Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-апрели № 262
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
5-августундагы № 492 «Жергиликтүү соттордун кызматтык
жайлары үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө» токтомун күчүн
жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдерин архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 492 «Жергиликтүү соттордун кызматтык жайлары үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |