Редакцияот 23.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 23-апрели № 274

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

«Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

– 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

«4) инвестор тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, ошондой эле инвестициялык макулдашуунун шарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты берүү тартибин жана мөөнөттөрүн.».

2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана штаттык персоналдын бекитилген санынын алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев