Редакцияот 27.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2026-жылдын 27-февралы  №2

                                            

 «Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин, туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин жана туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүүнү карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:

 

1.    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырууга, алардын мыйзамдуу жана уюшкандыкта иш алып баруусуна көмөктөшүү максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин жана 4 (төрт) туруктуу комиссияларынын 2026-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.

 

2.    Түзүлгөн иш пландардын негизинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Кутбидин уулу Бектемирге милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

М.М. Козубаев