Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-апрели № 291
Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары, иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2, 3, 4-тиркемелерге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 5, 6, 7-тиркемелерге ылайык.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине төмөнкүдөй үстөк төлөнөт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция», «Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция», «Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция», Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекция», «Допингге каршы улуттук борбор» допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция», «Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи», «Региондук олимпиадалык резерв мектеби» мекемелеринин, «Ынтымак», «Тайманбас», «Күлүк» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринин административдик-башкаруу персоналынан тышкары, өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы жана олуттуу иш тажрыйбасы үчүн кызматтык маянага 30 пайыз өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция», «Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция», «Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция», Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекция», «Допингге каршы улуттук борбор» допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция», «Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи», «Региондук олимпиадалык резерв мектеби» мекемелеринин, «Ынтымак», «Тайманбас», «Күлүк» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринин административдик-башкаруу персоналына өндүрүмдүүлүгү, жогорку квалификациясы, функциялык милдеттерди сапаттуу аткаргандыгы жана эл аралык спорттук аренада жогорку натыйжаларга жетүүгө кошкон салымы үчүн кызматтык маянага 50 пайызга чейин;
– балансында же ыкчам башкаруусунда спорттук курулмалар бар мекемелердин административдик-башкаруу персоналына ар бир база үчүн 10 пайызга чейин;
2) «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери» деген спорттук наамдары бар спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 800 сом өлчөмүндө үстөк белгиленет.
4. Төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөмдөр белгиленсин:
- дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) 15 000 сом өлчөмүндө;
- техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөмдөр өргүүлөрдү, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана бир ставкага төлөнөт.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
1-глава. «Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция», «Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция»,
«Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекция», «Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекция»,
«Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси»
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,00 |
3 | Ат майдандын башчысы | 3,85 |
4 | Башкы бухгалтер | 3,45 |
5 | Кадрлар боюнча адис | 2,90 |
6 | Юрист | 2,90 |
7 | Бухгалтер | 2,85 |
8 | Ат майдандын бухгалтери | 2,85 |
9 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,85 |
10 | Басма сөз катчысы | 2,85 |
11 | Методист | 2,85 |
12 | Бухгалтер-кассир | 2,75 |
2-глава. «Допингге каршы улуттук борбор» допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция»
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Бөлүмдүн башчысы | 3,55 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,45 |
4 | Юрист | 2,90 |
5 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,85 |
6 | Инспектор | 2,85 |
3-глава. «Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи», «Региондук олимпиадалык резерв мектеби»
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери РСК, РОРМ |
1 | Директор | 3,80 |
2 | Директордун орун басары | 3,40 |
3 | Спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин башчысы | 3,40 |
4 | Башкы бухгалтер | 2,90 |
5 | Юрист | 2,55 |
6 | Мамлекеттик тил боюнча адис | 2,55 |
7 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,55 |
8 | Кадрлар боюнча адис | 2,55 |
9 | Бухгалтер | 2,55 |
10 | Методист | 2,55 |
11 | Бухгалтер-кассир | 2,55 |
12 | Инженер-программист | 2,55 |
Эскертүү:
РСК – Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи;
РОРМ – Региондук олимпиадалык резерв мектеби.
4-глава. Балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептери жана балдар-өспүрүмдөр паралимпиадалык резерв мектептери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери | ||
«Ынтымак», «Тайманбас», «Күлүк» АБӨОРМ | АБӨОРМ | БӨСМ | ||
1 | Директор | 3,35 | 3,35 | 3,15 |
2 | Директордун орун басары | 3,00 | 3,00 | 2,85 |
3 | Башкы бухгалтер | 2,90 | 2,90 | 2,70 |
4 | Бухгалтер | 2,55 | 2,55 | 2,40 |
5 | Методист | 2,55 | 2,55 | 2,40 |
6 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,55 | 2,55 | 2,40 |
Эскертүү:
АБӨОРМ – адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектеби;
БӨСМ – балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби.
5-глава. Машыктыруучу-окутуучулук курам
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкы машыктыруучу | 4,05 |
2 | Улук машыктыруучу | 4,00 |
3 | Жогорку билими бар машыктыруучу | 3,85 |
4 | Атайын орто билими бар машыктыруучу | 3,65 |
5 | Атайын билими жок машыктыруучу | 2,80 |
6-глава. Спорт боюнча инструкторлор
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Спорт боюнча инструктор | 2,85 |
7-глава. Машыктыруучу-окутуучулук курамдын кызматтык маяналарына үстөктөрдүн өлчөмдөрү
1. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекцияда, адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектептеринде, региондук олимпиадалык резерв мектебинде, спорт колледждеринде, балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин спортту өркүндөтүү жана жогорку чеберчилик топторунда иштеген спорт боюнча машыктыруучуларга – окутуучуларга кесиптик чеберчилиги үчүн кызматтык маянасынын 15 пайызы өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт.
2. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дене тарбия жана спорт кызматкери» ардак наамына ээ болгон спорт боюнча машыктыруучуларга – окутуучуларга иштеген жылдары, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегени үчүн кызматтык маянасына нормативдик укуктук актыларга ылайык үстөктөр белгиленет.
3. Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжине жана Региондук олимпиадалык резерв мектебине спортчуларды даярдагандыгы жана өткөргөндүгү үчүн машыктыруучуларга окуунун бардык мезгили ичинде ар бир спортчу үчүн кызматтык маянасына 10 пайыз өлчөмдө кошумча акы төлөнөт. Спортчуларды Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекцияга, Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясына, «Ынтымак» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебине, «Тайманбас» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебине, «Күлүк» адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебине өткөргөнү үчүн машыктыруучуга ар бир спортчу үчүн 20 пайызга чейинки кошумча акы төлөнөт.
4. Жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды өткөргөндүгү үчүн машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына кошумча акылар ар бир спортчу үчүн эң жогорку көрсөткүч боюнча төлөнөт жана эки жыл бою колдонулат.
Иш-чаранын аталышы | Үстөктүн өлчөмү, % менен | ||
100 %га чейин | 75 %га чейин | 50 %га чейин | |
Ээлеген орундар | |||
Олимпиадалык оюндар, паралимпиадалык оюндар жана сурдлимпиадалык оюндар | 1, 2 | 3, 4 | 5, 6 |
Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндары | 1 | 2, 3 | 4, 5 |
Чоңдор арасында дүйнөлүк чемпионат | 1, 2 | 3, 4 | 5 |
Дүйнөлүк универсиада | 1 | 2 | 3 |
Майыптар арасында дүйнөлүк чемпионат | 1 | 2 | 3 |
Азия оюндары | 1 | 2 | 3 |
Азия чемпионаты | – | 1 | 2, 3 |
Дүйнөлүк чемпионат: |
|
|
|
– жаштар арасында (U-20, U-22, U-23); | – | 1, 2 | 3, 4 |
– кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U-15, U-17) | – | 1 | 2, 3 |
Азия чемпионаты: |
|
|
|
– жаштар арасында (U-20, U-22, U-23); | – | 1 | 2, 3 |
– кадеттер (өспүрүмдөр) арасында (U-15, U-17) | – | 1 | 2, 3 |
Эскертүү:
1. Спорттун олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү боюнча үстөктөрдүн өлчөмдөрү 50 пайызга аз.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаларга жетишкен спортчулардын тизмелери дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
|
| 3-тиркеме |
Техникалык тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин
кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1
| Архивариус (*), иш кагаздарын жүргүзүүчү (*), катчы (катчы-машинист, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист) | 1,90 |
2 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 2,65 |
3 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 2,95 |
4 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист, тракторист-машинист | 2,95 |
5 | Архивдин башчысы, канцеляриянын башчысы | 2,65 |
6 | Кампанын башчысы, чарбанын башчысы, сактоо камерасынын жана чарбанын башчысы | 2,65 |
7 | Кассир | 2,65 |
8 | Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар тобунун, имараттардын жана курулмалардын) | 2,65 |
9 | Механик | 2,65 |
10 | Буу казандарынын оператору, машинист | 2,65 |
11 | IT-адис | 2,95 |
12 | Лаборант | 2,10 |
13 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер, аккумуляторчу, боёгуч, токарь | 2,10 |
14 | Электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү | 2,10 |
15 | Башкы ашпозчу | 3,00 |
16 | Ашпозчу | 2,80 |
17 | Спорттук базанын башчысы | 2,65 |
18 | Спорт кемелердин механиги | 2,65 |
19 | Бугелдик аркан жол механиги | 2,65 |
20 | Бугелдик аркан жол слесары | 2,20 |
21 | Бугелдик аркан жол оператору | 2,20 |
22 | Колго жасаган темир уста | 2,95 |
23 | Ветеринардык врач | 2,95 |
24 | Кайышчы | 2,65 |
25 | Курал-жарак оңдоочу механик | 2,65 |
26 | Спорт боюнча инструктор | 2,88 |
27 | Кир жуучу жайдын башчысы | 2,65 |
Эскертүү. Автомобилдердин айдоочуларына ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянанын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
|
| 4-тиркеме |
Кенже тейлөөчү персоналдын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Гардеробчу, кароолчу (вахтер, күзөтчү) | 1,80 |
2 | Короо тазалоочу (аймакты тазалоочу), багбан | 1,80 |
3 | Көмөкчү жумушчу | 1,80 |
4 | Кир жуучу машинист (атайын кийимди) | 1,90 |
5 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын (таштанды түйүнүн) тазалоочу | 1,80 |
6 | Коомдук дааратканаларды тазалоочу | 1,80 |
7 | Ат багуучу | 1,80 |
8 | Шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч | 1,80 |
9 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууну учурдагы оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, маляр, шыбакчы | 1,80 |
10 | Жаныбарларды багуу боюнча жумушчу | 1,80 |
11 | От жагуучу (кочегар) | 1,80 |
12 | Ашкана жумушчусу | 1,80 |
Эскертүү.
1. Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын тазалоочуларга, кир жуучу машинисттерге (атайын кийим) синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянасынын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
2. Түнкүсүн иштеген күзөтчүгө кызматтык маянасынын 50 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин
кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,25 |
3 | Башкы инженер | 4,15 |
4 | Бөлүмдүн начальниги | 3,85 |
5 | Сектордун башчысы | 3,60 |
6 | Экономист | 3,50 |
7 | Материалдык бухгалтер | 3,50 |
8 | Башкы адис | 3,40 |
9 | Бухгалтер-кассир | 3,40 |
10 | Адис | 2,85 |
11 | Спорт боюнча инструктор | 2,85 |
12 | Чарба жана кампа башчысы | 2,85 |
13 | Инженер | 2,85 |
14 | Бригадир | 2,85 |
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын aталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Айдоочу-жабдуучу | 2,65 |
2 | Электромонтер | 2,10 |
3 | Слесарь-сантехник | 2,10 |
4 | Жарыктандыруу боюнча сүрөтчү | 2,65 |
5 | Сахна жабдууларынын улук техниги | 2,80 |
6 | Улук контролер | 2,65 |
7 | Электр-газ ширетүүчү | 2,65 |
8 | Архивариус | 1,90 |
9 | Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1,90 |
10 | Контролер-кассир | 2,65 |
11 | Сахна жабдууларынын техниги | 2,65 |
12 | Үн оператору | 2,65 |
13 | Өрткө каршы жана күзөт сигнализациясы боюнча техник | 2,65 |
14 | Радио байланыш боюнча техник | 2,65 |
15 | Жарык берүүчү техник | 2,65 |
16 | Спорттук курулмаларды жана аймакты тейлөө жана учурдагы оңдоо боюнча техник | 2,65 |
17 | Өрт өчүрүү постунун кызматкери | 2,50 |
Эскертүү. Автомашиналардын айдоочуларына ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынын 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
|
| 7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенти | |
1 | Оңдоочу жумушчу | 1,80 | |
2 | Куруучу | 2,00 | |
3 | Кара жумушчу | 2,00 | |
4 | Спорттук жабдууларды оңдоо боюнча жумушчу | 1,80 | |
5 | Футбол талаасын кароо боюнча жумушчу | 1,80 | |
6 | Короо тазалоочу | 1,80 | |
7 | Даараткана тазалоочу | 1,80 | |
8 | Кызматтык жайларды жана залды тазалоочу | 1,80 | |
9 | Сугатчы | 1,80 | |
10 | Витраждарды жуугуч | 1,80 | |
Эскертүү.
1. 5, 6, 7-тиркемелерде көрсөтүлгөн кызматкерлердин кызматтык маяналарына спорттук инфраструктуранын иштешин камсыз кылгандыгы үчүн 50 пайыз;
2. Кароолчуларга түнкүсүн иштегендиги үчүн – сааттык тарифтик ставкадан 50 пайыз;
3. Кызматтык жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп иштегендиги үчүн кызматтык маянадан 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.