Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-октябры № 124
“Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө
“Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө малыматы жөнүндө шаардык кеңентин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалы жөнүндө маалымат кабыл алынсын;
2. "Тоо бүркүтү" эс алуу лагериндеги айрым эс алуу курулмаларынын айланасындагы кооптуу деп саналган бак дарактарды иретке келтирүү боюнча иш жүргүзүү жагы Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы С.К. Калакуловго милдеттендирилсин;
3. "Тоо бүркүтү” эс алуу лагеринин абалын жакшыртууга долбоорлор менен иштөө жана кошумча каражат табуу Сүлүктү шаардык мэриясына сунушталсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана Рес спорт" боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Р.М.Жайнаков |