Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-октябры № 123
“Сүлүктү - Таза суу канал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө
Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен қамсыз кылуу боюнча “Сүлүктү - Таза суу канал" МИ аткарган иштери жөнүндө “Сүлүктү - Таза суу канал" МИ жетекчиси М. Куппидиновдун, шаардык кеңештин "Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу тазалык жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун, “Ичүүчү суу жөнүндө Мыйзамынын негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси М. Кутпидиновдун “Сүлүктү - Тазасууканал" муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;
2. “Сүлүктү Таза суу канал" МИ жетекчиси М. Кутпидиновго төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- Сүлүктү шаарынын калкын ичүүчү таза суу менен, чарбалык жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуунун абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү жагы;
- Мекеме ишканалар жана элдер менен сууга болгон төлөмдөр боюнча келишим түзүү жана келишимге ылайык иш алып баруу.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Сүлүктү - Таза суу канал" МИ жетекчиси М. Кутпидиновдон талап кылынсын, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология" боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.
Төрага | Р.М.Жайнаков |