга дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган дене тарбия жана спорттун туруктуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу системасын түзүү зарылдыгы күчөп жатат.
3. Акыркы жылдардагы оң тенденцияларга, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө, Кыргыз Республикасынын спортчуларынын Олимпиада жана Азия оюндарына катышуусуна, ошондой эле спорттун улуттук түрлөрүнүн өнүгүп жаткандыгына карабастан тармакта спорттук инфраструктуранын өнүгүү деңгээлинин төмөндүгү, кадрдык ресурстардын жетишсиздиги, каржылоонун чектелгендиги жана мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы координациянын жетишсиздигине байланышкан бир катар проблемалар сакталып калууда.
4. Ушул 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программасы (мындан ары – Программа) аныкталган проблемаларды комплекстүү чечүүгө, тармакты башкаруунун заманбап механизмдерин түзүүгө, калктын системалуу түрдө дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартылуусун жогорулатууга, ошондой эле спорттук инфраструктураны модернизациялоого багытталган.
5. Олимпиадалык резервди даярдоого жана спорттук резервди түзүү системасын кеңейтүүгө, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин (мындан ары – БӨСМ) ишин модернизациялоого жана оптималдаштырууга өзгөчө маани берилет. Программада мектептик жана университеттик спортту активдүү колдоо жана жаштар мелдештерин үзгүлтүксүз өткөрүү каралган.
6. Кесиптик жана олимпиадалык спортту өнүктүрүү, спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү, келечектүү атлеттерди колдоо, спорттун олимпиадалык эмес, улуттук жана жаңы түрлөрүн, анын ичинде киберспортту, триатлонду, кроссфитти өнүктүрүү маанилүү багыт болуп саналат. Ошондой эле 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган жайкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына улуттук курама командалардын ийгиликтүү катышуусу үчүн шарттар түзүлүп, кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө негиздер салынууда. Заманбап билим берүү программаларын, санариптик чечимдерди жана жаңы технологияларды киргизүү жолу менен спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
7. Программанын укуктук негизин «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» жана «Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
8. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жүзөгө ашырат. Программаны ишке ашырууга министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана спорттук федерациялар катышат.
9. Кыргыз Республикасы эл аралык спорттук жана профилдик уюмдар, анын ичинде Эл аралык олимпиадалык комитет, билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюму жана Дүйнөлүк допингге каршы агенттик менен активдүү өз ара аракеттенет, бул өлкөнүн дүйнөлүк спорттук коомчулукка интеграцияланышына жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
2-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
10. Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт калктын саламаттыгын чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, адам капиталын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык имиджин жогорулатууга багытталган мамлекеттик социалдык саясаттын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат. Республикада массалык спортту өнүктүрүү, спорттук резервди даярдоо жана спорттун жогорку жетишкендиктерин колдоо боюнча чаралар ишке ашырылууда, бирок тармактын учурдагы абалы комплекстүү чечимди талап кылган системалуу проблемалардын бар экендигин көрсөтүп турат.
11. Программаны ишке ашыруунун башталышына карата Кыргыз Республикасында болжол менен 115 спорт объекти иштейт, ошол эле учурда алардын жарымынан көбү модернизациялоону жана материалдык-техникалык базасын жаңыртууну талап кылат. Спорттук курулмалардын көпчүлүгү Бишкек жана Ош шаарларында топтолгон, бул спорттук инфраструктуранын бирдей эмес жеткиликтүү болушуна алып келет жана региондордо, өзгөчө айыл жерлеринде дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектейт.
12. Калктын системалуу түрдө дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартылуу деңгээли төмөн бойдон калууда жана ал калктын болжол менен 15 пайызын түзөт, бул эл аралык сунуштамаларга жооп бербейт жана спорттун коомдук саламаттыкты чыңдоо инструменти катары потенциалын толук ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. Эң төмөнкү көрсөткүчтөр чоңдор менен региондордун тургундарынын арасында байкалат, бул инфраструктуралык жана кадрдык чектөөлөр, ошондой эле дене тарбия активдүүлүгүнүн жетишсиз жайылтылышы менен байланышкан.
13. Тармактын кадрдык потенциалы болжол менен 3 000 адистен турат, бирок квалификациялуу машыктыруучулардын, спорт дарыгерлеринин, физиологдордун, аналитиктердин жана спорт менеджерлеринин жетишсиздиги дагы эле сакталууда. Квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши, спорт илими менен медицинанын начар интеграцияланышы, ошондой эле адистердин башка чөйрөлөргө кетиши спортчуларды даярдоонун сапатына жана жалпысынан тармакты өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизүүдө.
14. Спорттун жогорку жетишкендиктерин өнүктүрүү ресурстук камсыздоо деңгээлинин жетишсиздиги жана таланттуу спортчуларды узак мөөнөттүү тандоонун, даярдоонун жана коштоонун комплекстүү системасынын жоктугу менен татаалдашууда. Муну менен бирге кыргыз спортчуларынын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин, спорттун улуттук жана этникалык түрлөрүнүн активдүү өнүгүшүн, ошондой эле эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүнү белгилеп кетүү керек, бул Кыргыз Республикасынын таанылуусун жогорулатууга жана анын оң имиджин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
15. Дене тарбия жана спортту каржылоо негизинен мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, ошол эле учурда жеке инвестициялардын жана бюджеттен тышкаркы булактардын үлүшү төмөн бойдон калууда. Бул инфраструктураны модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү жана массалык спорт программаларын кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектейт, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары – МЖӨ) механизмдерин өнүктүрүү зарылдыгын актуалдаштырат.
16. Тармакты башкаруу маалыматтык ресурстардын чачырандылыгы, кагаз жүзүндө документтерди жүгүртүүнүн басымдуулугу жана негизги көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү системасынын жоктугу менен мүнөздөлөт, бул пландаштыруунун жана башкаруу чечимдерин кабыл алуунун натыйжалуулугун төмөндөтөт.
17. Ошентип Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорттун учурдагы абалы жетишилген натыйжалардын жана чечилбеген системалык проблемалардын айкалышы менен мүнөздөлөт. Программаны ишке ашыруу калк үчүн спорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, инфраструктураны модернизациялоого, кадрдык потенциалды бекемдөөгө, каржылоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган, бул тармактын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
3-глава. Программанын максаты
18. Программанын максаты дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыккан калктын үлүшүн көбөйтүүнү, спорттук инфраструктураны модернизациялоону жана тең салмактуу өнүктүрүүнү, тармактын кадрдык потенциалын бекемдөөнү, ошондой эле башкаруу механизмдерин өркүндөтүүнүн, каржылоону кеңейтүүнүн жана санариптик чечимдерди киргизүүнүн эсебинен кыргыз спортчуларынын эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу дене тарбия жана спорттун туруктуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу системасын түзүү болуп саналат.
4-глава. Программаны өнүктүрүүнүн
артыкчылыктуу багыттары
19. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын артыкчылыктарын, ошондой эле тармактагы орун алган чакырыктарды жана проблемаларды эске алуу менен Программада төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар аныкталган:
1) Бардык курактык топтордун арасында дене тарбия жана спорт менен массалык машыгуулар деңгээлин жогорулатуу жана спорттук секциялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
2) Спорттук инфраструктураны кеңейтүү, иштеп жаткан спорт базаларын модернизациялоо, инвентарды жаңылоо;
3) Олимпиадалык резервди даярдоо жана спорттук резервди түзүү системасын кеңейтүү;
4) Спорттун олимпиадалык эмес, улуттук жана жаңы түрлөрүн өнүктүрүү;
5) Спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу;
6) Спорттук медицина системасын өнүктүрүү жана институтташтыруу.
§ 1. 1-артыкчылыктуу багыт
Бардык курактык топтордун арасында дене тарбия жана спорт
менен массалык машыгуулар деңгээлин жогорулатуу жана
спорттук секциялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
20. Калк арасында дене тарбия жана спортту андан ары өнүктүрүү дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыгууга тартуу аркылуу калкты, анын ичинде балдарды жана өспүрүмдөрдү массалык түрдө камтуу жолу менен ишке ашырылат.
21. Калктын бардык катмарын дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу үчүн массалык спорт төмөнкү курактык категориялар боюнча классификацияланат: 3–5 жаш (мектепке чейинки курак), 6–13 жаш (балдар), 14–18 жаш (өспүрүмдөр), 19–35 жаш (жаш курак), 36–65 жаш (орто курак), 65+ (улуу курак). Ар бир категория үчүн курактык, физиологиялык өзгөчөлүктөрдү жана инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү сыяктуу башка шарттарды эске алуу менен иш-чаралар каралат.
22. Ошону менен бирге машыккандарды туура эсептөө үчүн калк арасында спорт менен системалуу түрдө машыккандарды эсептөө методикасына өзгөртүүлөр киргизилет.
23. Сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоонун алкагында жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан 2026–2030-жылдары өлкө боюнча жыл сайын жарандардын бардык категорияларынын арасында 3 000ден ашык спорттук-массалык иш-чара өткөрүлөт. Бул иш-чаралардын тизмеги жыл сайын кийинки жылга 25-декабрга чейин түзүлөт.
24. Жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары – ЖМК) (телевизиондук сюжеттер, фильмдер, видеороликтер) жана социалдык тармактар аркылуу дене тарбия жана спортту жайылтуу боюнча иштер кыргыз контентинин үлүшүн көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт. Бул процесстердин таасири калктын керектөөлөрүн эске алуу менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоо инфраструктурасынын өнүгүшүнө, тейлөө формаларынын, массалык спорттун кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо методдорунун жана каражаттарынын көп түрдүүлүгүнө, спорттук сервистин өсүшүнө алып келет.
25. Бул чаралар спорт менен системалуу түрдө машыккан калктын үлүшүн 15тен 30 пайызга чейин жогорулатууга багытталат.
1) Балдар спорту
26. Курактык топ – 3–5, 6–13, 14–18 жаш. Бул топтогу адамдарды массалык спортко тартуу негизинен мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары тарабынан спорттук секцияларды түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
27. Бул курактык топ үчүн «Мектеп лигасынын» алкагында спорттун түрлөрү боюнча ар түрдүү спорттук мелдештер өткөрүлөт.
28. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн негизги контингенти билим берүү түзүмүндө, билим берүү уюмдарында болгондугун эске алуу менен туруктуу негизде иштеген спорттук клубдар жана командалар түзүлөт. Спорттук клубдар менен окуу жайлардын командаларынын ортосунда спорттун түрлөрү боюнча үч тандоо этабында комплекстүү мелдештер өткөрүлөт: райондук, облустук жана республикалык.
29. Ар бир мектепте экиден (айылдык мектептер үчүн) / төрттөн (шаардык мектептер үчүн) кем эмес спорттук клубдардын командалары жана туруктуу негизде иштеген командалар түзүлөт.
2) Жаштар үчүн спорт
30. Курактык топ – 19–35 жаш. Бул топтогу адамдарды массалык спортко тартуу негизинен жогорку окуу жайлары (мындан ары – ЖОЖ) жана кесиптик орто окуу жайлары (мындан ары – КООЖ) тарабынан аларды жеткиликтүү спорттук секциялар менен камсыз кылуу жана студенттик лигалардын алкагында ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
31. Төмөнкүдөй чаралар кабыл алынат:
– дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук иш-чараларды маалыматтык коштоо жолу менен студенттик спорттук кыймылды өнүктүрүү;
– материалдык базаны чыңдоо жана спорттук инвентардын ар түрдүүлүгү, анын заманбап талаптарга шайкештиги;
– спорттун түрлөрүн көбөйтүү жолу менен универсиадалардын (спартакиадалардын) программаларын кеңейтүү;
– дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыгуу, спорттук клубдардын иши жана мелдештерге окугандардын катышуусун кеңейтүү үчүн ЖОЖдордо жана КООЖдордо шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
– дене тарбия жана спорт жаатындагы билимдерди жана жетишкендиктерди, сергек жашоо мүнөзүнүн принциптерин, анын ичинде жаштардын ичинен жогорку класстагы спортчулардын катышуусу менен пропагандалоо;
– спорт аянтчаларын, машыгуу залдарын түзүү, ар кандай секцияларды уюштуруу жолу менен дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү бөлүгүндө ЖОЖдорго жана КООЖдорго талаптарды күчөтүү.
3) Чоңдор үчүн спорт
32. Курактык топ – 36–65 жаш. Бул категориядагы адамдарды массалык спортко тартуу спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
33. Чоңдордун дене тарбия даярдыгына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде жумуш берүүчүлөр үчүн жумушчу калк арасында спортту өнүктүрүү боюнча методикалык сунуштамалар иштелип чыгат, алар төмөнкүдөй маселелерди да камтыйт:
– эмгек шарттарын жакшыртууга, кесиптик ооруларды азайтууга багытталган иш-чаралар системасына өндүрүштүк дене тарбияны киргизүү;
– компаниялардын, фирмалардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилиги тарабынан ден соолукту чыңдоо программаларын, эмгекчилер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү арасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү программаларын кабыл алуу.
34. Спорттук залдардын жана объекттердин материалдык базасын бекемдөөгө чарбалык иштин натыйжасында уюмдардын кирешесинен каражаттарды тартуу үчүн мыйзамдык жана ченемдик база түзүлөт.
35. Жамааттардын белгилүү бир топторунун арасында спартакиадалар уюштурулат (майыптыгы бар адамдар, мамлекеттик кызматкерлер, медицина кызматкерлери, ЖМК, финансылык түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана башкалар арасында спартакиада).
4) Улгайган адамдар үчүн спорт
36. Курактык топ – 65+ (улуу курак). «Атлет 40+» долбоору бүткүл өлкө боюнча масштабдалат. Бардык региондордо скандинавиялык басуу жана йога боюнча сабактар уюштурулат. Скандинавиялык басуу мертинүү коркунучу жок, жеткиликтүү жана популярдуулугу артып жаткан спорттун түрү болуп саналат.
37. Массалык сабактар жалпыга жеткиликтүү, дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн атайын өзүнчө бөлүнгөн жерлерде өткөрүлөт. Ачык асман алдында машыгуулар шаарларда да, айыл аймактарында да бардык жерлерде БӨСМдин машыктыруучу-окутуучуларын тартуу жана балдардан тартып улгайган курактагы адамдарга чейин кеңири массаны камтуу менен өткөрүлөт. Катышуучуларды каттоо атайын программада жүргүзүлөт, анда негизги маалыматтар, анын ичинде курактык топ жана жүктөмдөр боюнча чектөөлөр камтылат.
38. Бул долбоор күн сайын жөө аралыкта машыктыруучулардын так көзөмөлүндө дене тарбия жана спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк берет.
39. Социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо органдары менен биргеликте улгайган курактагы адамдарды дене тарбия жана спорт менен активдүү машыгууга тартуу, дене тарбия каражаттарын жана ден соолукту чыңдоо технологияларын кеңири пайдалануу боюнча чаралардын комплекси иштелип чыгат.
5) Инклюзивдик спортту өнүктүрүү
40. Дене тарбия жана спорт менен системалуу түрдө машыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү калктын үлүшүн көбөйтүү максатында дене тарбия жана спорт менен машыгууга каршы көрсөтмөлөрү жок майыптыгы бар адамдар арасында спорттун түрлөрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлөт.
41. 2030-жылга чейин өлкөнүн региондорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн бардык спорттук комплекстерде шарттарды түзүү пландаштырылууда, башка спорттук объекттерде бул милдет этап-этабы менен жүзөгө ашырылат. 2030-жылга карата спорттук инфраструктуранын жеткиликтүүлүк көрсөткүчүн 100 пайызга чейин жеткирүү пландаштырылууда, атап айтканда, чоңдорго жана майыптыгы бар балдарга спорт менен машыгуу үчүн атайын тренажерлорду жана спорттук инвентарды орнотуу жолу менен.
42. Мындан тышкары спорттук курулмалар пандустар, атайын лифттер, эшик коңгуроолору/домофондор, эшиктер, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген калктын аз мобилдүү топтору үчүн объекттердин жеткиликтүүлүк маселелерин регламенттеген тиешелүү ченемдик-техникалык документтер менен камсыз кылынат.
§ 2. 2-артыкчылыктуу багыт
Спорттук инфраструктураны кеңейтүү, иштеп жаткан спорттук
базаларды модернизациялоо, инвентарды жаңылоо
43. Дене тарбия жана спорт менен машыккан калктын санын көбөйтүү үчүн айрыкча айыл жерлеринде тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүнү камсыз кылуу зарыл.
44. Спорттук инфраструктуранын тартыштыгын азайтуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына спорттук объекттерге, анын ичинде айыл аймактарында муктаждыкты азайтуу боюнча чараларды төмөнкүлөрдү куруу жолу менен кабыл алуу сунуш кылынат:
– спорттук өзөктөр түрүндөгү бюджети аз жалпак спорттук курулмаларды (ачык футбол талаалары, баскетбол жана волейбол үчүн аралаш аянтчалар, гимнастикалык аянтчалар, узундукка секирүү үчүн жерлер, стол тенниси үчүн аянтчалар жана башкалар кирет). Курулмалардын бул түрү долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну талап кылбайт жана аларды күтүү жергиликтүү бюджеттерге оорчулук жаратпайт;
– өтө муктаж айыл аймактарында тез курулуучу чыгымы аз модулдук спорт комплекстери.
45. Айыл аймактардын климаттык, географиялык өзгөчөлүктөрүнө жана андагы калктын жыштыгына жараша жетиштүү сандагы спорттук курулмалар менен камсыз болушуна байланышкан проблемаларды чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги иштеп жаткан дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук курулмаларды реестрге ылайык инвентаризациялоону жүргүзөт.
46. Физикалык активдүүлүк үчүн жакын аралыктагы спорттук инфраструктура – коопсуз чуркоо жана велосипед жолдору, спорттук зоналар, жөө жана ат минүү маршруттары түзүлөт.
47. Курулуп жаткан спорттук объекттерге мониторинг долбоордук башкаруунун маалыматтык системасынын алкагында жүргүзүлөт. Мониторингдин натыйжалары пайдаланууга берилген объекттердин динамикасын контролдоого мүмкүндүк берет, тартыштыкты азайтуу жана өлкөнүн региондору боюнча спорттук инфраструктурага керектөөлөрдү канааттандыруу максатында колдонулат. Эл аралык талаптарга ылайык келген, ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү аткаруу органдары, спорттук федерациялар тарабынан аккредитацияланган спорттук объекттердин санын көбөйтүү үчүн спорттук объекттер спорттун түрлөрү боюнча, анын ичинде МЖӨ механизми боюнча куруу боюнча иштер активдештирилет, ошондой эле спорттук инфраструктураны курууга бизнеске дем берүү боюнча чаралар иштелип чыгат.
48. Спорттук уюмдар, командалар, машыктыруучулар, калыстар жана спорттук иш-чаралар жөнүндө маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу Дене тарбия жана спорттун улуттук санариптик платформасын (e-sport) түзүү аркылуу тармакты санариптик трансформациялоо каралууда.
49. Е-sport платформасы төмөнкүлөргө арналган:
– спортчулардын, машыктыруучулардын, калыстардын жана методисттердин натыйжаларына мониторинг жүргүзүүгө;
– кесипкөй кадрларды даярдоо системасын өнүктүрүүгө жана кадрлардын тартыштыгын азайтууга;
– спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырууга;
– отчеттук жүктөмдү азайтуу максатында административдик маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну автоматташтырууга.
50. Е-sport алкагында төмөнкү сервистерди киргизүү каралууда:
– спорттук иш-чараларды башкаруу (электрондук календарь, өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүүлөр, мелдештердин электрондук протоколдору);
– спортчунун, машыктыруучунун, калыстын жана методисттин электрондук паспорту (таандыктыгын жана квалификациясын ырастоо, натыйжаларды жана спорттук наамдарды эсепке алуу, бирдиктүү борборлоштурулган маалыматтар базасы);
– спорттук инфраструктураны башкаруу (спорттук объекттерди санарипке өткөрүү жана иштеп жаткан секциялар жөнүндө калкка маалымат берүү).
51. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Спорт агенттиги), анын ведомстволук жана аймактык мекемелери, спорт федерациялары, ошондой эле жергиликтүү аткаруу органдары е-sport платформасынын колдонуучулары болуп саналат.
§ 3. 3-артыкчылыктуу багыт
Олимпиадалык резервди даярдоо жана спорттук резервди
түзүү системасын кеңейтүү
52. Ар бир Олимпиада оюндарынан кийин Эл аралык олимпиада комитетинин спорттун түрлөрүнүн көргөзмөлүүлүгүн жана коммерциялашуусун жогорулатуу боюнча саясатына ылайык эл аралык спорт федерациялары спорттун түрлөрү боюнча эрежелерди жана Олимпиада оюндарына тандоо системасын кайра карап чыгат.
53. Тандоо системасына жана атлеттердин атаандаштык ишине дайыма киргизилип туруучу өзгөртүүлөр жогорку класстагы спортчуларды даярдоо технологияларын жана методдорун өркүндөтүүнү талап кылат.
54. Коюлган комплекстүү милдеттерди чечүүгө карата программалык-максаттуу мамиленин натыйжалуу, бир нече жолу сыналган механизминин тажрыйбасы, жалпысынан мыйзамдык колдоо, ошондой эле жогорку класстагы спортчуларды даярдоо боюнча эл аралык тажрыйбаны талдоо спорттук резервди даярдоонун учурдагы системасын корректировкалоо жана өркүндөтүү, инфраструктуралык жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгын аныктады.
55. Спортчулардын бир дене тарбия-спорт уюмунан экинчисине системалуу түрдө өтүшүн ишке ашыруу, спортчуларды даярдоо боюнча каржылоонун кайталанышын, спорттук-массалык иш-чаралардын бирдиктүү календарынын шайкеш келбешин ведомстволор аралык жана деңгээлдер аралык бөлүнүүчүлүктү жана макулдашылбагандыкты жоюу максатында спорттук резервди даярдоо боюнча милдеттерди чечүүдө спорттук резервди даярдоонун колдонуудагы системасы спорттук резервди даярдоону жүзөгө ашыруучу дене тарбия-спорттук уюмдардын ортосунда функцияларды так ажыратуу жолу менен кайра каралат.
56. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен спорттук резервди даярдоонун колдонуудагы системасына машыгуу борборлорун киргизүү пландалууда, алар биринчи номерлердеги гана эмес, ошондой эле спорттун артыкчылыктуу түрлөрү боюнча бардык шыктуу спортчуларды жыл бою үзгүлтүксүз окутуу-машыктыруу процессин камсыз кылат.
57. Мындан тышкары өлкөнүн аймагында жана анын чегинен тышкары өткөрүлүүчү спорттук иш-чараларга даярдануу жана катышуу мезгилинде спортчуларды, машыктыруучуларды жана дене тарбия жана спорт жаатындагы адистерди спорттук инвентарлар жана жабдуулар менен камсыз кылуу максатында БӨСМнын жабдылышына талдоо жүргүзүлөт, анын натыйжасы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселеси иштелип чыгат.
58. Окуу-машыгуу жыйындарынын жана машыктыруучу-окутуучу курамдын сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт, бул көрүнүктүү спортчулардын, машыктыруучулардын, балдар жана жаштар менен иштеген новатор-изилдөөчүлөрдүн практикалык иш тажрыйбасын (чеберчиликтин сырларын) жалпылоо жана жайылтуу жолу менен, спортчуларды жогорку сапатта даярдагандыгы жана алардын спорттук даярдыктын кийинки этабына өтүшү үчүн машыктыруучу-окутуучуларга дем берүүчү төлөмдөрдү киргизүү аркылуу ишке ашырылат, бул болсо республикалык спорт колледжинин жана региондук олимпиадалык резерв мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн үлүшүнүн өсүү динамикасына оң таасирин тийгизет.
59. Жогорку спорттук натыйжаларга жетишүү үчүн улуттук курама команданын спортчуларын инфраструктуралык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
60. Улуттук курама командалардын спортчуларынын спорттук-массалык иш-чаралардын бирдиктүү республикалык календарына жана эл аралык спорттук мелдештердин тизмегине ылайык эл аралык спорттук мелдештерге катышуусу улантылат.
61. Спорттук-массалык иш-чаралардын республикалык календарын түзүүдө улуттук курама командалардын спортчуларынын климаттык шарттарды (бийик тоолуу жана бөксө тоолуу шарттарды), убакыт алкагын, ар бир атлеттин формасынын жогорку даярдыкта болуусун расмий эл аралык спорттук мелдештерге туура келтирүү үчүн спорттук базалардын болушун эске алуу менен тигил же бул окуу-машыгуу жыйындарына жана мелдештерге катышуусунун максатка ылайыктыгы маселелери каралат.
62. Бул багыттын алкагында спорттун өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан олимпиадалык түрлөрү үчүн өздүк окуу-машыгуу базаларын куруу каралууда.
63. Олимпиада оюндарына катышуу – бул улуттук кадыр-барктын жана эл аралык таанылуунун символу гана эмес, ошондой эле бүтүндөй ата мекендик спортту өнүктүрүү, инфраструктураны модернизациялоо, спорттук резервди тандоо, тарбиялоо жана колдоо системасын өркүндөтүү үчүн эң күчтүү дем берүү болуп саналат.
64. Бул Программа 2028-жылга карата спорттун ар кандай түрлөрү боюнча кеминде 24 олимпиадалык (паралимпиадалык) лицензия алууну көздөгөн амбициялуу, ошону менен бирге ишке аша турган максатты коет. Бул максатка жетүү үчүн келечектүү жаш таланттарды тандоодон баштап улуттук олимпиадалык курама команданы түзүүгө чейинки спорттук даярдыктын бардык этаптарын камтыган комплекстүү ыкма ишке ашырылууда. Спортчуларга, машыктыруучуларга жана адистерге материалдык жана социалдык дем берүү, ошондой эле сапаттуу медициналык коштоо, илимий-методикалык камсыздоо жана спорттук аналитиканын, психологиянын, тамактануунун жана калыбына келтирүүнүн заманбап технологияларын киргизүү каралган өспүрүмдөр жана жаштар курама командаларынан баштап олимпиадалык лицензияларга талапкерлерди узак мөөнөттүү пландаштыруунун жана коштоонун туруктуу системасы түзүлөт. Паралимпиадачыларды, сурдолимпиадачыларды даярдоо, машыгуу программаларын өнүктүрүү, жеткиликтүү чөйрөнү түзүү жана адаптациялык дене тарбия жана спорт боюнча адистерди окутуу өзүнчө каралган.
§ 4. 4-артыкчылыктуу багыт
Спорттун олимпиадалык эмес, улуттук жана
жаңы түрлөрүн өнүктүрүү
65. Олимпиадалык эмес дисциплиналарды, анын ичинде киберспорт, триатлон, кроссфит жана башка келечектүү, бирок калыптануу баскычында турган, жаштарды тартууда жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтууда жогорку потенциалга ээ болгон спорттук активдүүлүктүн аз өнүккөн формаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Инновациялык жана жаштар спортунун түрлөрү жаңы катышуучулардын кызыгуусун жана катышуусун шарттаган атайын программалар аркылуу колдоого алынат.
66. Спорттун улуттук түрлөрүн андан ары өнүктүрүү өлкөнүн бардык калктуу конуштары боюнча спорттун улуттук түрлөрүнүн горизонтторун активдүү өстүрүү жана кеңейтүү жолу менен жүзөгө ашырылат, мында спорттун бул түрлөрү менен машыккандар аз камтылган түндүк региондорго басым жасалат. Ошол эле учурда, бул өнүктүрүү жана популяризациялоо спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерацияларды тартуу менен этностун тарыхын, менталитетин жана салтын чагылдырган ата мекендик бренд катары спорттун улуттук түрлөрүн калыптандыруу менен коштолот.
67. Ар бир райондо спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча борборлорду ачуу каралган. Көрсөтүлгөн чаралар 2030-жылы спорттун улуттук түрлөрү менен машыккан жарандардын үлүшүн дене тарбия жана спорт менен машыккандардын жалпы санынан 9,6 пайызга чейин көбөйтүүгө жана спорттун улуттук түрлөрүн кеңири жайылтууга мүмкүндүк берет.
§ 5. 5-артыкчылыктуу багыт
Спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу
68. Дене тарбия жана спорт жаатындагы адистердин, анын ичинде спорттук врачтардын, спорттук психологдордун, диетологдордун, нутрициологдордун тартыштыгын азайтуу үчүн аларга болгон керектөөлөргө деталдуу талдоо жүргүзүлөт. Бул талдоонун жана андан аркы мониторингдин негизинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте тиешелүү кадрларды даярдоого мамлекеттик билим берүү заказын көбөйтүү маселеси иштелип чыгат.
69. Майыптыгы бар адамдардын арасында спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте адаптациялык дене тарбия боюнча машыктыруучуларды, окутуучуларды жана адистерди даярдоо маселелери иштелип чыгат.
70. Машыктыруучу-окутуучу курамдын сапатын жогорулатуу, дене тарбия жана спорт жаатындагы адистерди даярдаган иштеп жаткан ЖОЖдордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, профилдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатуудан өткөн машыктыруучу-окутуучу курамдын үлүшүн көбөйтүү бөлүгүндө ишти активдештирүү боюнча маселе иштелип чыгат.
71. Спортчулардын окуу жайды аяктагандан кийин спорттук карьерасын улантууга түрткү берүү дагы маанилүү маселе бойдон калууда. Бул кадрдык курамдын сапатын жакшыртуу үчүн зарыл, анткени спортчулардын көндүмдөрү жана алган билими менен бирге практикалык тажрыйбасы аларга машыктыруучулук ишти сын көз менен баалоого гана эмес, өздүк даярдоо методикасын иштеп чыгууга, башка адистердин сунуштамаларын эске алуу менен машыгуу пландарын сапаттуу түзүүгө мүмкүндүк берет.
72. Спортчуларды даярдоонун бардык этаптарында машыктыруучулар үчүн жогорку спорттук натыйжалар үчүн биринчи, жеке жана башкы машыктыруучулар үчүн гана төлөмдөр каралган колдонуудагы бир жолку төлөмдөрдүн ордуна жогорку спорттук натыйжалар үчүн бир жолку төлөмдөрдү төлөө принциби кайра каралат. Бул чаралар сапаттуу спорттук резервди системалуу даярдоодо машыктыруучулардын шыктануусун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
73. Республикалык аккредитацияланган спорттук федерациялар спорттун түрлөрү боюнча спорттук калыстарды даярдайт. Кыргыз калыстар корпусунун эл аралык аренадагы өкүлчүлүгүн көбөйтүү жолу менен спорттун түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар менен байланыштарды жөнгө салуу боюнча иштер күчөтүлөт.
74. Чет өлкөлүк лекторлорду тартуу менен Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ишинин алкагында машыктыруучу-окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш активдештирилет жана улантылат.
75. Дене тарбия жана спорт жаатындагы адистердин, анын ичинде спорттук дарыгерлердин тартыштыгын азайтуу максатында кесипкөй машыктыруучу кадрларды даярдоо системасы бекемделет, ата мекендик окуу жайларда адистерди даярдоонун эсебинен тармактагы кадрдык тартыштык жоюлат.
76. Массалык спортту өнүктүрүү, болгон спорттук инфраструктураны бекемдөө жана жаңы спорттук инфраструктураны куруу, кадрдык потенциалды жогорулатуу, спорттук резервди модернизациялоо жана сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар эл аралык спорттук аренада спорттун түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын спортчуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
§ 6. 6-артыкчылыктуу багыт
Спорттук медицина системасын өнүктүрүү жана
институтташтыруу
77. Спортто жогорку натыйжаларга жетишүүнү камсыз кылуу үчүн алдынкы спорттук өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде жогорку класстагы спортчуларды даярдоонун бардык этаптарында медициналык жана илимий коштоонун сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
78. Даярдыктан өтүүдө жаш спортчулардын кесиптик жактан чаалыгуусун болтурбоо максатында алардын курактык, физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөрү эске алынат.
5-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
79. Программаны ишке ашыруу массалык спортту өнүктүрүү, жарандардын ден соолугун чыңдоо, спорттук билим берүүнүн жана илимдин улуттук системасын калыптандыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык аброюн жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт. Узак мөөнөттүү келечекте оорулардын азайышы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү, спорттук туризмди өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатынын жакшырышы күтүлүүдө. Программа улуттун сергек келечегин камсыз кылуу жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу менен заманбап, жеткиликтүү жана туруктуу спорттук системанын негизи болот.
80. 2030-жылга карата Программанын натыйжаларына жетишүү төмөнкү сандык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт:
– калкты сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүгө тартуу деңгээли – 30 пайыздан кем эмес;
– спорттук объекттердин саны – 3 500 бирдик;
– спорт жаатында 1 000 адисти даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
– эл аралык спорттук жетишкендиктердин 40 пайызга өсүшү;
– МЖӨ долбоорлорунун алкагында спорттук объекттерди курууга жана күтүүгө инвестицияларды тартуунун үлүшү – 30 пайыздан кем эмес.
6-глава. Программаны ишке ашыруунун
жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
81. Ушул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги өбөлгөлөрү болуп Кыргыз Республикасынын калкынын дене тарбияга жана спортко болгон туруктуу өсүп келе жаткан кызыгуусу, коомдун сергек жашоо мүнөзүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүсү, ошондой эле мамлекет бул чөйрөнү өнүктүрүү маселелерине системалуу көңүл буруусу саналат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети спорттук коомчулуктун, жарандык коомдун жана жалпы калктын суроо-талаптарын эске алуу менен дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүүгө саясий эркти жана умтулууну көрсөтөт. Акыркы жылдары мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден спорт тармагын каржылоонун көлөмү туруктуу өсүүдө, МЖӨ механизмдери активдүү өнүгүүдө, заманбап спорттук инфраструктураны курууга жана кесипкөй командалар менен спортчуларды колдоого жеке сектордун кызыгуусу өсүүдө.
82. Спорттун түрлөрү боюнча федерациялар жана башка спорттук уюмдар чектелүү ресурстарга карабастан, массалык спортту жана жогорку жетишкендик спортун өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзө алышты. Федерациялар спортчулар, машыктыруучулар жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча маанилүү тажрыйба топтоп, мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү түзүштү, бул Программанын иш-чараларын ишке ашырууга оң таасирин тийгизет.
83. Ошону менен бирге Программаны ишке ашыруу бир катар потенциалдуу тобокелдиктерди камтыйт. Алардын негизгилери болуп Программанын иш-чараларын каржылоонун чектелгендиги же кечиктирилиши, мүмкүн болгон бюрократиялык тоскоолдуктар жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде спорттук базаларды, машыгуу комплекстерин жана адистештирилген спорттук объекттерди ишке ашырууда ведомстволор аралык координациялоонун натыйжасыздыгы саналат. Жетиштүү инфраструктуранын жоктугу массалык спортту өнүктүрүүдө жана спортчуларды жогорку натыйжаларга жетишүүгө даярдоодо сапаттуу жетишкендиктерди камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт. Буга байланыштуу спорттук инфраструктура объекттерин өз убагында каржылоо, долбоорлоо жана куруу, зарыл болгон техникалык жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоо маселелери бардык тартылган тараптардын биринчи кезектеги милдети болууга тийиш.
84. Бардык стратегиялык багыттар өз ара байланышкан жана жалпы максатка – Кыргыз Республикасын спорттук өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгаруу, улуттун ден соолугун жана гармониялуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, эл аралык аренада өлкөнүн аброюн жогорулатуу, бардык региондордо жана жарандардын бардык категориялары үчүн спорт менен машыгуу үчүн заманбап шарттарды түзүү, ошондой эле спорттун жаңы жана аз өнүккөн, бирок келечектүү түрлөрүн улуттук системага интеграциялоо максатына баш иет.
7-глава. Программаны финансылык камсыздоо
85. Ушул Программада каралган иш-чараларды ишке ашыруу тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле МЖӨ механизмдери, демөөрчүлүк жана донордук жардам, эл аралык гранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактары сыяктуу бюджеттен тышкаркы ресурстарды тартуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Жеке инвестицияларды тартуу жана эл аралык уюмдар жана спорттук федерациялар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү финансылык туруктуулукту камсыз кылуунун жана Программанын максаттарына жетишүүнүн маанилүү инструменти болуп калат.
86. Финансылык эсептөөлөр баалоо мүнөзүндө болот жана алардын толук сметасын иштеп чыгууда ушул Программаны ишке ашыруу процессинде түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.
8-глава. Программаны ишке ашыруунун этаптары
87. Программа үч этапта ишке ашырылат:
I этап (2026-жыл) – ченемдик базаны иштеп чыгуу, кадрларды даярдоо, санариптештирүүнүн башталышы жана пилоттук долбоорлорду тестирлөө.
II этап (2027–2028-жылдар) – объекттерди активдүү куруу, программаларды массалык түрдө киргизүү жана жогорку жетишкендиктердин спортун өнүктүрүү.
III этап (2029–2030-жылдар) – объекттерди курууну аяктоо, натыйжаларды баалоо, 2040-жылга чейинки стратегияны даярдоо.
9-глава. Программага мониторинг жүргүзүү жана
натыйжалуулугун баалоо
88. Ушул Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасы комплекстүү ыкмага негизделет жана индикаторлордун эки негизги тобун камтыйт:
1) Программанын милдеттерин жана иш-чараларын аткаруунун пландык жана мезгил-мезгили менен байкалып туруучу көрсөткүчтөрүнө негизделген;
2) негизги бенефициарлардын, анын ичинде спортчулардын, машыктыруучулардын, спорттук федерациялардын жана башка кызыкдар тараптардын канааттануу деңгээлин мүнөздөөчү.
89. Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу индикаторлордун тизмеси ушул Программага тиркелген индикаторлордун матрицасында келтирилет (4-тиркеме). Мониторинг жана баалоо системасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгында белгиленген милдеттерге жетишүүгө Программанын кошкон салымын чагылдырат.
90. Мониторинг жана баалоо Спорт агенттиги тарабынан жарым жылдык жана ар жылдык отчеттордун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлөт.
91. Мониторингдин жана баалоонун натыйжаларынын негизинде Спорт агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ушул Программаны ишке ашыруунун максималдуу натыйжалуулугуна жетишүү үчүн анын жоболорун тактоо, толуктоо же түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.