КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-апрели № 309
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелеринин эмгек акы төлөө шарттарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Республикалык адистештирилген комбинат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм. Аталган компенсация өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт (иш сапарлары, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү жана дем алыш күндөрү иштеген күндөрү кошулбайт).»;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жободо:
– 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:
«201. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт. Аталган компенсация өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт (иш сапарлары, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү жана дем алыш күндөрү иштеген күндөрү кошулбайт).».
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды, анын ичинде белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Республикалык адистештирилген комбинат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Негизги персонал | ||
1 | Директор | 3,25 |
2 | Директордун орун басары | 3,00 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,00 |
4 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пунктунун участогунун начальниги | 3,00 |
5 | Техникалык бөлүмдүн начальниги | 2,65 |
6 | Пландоочу экономист | 2,65 |
7 | Кадрлар боюнча инспектор | 2,40 |
8 | Инженер-программист | 2,40 |
9 | Юрист | 2,20 |
10 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,20 |
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
11 | Дозиметрист | 1,70 |
12 | Лаборант-радиометрист | 1,40 |
13 | Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1,40 |
14 | Электр отказаны-буулоо боюнча оператор | 1,40 |
15 | Кир кийимдерди кабыл алуучу-сорттоочу | 1,40 |
16 | Радиоактивдүү калдыктарды дезактивдештирүүчү | 1,40 |
17 | Жуугуч-дезактивдештирүүчү | 1,40 |
18 | Кийим үтүктөөчү | 1,40 |
19 | Электромонтер | 1,40 |
20 | Дезинфекциялоо боюнча адис | 1,40 |
21 | Газ-электр ширетүүчү | 1,40 |
22 | Слесарь-ондоочу | 1,40 |
23 | Изотопторду ташуу боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 1,95 |
24 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 2,20 |
25 | Радиоактивдүү булганган кийимдерди ташуу боюнча автомобилдин айдоочусу | 1,95 |
26 | Кампанын башчысы | 1,70 |
27 | Атайын кир жуучу жайдын башчысы | 1,40 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
28 | Күзөтчүлөрдүн бригадири | 1,40 |
29 | Көмүү пунктунун жана атайын кир жуучу жайдын күзөтчүсү | 1,20 |
30 | Көмөкчү жумушчу | 1,20 |
31 | Өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,20 |
".