Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

2025-жылдын 5-сентябры № 45/Х-29

 

Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” №54 Жарлыгы жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:

- иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин ашыкча ызы-чуу

  чыгарууга тыюу салынсын ;

- эс алуу жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин ;

- өзгөчө учур -31-декабрдан 1-январга караган түнү -саат 04:00го 

 чейин жол берилет.

2. Айыл өкмөттүн кызматкерлерине милдеттендирилсин:

-        Калк арасында, диний уюмдарда, эс алуучу жайларда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын, түшүндүрүү иштери жүргүзсүн; 

-        Мыйзамдын аткарылышы үчүн  аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды

 

 

Төрага

 

Н.Ибраимов