Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 275
«Түндүк» ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө
«Түндүк» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик башкарууну андан ары өркүндөтүү, санариптик трансформациялоо үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 129 «Түндүк» ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Түндүк» ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 400 «Түндүк» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |