Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-октябры № 122
Сүлүкүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.К. Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө маалыматын жана шаардык кеңештин "Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура" боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.К. Калакуловдун Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2022-жылга аткарган иштери жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;
2. Шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.К. Калакуловго милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура" боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.М.Жайнаков |