Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-октябры № 121
Шаардык кеңештин кээбир туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Шаардык кеңештин депутаты 3. К. Акимбеков, К.М. Сапарбаев жана А.А. Халбековдун арыздарынын негизинде депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин жана Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентине ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин "Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш" боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Сапарбаев К.М, Халбеков А.А. киргизилсин;
2. "Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Сарымсаков М. А. киргизилсин;
3. "Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясты жана спорт" боюнча туруктуу комиссиясынын курамына З.К. Акимбеков, Акимов У.А. киргизилсин;
4. Туруктуу комиссия өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Р.М.Жайнаков |