Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 29-апрели № 58
Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Геодезиялык жана картографиялык иштин жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу
3-глава. Геодезиялык жана картографиялык контроль
4-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1- берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашырууда келип чыгуучу коомдук мамилелерди, анын ичинде мейкиндик дайындарын издөөнү, жыйноону. сактоону, иштеп чыгууну. берүүнү жана жайылтууну жөнгө салат.
2- берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) атлас - жалпы программа менен бириктирилген карталардын жыйындысынан турган картографиялык чыгарма;
2) базалык мейкиндик дайындары - геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү. мамлекеттик координаттар тутумунда дайындарды интеграциялоо үчүн негиз түзүүчү фундаменталдык географиялык маалымат;
3) эсептөөнүн бийиктик тутуму - жер бетиндеги чекиттердин баштапкы деңгээлдик бетине карата бийиктиктерин аныктоо үчүн эсептөө тутуму;
4) географиялык маалымат ресурстары - мейкиндик дайындарынын жана метадайындардын электрондук базаларынын жыйындысы;
5) географиялык маалымат тутуму - Жер жөнүндө, жер бетиндеги объекттер, табигый, техногендик жана коомдук процесстер тууралуу мейкиндик маалыматын жыйноону, иштеп чыгууну, талдоону, моделдөөнү, сактоону, жайылтууну жана башкача пайдаланууну камсыз кылуучу маалымат тутуму;
6) геодезия - Жердин формасын, өлчөмүн жана тышкы гравитациялык талаасын. жер бетиндеги чекиттердин координаттарын жана бийиктигин, алардын убакыт боюнча өзгөрүшүн аныктоого багытталган, карталарды жана пландарды түзүү, ошондой эле жер бетиндеги ар кандай инженердик маселелерди чечүү максатында жүзөгө ашырылуучу илимий, техникалык жана өндүрүштүк иштин чөйрөсү;
7) геодезиялык жана картографиялык иш - геодезия жана картография чөйрөсүндө жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле геодезиялык жана картографиялык материалдарды жана мейкиндик дайындарын алуу боюнча илимий-техникалык, өндүрүштүк, башкаруучулук жана башка иш;
8) геодезиялык пункт - жер бетиндеги чекитти белгил үү координаттар жана (же) бийиктиктер жана (же) оордук күчүнүн маанилери менен бекитүүчү инженердик конструкция;
9) геодезиялык тарам - жер бетиндеги абалы алар үчүн жалпы геодезиялык координаттардын эсептөө тутумундагы геодезиялык өлчөөлөрдүн негизинде аныкталган геодезиялык пункттардын жыйындысы;
10) геоид - Жердин Дүйнөлүк океандын орточо деңгээлине дал келген, материктердин астында уланган деңгээлдик бети;
11) геопортал - геомейкиндик дайындарынын базасына жетүүнүн аларды жыйноо, сактоо, жарыялоо, көптөгөн пайдалануучулардын долбоорлорго жеткиликтүүлүгүн жана дайындар менен иштөөнү уюштуруу үчүн ылайыкташтырылган куралы;
12) геосервистер - пайдалануучуга мейкиндик дайындары жана (же) метадайындар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн куралдарды берген жана өз алдынча өнүм же кошулуучу сервис түрүндө болгон маалымат ресурстары;
13) гидрографиялык иштер - суу объекттериндеги абал жөнүндө толук маалыматты алуу, ошондой эле алардын рельефи жана суу үстү жөнүндө дайындарды жыйноо үчүн жүргүзүлүүчү иштердин комплекси;
14) мамлекеттик геодезиялык тарам - мамлекеттик координаттык эсептөө тутумун белгилөө жана (же) жайылтуу максатында пайдаланылуучу геодезиялык тарам;
15) мамлекеттик гравиметриялык тарам - бирдиктүү гравиметриялык негизди белгилөө жана (же) жайылтуу максатында пайдаланылуучу гравиметриялык тарам;
16) мамлекеттик нивелирдик тарам - бийиктиктерди эсептөөнүн мамлекеттик тутумун белгилөө жана (же) жайылтуу максатында пайдаланылуучу нивелирдик тарам;
17) мамлекеттик эсептөө тутуму - мамлекеттик координаттык, бийиктик жана гравиметриялык эсептөө тутумдарынын жыйындысы;
18) Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фонду - геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери тарабынан аларды андан ары пайдалануу максатында эсепке алынууга жана узак сакталууга тийиш болгон, жалпы мамлекеттик, тармактар аралык мааниси, атайын жана (же) тармактык мааниси бар санарип жана (же) кагаз түрүндөгү мейкиндик дайындарынын жыйындысы;
19) гравиметриялык тарам - алар үчүн жалпы гравиметриялык эсептөө тутумунда оордук күчүнүн ылдамдануусунун белгилүү маанилери бар геодезиялык пункттардын жыйындысы;
20) гравиметриялык эсептөө тутуму - оордук күчүнүн ылдамдануусунун абсолюттук же салыштырмалуу маанилерин аныктоо үчүн эсептөө тутуму;
21) датум - эллипсоиддердин же квазигеоиддин убакыттын белгилүү бир учурунда белгиленген параметрлеринин топтому;
22) кезметтик маалымдама картасы - Кыргыз Республикасынын аймагынын жаңыланган жана кайра түзүлүүчү карталарында жана пландарында эсепке алынууга жана чагылдырылууга тийиш болгон административдик-аймактык бирдиктердин чектеринде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, ошондой эле географиялык объекттердин жана алардын аталыштарынын өзгөрүшүн эске алуучу географиялык маалымат ресурсу;
23) Жерди аралыктан зонддоо - сүрөткө тартуучу аппаратуралардын ар кандай түрлөрү менен жабдылган космостук жана аба каражаттарынын жардамы менен байкоо жана өлчөө аркылуу Жердин бети жөнүндө маалымат алуу процесси;
24) бирдиктүү санариптик картографиялык негиз - Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн курамдык картографиялык бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын аймагы жөнүндө базалык мейкиндик дайындарынын тутумдаштырылган жыйындысы болуп саналган электрондук маалымат ресурсу;
25) интероперабелдүүлүк - мейкиндик дайындарынын, метадайындардын, техникалык жана программалык каражаттардын функционалдык жана маалыматтык өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүүлүгүн билдирген өз ара шайкештик принциби;
26) мейкиндик дайындарынын инфратүзүмү - мейкиндик дайындарын жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо, моделдөө, сактоо, жайылтуу, берүү жана натыйжалуу пайдаланууга арналган технология, стандарттар жана географиялык маалымат ресурстары;
27) карта - белгилүү бир проекцияда белгиленген талаптарга ылайык, ошондой эле шарттуу белгилерди пайдалануу менен алынган, жер бетинин, башка табигый асман телолорунун же алардын бөлүктөрүнүн тегиздикте кичирейтилип жалпыланган сүрөттөлүшү;
28) карта-схема - жөнөкөйлөтүлгөн-жалпыланган картографиялык сүрөттөлүш;
29) картография - картографиялык чыгармаларды изилдөө, түзүү жана пайдалануу боюнча илимий-техникалык жана өндүрүштүк иш процессинде пайда болуучу өз ара мамилелердин чөйрөсү;
30) картографиялык материалдар - картографиялык чыгармалар жана карталарды түзүү үчүн пайдаланылуучу башка графикалык, санариптик, тексттик документтер;
31) картографиялык өндүрүм - белгилүү бир математикалык мыйзамдар боюнча жана шарттуу белгилер тутумунда түзүлгөн, картографиялык иштин натыйжасында алынган Жер бетинин жана асман телолорунун кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү кичирейтилген, өлчөнүүчү жана жалпыланган сүрөттөлүштөрү;
32) картографиялык проекция - Жердин бетин чагылдыруунун математикалык жактан белгиленген ыкмасы;
33) квазигеоид - массалардын бөлүштүрүлүшү боюнча дайындарды колдонбостон жер үстүндөгү геодезиялык өлчөөлөрдүн жана оордук күчүнүн дараметтеринин маанилеринин негизинде эсептелген, анын беги Жердин физикалык бетине жакын келген катаал математикалык модель;
34) координаттык эсептөө тутуму - датумдун жардамы аркылуу Жер менен байланышкан геодезиялык координаттар тутуму;
35) масштаб - картадагы же пландагы сызыктын узундугунун анын жердеги горизонталдык проекциясына карата катышы;
36) жергиликтүү координаттар тутуму - мамлекеттик координаттар тутуму менен байланышы бар, референц-эллипсоиддин картографиялык проекциясынын үч же алты градустук чөлкөмдөрүндө орнотулуучу координаттар тутуму. Жергиликтүү координаттар тутумунда баштапкы пункттар катары мамлекеттик геодезиялык тарамдын пункттары пайдаланылат. Мында координаттарды эсептөөнүн башталышы жана координаттардын окторунун багыты мамлекеттик координаттар тутумунун параметрлери менен дал келбейт;
37) метадайындар - мейкиндик дайындарынын жана геосервистердин топтомун сыпаттаган маалымат;
38) Кыргыз Республикасынын мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмү - мейкиндик дайындарынын сыпатталган жана ишке ашырылган топтому, ошондой эле метадайындар жана аларды иштеп чыгуу сервистери, тармактык сервистер жана технологиялар, маалыматка жетүү, алмашуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуулар, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү механизмдери, процесстер жана жол-жоболор;
39) нивелирдик тарам - бийиктиктери алар үчүн бийиктиктерди эсептөөнүн жалпы тутумунда аныкталуучу геодезиялык пункттардын жыйындысы;
40) план - тегиздикте белгилүү бир жерди, курулмаларды түз горизонталдык проекцияда сүрөттөгөн чийме;
41) туруктуу иштөөчү референцтик станция - белгилүү мейкиндик координаттары бар чекитте жайгашкан, алардын жардамы менен глобалдык навигациялык спутниктик тутумдардын сигналдарын кийин иштеп чыгуу жана пайдалануучуларга түзөтүүчү маалыматты берүү үчүн кабыл алуу жүзөгө ашырылуучу радиоэлектрондук жана техникалык каражаттардын комплекси;
42) координаттарды кайра түзүү - бирдей датумга негизденген бир координаттык эсептөө тутумунан башка координаттык эсептөө тутумуна өтүү;
43) мейкиндик дайындары - мейкиндик объекттери жөнүндө дайындар, анын ичинде алардын формасы, жайгашкан жери жана касиеттери жөнүндө маалыматтар;
44) мейкиндик объекти - реалдуу же виртуалдык дүйнө объектинин анын жайгашкан жери жана касиеттеринин. мүнөздөмөлөрүнүн. атрибуттарынын жыйындысы менен чагылдырылышы;
45) референцтик станция - спутниктерден үзгүлтүксүз сигналдарды алып турган жана геодезияда өлчөөлөрдүн тактыгын жогорулатуу үчүн колдонулган, белгилүү бир координаттары бар чекитте орнотулган спутниктик навигациянын стационардык кабылдагычы;
46) тематикалык карта, план, атлас - негизги мазмуну конкреттүү бир тема, сюжет, табигый же болбосо коомдук кубулуштар же алардын айкалышы менен аныкталган картографиялык чыгармалар;
47) тематикалык мейкиндик дайындары - тармактык ведомстволор тарабынан базалык мейкиндик дайындарында түзүлүүчү, тармактык милдеттерди чечүү үчүн жерлерге байланыштыруу менен объекттердин жана кубулуштардын мүнөздөмөлөрүн чагылдыруучу адистештирилген маалыматтар;
48) топографиялык карта - жердин классификаторлорду жана шарттуу белгилерди пайдалануу менен белгилүү бир масштабдагы, жер бетиндеги чекиттердин пландык да, бийиктиктеги да абалын аныктоого мүмкүндүк берүүчү картографиялык так сүрөттөлүшү;
49) топографиялык план - тегиздикте жердин чектелген участогунун белгилүү бир масштабында ортогоналдык проекцияда картографиялык чагылдыруу, анын чегинде деңгээлдик беттин ийрилиги эске алынбайт;
50) координаттарды трансформациялоо - бир датум менен байланышкан бир координаттык эсептөө тутумунан башка датуму бар башка координаттык эсептөө тутумуна өтүү;
51) геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - геодезия, картография, мейкиндик дайындары жана мамлекеттик геодезиялык көзөмөл чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, жетекчиликти жана тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
52) шарттуу координаттар тутуму - Мамлекеттик координаттар тутуму менен эч кандай байланышы болбогон, координаттарды эсептөөнүн башталышы жана координаттардын октору эркин тандалуучу же жердин төрт тарабына багытталган координаттар тутуму;
53) эллипсоид - Жердин формасына эң окшош болгон, математикалык жактан туура болгон геометриялык фигура.
3-берене. Кыргыз Республикасынын геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
4-берене. Геодезиялык жана картографиялык иштин объекттери жана субъекттери
1. Геодезиялык жана картографиялык иштин объекттери болуп Кыргыз Республикасынын аймагы, жер шары, аба жана космос мейкиндиги, анын ичинде табигый асман телолору жана Жердин жасалма спутниктери саналат.
2. Геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар саналат.
5-берене. Геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруунун принциптери
Геодезия, картография, геомаалыматтык технологиялар жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге негизденет:
1) геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруунун тутумдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
2) мейкиндик дайындарынын топтомдорунун толуктугу, ишенимдүүлүгү жана актуалдуулугу;
3) геодезиялык, картографиялык, геомаалыматтык, топографиялык жана гравиметриялык иштерди аткарууда өлчөөлөрдүн бирдейлиги;
4) бирдиктүү стандарттарды колдонуу;
5) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды. жайылтылышы чектелген кызматтык маалыматты жана мыйзам менен корголуучу башка маалыматтарды кошпогондо, мейкиндик дайындарынын жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы;
6) бекитилген эсептөө тутумдарын пайдалануу;
7) интероперабелдүүлүк;
8) геодезия, картография, геомаалыматтык технологиялар жана мейкиндик дайындары чөйрөсүн өнүктүрүүгө дем берүү.
6-берене. Геодезиялык жана картографиялык иштин багыттары
1. Аткарылуучу иштердин багытына жараша геодезиялык жана картографиялык иш төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) натыйжалары жалпы мамлекеттик жана тармактар аралык мааниге ээ болгон жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик багыттагы иш;
2) ишти жүргүзүүнүн зарылдыгы геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттеринин керектөөлөрү менен аныкталуучу атайын жана (же) тармактык багыттагы иш.
2. Мамлекеттик багыттагы геодезиялык жана картографиялык иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Жердин формасын, өлчөмүн, датумдарын жана тышкы гравитациялык талаасын аныктоо;
2) мамлекеттик эсептөө тутумдарынын параметрлерин, топографиялык карталардын жана пландардын картографиялык проекцияларын аныктоо;
3) Жерди геодинамикалык изилдөө;
4) мамлекеттик геодезиялык тарамдарды түзүү, өнүктүрүү, сактоо жана иштеген абалда кармоо, аларга фундаменталдык астрономиялык-геодезиялык тарамдын, жогорку тактыктагы геодезиялык тарамдын, спутниктик геодезиялык тарамдын, астрономиялык-геодезиялык тарамдын, геодезиялык тыгыздоо тарамынын, бардык класстардагы нивелирдик тарамдардын, фундаменталдык гравиметриялык тарамдын жана биринчи класстагы гравиметриялык тарамдардын пункттары кирет, алардын тыгыздыгы жана тактыгы топографиялык карталарды жана пландарды, квазигеоиддик карталарды, геоиддин санариптик моделин түзүүнү, коргонуу, илимий-изилдөө жана башка милдеттерди чечүүнү камсыз кылат;
5) топографиялык карталарды жана пландарды, анын ичинде калктуу конуштардын пландарын жана транспорттун жерлерин графикалык, санариптик, фотосүрөттүк, электрондук жана башка формаларда түзүү, жаңылоо жана басып чыгаруу, алардын тактыгы жана мазмуну жалпы мамлекеттик, тармактар аралык, коргонуу, илимий-изилдөө жана башка милдеттерди чечүүнү камсыз кылат;
6) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоону, демаркациялоону жана анын сызыгынын өтүшүн текшерүүнү геодезиялык, картографиялык, топографиялык жана гидрографиялык камсыздоо;
7) көлдөрдү, дарыяларды, суу сактагычтарды картага түшүрүү жана дарыялардын жана көлмөлөрдүн топографиялык карталарын түзүү;
8) мамлекеттин, анын коргонуусунун жана улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгында геодезиялык, картографиялык. топографиялык жана гидрографиялык иштерди жүргүзүү;
9) Жерди жалпы мамлекеттик, тармактар аралык, коргонуучулук жана илимий-изилдөөчүлүк милдеттерди чечүү үчүн аралыктан зонддоо;
10) Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондун түзүү жана жүргүзүү;
11) мамлекеттик функцияларды жана милдеттерди аткарууга багытталган географиялык маалымат тутумдарын жана ресурстарды, геопорталдарды, геосервистерди түзүү, өнүктүрүү жана коштоо;
12) жалпы географиялык, саясий-административдик, илимий-маалымдама жана башка тематикалык карталарды, пландарды жана тармактар аралык багыттагы атластарды, карта-схемаларды, картографиялык окуу колдонмолорун түзүү жана басып чыгаруу;
13) географиялык аталыштарды колдонууну стандартташтыруу, эсепке алуу жана иретке келтирүү, Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштарынын дайындар базасын түзүү жана жүргүзүү;
14) илимий-изилдөө жана сынамдык-конструктордук иштерди жүргүзүү. ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү;
15) геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик техникалык документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
16) геодезиялык, картографиялык жана гравиметриялык иштерди метрологиялык камсыздоо;
17) Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү;
18) жергиликтүү координаттар тутумдарын түзүү жана жаңылоо.
3. Атайын жана (же) тармактык багыттагы геодезиялык жана картографиялык иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ар кандай объекттердин курулуш тилкелеринин, жер үстүндөгү жана жер астындагы курулуштардын жана тарамдардын, имараттардын жана курулмалардын курулуш тилкелерине тиешелүүлүгүнүн башкы пландарын түзүүгө, ошондой эле башка атайын, тармактык иштерди аткарууга арналган топографиялык пландарды түзүү жана жаңылоо;
2) тематикалык карталарды, пландарды, атластарды, карта-схемаларды графикалык, санариптик, фотографиялык, электрондук жана башка формаларда түзүү жана басып чыгаруу;
3) атайын жана (же) тармактык милдеттерди аткарууга багытталган географиялык маалымат тутумдарын жана ресурстарды, геопорталдарды, геосервистерди түзүү, өнүктүрүү жана коштоо;
4) Жерди аралыктан зонддоо, линиялык жана аянттык типтеги инженердик курулмаларды, жер астындагы курулмаларды жана тарамдарды долбоорлоодо жана изилдөөдө, курууда жана эксплуатациялоодо геодезиялык, картографиялык жана башка атайын иштерди аткаруу, кадастрларды, ошондой эле башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;
5) атайын жана (же) тармактык милдеттерди аткарууга багытталган илимий-изилдөө жана сынамдык-конструктордук иштерди жүргүзүү;
6) инженердик-геодезиялык иштер; 7) тематикалык мейкиндик дайындарын түзүү жана өнүктүрүү.
7-берене. Кыргыз Республикасынын коргонуусун жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгындагы геодезиялык жана картографиялык иш
Кыргыз Республикасынын коргонуусун камсыз кылуу кызыкчылыгындагы геодезиялык жана картографиялык иш коргоо чөйрөсүндөгү жана геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан макулдашылган иш пландарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8-берене. Геодезиялык жана картографиялык ишти метрологиялык камсыздоо
1. Ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткаруу боюнча ишти жүзөгө ашырат.
2. Геодезиялык жана картографиялык иш жаатындагы метрологиялык камсыздоо геодезиялык өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуучу стандарттардын, эталондордун, өлчөө каражаттарынын, усулдардын тутумун камтыйт жана геодезиялык жана картографиялык иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
9-берене. Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү билдирүү
1. 100 гектардан ашкан геодезиялык, картографиялык жана аэросүрөткө тартуу иштерин жүргүзүү ыйгарым укуктуу органга маалымдоо аркылуу жүргүзүлөт.
2. Билдирүүнү берүүнүн тартиби жана талап кылынган дайындардын тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
3. Геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери аэросүрөткө тартуу иштерин жүргүзүү үчүн билдирүүгө аэросүрөткө тартуу иштери пландалган аймактын картограммасын анын географиялык координаттарын, масштабын жана аэросүрөткө тартуу иштеринин тапшырыкчысын көрсөтүү менен тиркөөгө милдеттүү.
10-берене. Геодезиялык жана картографиялык ишти каржылоо
1. Мамлекеттик багыттагы геодезиялык жана картографиялык иш республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
Геодезиялык жана картографиялык ишти жергиликтүү бюджеттен каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тапшырыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Атайын жана (же) тармактык багыттагы геодезиялык жана картографиялык иш республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, экономика тармактарынын жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржылануучу иштердин тапшырыкчылары жана (же) аткаруучулары болуп саналган геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери өз ишинде мурда түзүлгөн мейкиндик дайындарын пайдаланууга милдеттүү.
4. Мамлекеттик маалымат тутумдарын, дайындар базаларын, кадастрларды, географиялык маалымат тутумдарын жана ресурстарды, геопорталдарды, геосервистерди жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери бирдиктүү санариптик картографиялык негизди пайдаланууга милдеттүү.
11-берене. Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү мамлекеттик менчик
1. Мамлекеттик геодезиялык тарамдардын, мамлекеттик нивелирдик тарамдардын, мамлекеттик гравиметриялык тарамдардын пункттары, геодезиялык жана картографиялык өндүрүм, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылоонун эсебинен жүзөгө ашырылуучу геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында алынган гидрографиялык. аэрокосмостук сүрөткө тартылган жана гравиметриялык материалдар жана дайындар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналат.
2. Геодезиялык жана картографиялык өндүрүм, ошондой эле жеке жана муниципалдык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылуучу геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында алынган гидрографиялык, аэрокосмостук сүрөткө тартылган жана гравиметриялык материалдар жана дайындар тиешелүүлүгүнө жараша жеке жана муниципалдык менчик болуп саналат.
2-глава. Геодезиялык жана картографиялык иштин жүзөгө
ашырылышын камсыз кылуу
12-берене. Эсептөө тутумдары
1. Геодезиялык жана картографиялык иштер мамлекеттик, жергиликтүү жана шарттуу болгон координаттык, бийиктик жана ар түрдүү датумдарга негизденген гравиметриялык эсептөө тутумдарын пайдалануу менен аткарылат.
2. Жердин формасынын жана гравитациялык талаасынын параметрлери, башка параметрлер мамлекеттик координаттык, бийиктик, гравиметриялык эсептөө тутумдарын белгилөөнүн алкагында аныкталат.
3. Геодезиялык жана картографиялык иштин бардык субъекттери мамлекеттик жана жергиликтүү координаттар тутумдарынын ортосундагы кайра түзүүнүн бекитилген параметрлерин колдонууга милдеттүү.
13-берене. Мейкиндик дайындары
1. Мейкиндик дайындары базалык мейкиндик дайындарынан жана тематикалык мейкиндик дайындарынан турат.
2. Базалык мейкиндик дайындары географиялык маалымат тутумдарында интеграциялоо жана биргелешип пайдалануу үчүн унификацияланган негизди билдирген, жалпыга жеткиликтүү болгон стандартташтырылган мейкиндик дайындарынын жыйындысы болуп саналат.
Базалык мейкиндик дайындары геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери тарабынан пайдалануу үчүн баштапкы дайындар болуп саналат.
3. Тематикалык мейкиндик дайындарына илимий, өндүрүштүк же башка иш процессинде геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери тарабынан түзүлүүчү мейкиндик дайындары кирет.
14-берене. Жергиликтүү объекттер жөнүндө маалыматтарды берүү
1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылоонун эсебинен түзүлүүчү дайындар, мейкиндик дайындарынын жана геосервистердин метадайындары Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталында жайгаштырылууга тийиш.
2. Атайын, топографиялык карталарда жана пландарда чагылдырылууга тийиш болгон жерлердин объекттери жөнүндө мейкиндик дайындарынын ээлери болгон мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары картографиялык жана геодезиялык материалдардын көчүрмөлөрүн тиешелүү аймакта геодезиялык жана картографиялык иштерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен аткарган геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттеринин суроо-талаптары боюнча, ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте берет.
15-берене. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фонду
1. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фонду ыйгарым укуктуу органдын карамагында болот.
2. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондун жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттерине иштер пландалган тилкелердеги жерлердин геодезиялык жана картографиялык изилденгендиги жөнүндө маалыматтарды берүүнү;
2) мейкиндик дайындарын, метадайындарды кабыл алууну жана интероперабелдүүлүгүн текшерүү жана аларды Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталында жайгаштырууну;
3) Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилген материалдарды жана дайындарды эсепке алууну, жыйноону, сактоону жана сакталышын камсыз кылууну.
3. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери менен өз ара аракеттенүүсү жана маалыматтарды берүүсү географиялык маалымат тутуму аркылуу жана (же) кагаз түрүндө ишке ашырылат.
4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында алынган жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилген санариптик жана (же) окшош түрдөгү мейкиндик дайындары мамлекеттик менчикте болот.
5. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунан маалыматтарды берүү акысыз жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык мейкиндик дайындарын түзүү жана сактоо боюнча чыгымдарды жабууга акы алат.
6. Геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна дайындардын электрондук вариантын акысыз берүүгө милдеттүү.
Материалдардын жана дайындардын тизмеги, аларды Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун маалыматтарын түзүүнүн, жыйноонун, сактоонун, пайдалануунун жана берүүнүн эрежелери менен белгиленет.
7. Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган материалдары жана дайындары менен иштөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
8. Геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери мамлекеттик сырды түзгөн алынган маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга, аларды ачыкка чыгарбоого жана материалдарды ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү.
16-берене. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмү
1. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) базалык жана тематикалык мейкиндик дайындарын, анын ичинде маалымат тутумдарын пайдалануу менен түзүүнүн, жыйноонун, сактоонун. идентификациялоонун, берүүнүн жана жайылтуунун жалпы эрежелерин белгилеген ченемдик техникалык документтерди, мамлекеттик стандарттарды;
2) мамлекеттик геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык тарамдарды;
3) мейкиндик дайындарынын топтомун;
4) метадайындарды;
5) геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери үчүн туруктуу иштеген референцтик станциялардын дайындарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу мамлекеттик геодезиялык камсыздоонун маалымат тутумун;
6) бирдиктүү санариптик картографиялык негизди;
7) Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталын;
8) тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын коргоо чөлкөмдөрүн.
2. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмү мейкиндик дайындарын Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө берүү эрежелерине ылайык мейкиндик дайындарынын топтомун алмашуунун жана берүүнүн бирдиктүү стандарттарын колдонуу аркылуу интероперабелдүүлүктү камсыз кылуу талаптарын эске алуу менен түзүлөт.
17-берене. Мейкиндик дайындарынын топтомдору
1. Мейкиндик дайындарынын топтомдору Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө белгиленген тартипте киргизилет. Ар бир мейкиндик дайындарынын топтомуна жана бул топтомдордун сервистерине метадайындар милдеттүү түрдө тиркелет.
2. Мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жеткиликтүүлүк геосервистер аркылуу же ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте мейкиндик дайындарын пайдалануучуга берүү жолу менен камсыз кылынат.
3. Мамлекеттик базалык жана тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн негизги компоненттери болуп саналат.
4. Тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору базалык мейкиндик дайындарынын топтомдорун эсепке алуу менен түзүлөт жана жаңыланат.
Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө киргизилүүчү тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору мамлекеттик электрондук маалымат ресурстарынын маалыматтарынан, мамлекеттик кадастрлардын курамынан, регистрлерден, реестрлерден, дайындар базаларынан, анын ичинде мамлекеттик географиялык маалымат тутумдарынан жана ресурстарынан түзүлөт.
5. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө киргизилген базалык жана тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору мамлекеттик географиялык маалымат тутумдарын жана ресурстарын түзүүдө жана (же) жаңылоодо пайдаланууга милдеттүү болуп саналат.
6. Башка маалымат булактарынын маалыматтарынан түзүлгөн базалык жана тематикалык мейкиндик дайындарынын топтомдору Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн курамына киргизилет.
18-берене. Метадайындар
1. Метадайындар Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнө киргизилген мейкиндик дайындарынын топтомдоруна жана бул топтомдордун геосервистерине калыптандырылат.
2. Метадайындарды Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталында жайгаштырууну жана аларга жеткиликтүүлүктү ыйгарым укуктуу орган камсыз кылат.
19-берене. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталы
1. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталынын программалык-техникалык каражаттарынын комплексин жүргүзүүнү, программалык-техникалык коштоону жана модернизациялоону ыйгарым укуктуу орган камсыз кылат.
2. Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн курамына киргизилген мейкиндик дайындарынын топтомдорунун ээлери мейкиндик дайындарынын топтомдорун геосервистердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карты келбеген башка ыкмалардын жардамы менен өздөрүнүн веб-порталдарында жайгаштырууга, ошондой эле аларга пайдалануучулардын жана Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Мейкиндик дайындарынын топтомдорунун ээсинин өзүнүн веб-порталы жок болгон учурда ал өзү түзгөн мейкиндик дайындарынын топтомдорун жайгаштыруу жана бул топтомдор менен башка аракеттерди жасоо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
20-берене. Мейкиндик дайындарынын сервистери
Геопорталдардын курамында мейкиндик дайындарынын төмөнкүдөй сервистери түзүлөт жана тейленет:
1) маалымат тарамдарында мейкиндик дайындарын жана мейкиндик дайындарынын сервисин аныктоону камсыз кылган издөө сервистери;
2) мейкиндик дайындарын жана метадайындарды чагылдырууну камсыз кылган көрүү сервистери;
3) мейкиндик дайындарына түздөн-түз жетүүнү же алардын көчүрмөлөрүн алууну камсыз кылган жетүү сервистери;
4) башка сервистер менен интероперабелдүүлүктү геосервистердин ушул Мыйзамга ылайык пайдаланылышы мүмкүн болгудай түрдө камсыз кылуучу дайындарды трансформациялоо сервистери.
21-берене. Бирдиктүү санариптик картографиялык негиз
1. Ыйгарым укуктуу орган бирдиктүү санариптик картографиялык негизди түзүүнү жана жаңылоону камсыз кылат.
2. Бирдиктүү санариптик картографиялык негизге карата талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
3. Бирдиктүү санариптик картографиялык негиз мамлекеттик органдардын бардык маалымат тутумдарынын, анын ичинде алардын кадастрларынын, географиялык маалымат тутумдарынын жана ресурстарынын, геопорталдарынын, геосервистеринин милдеттүү картографиялык негизи болуп саналат.
4. Бирдиктүү санариптик картографиялык негиздин маалыматтарын жаңылоо максатында мамлекеттик органдардын бардык маалымат тутумдарында, анын ичинде алардын кадастрларында, географиялык маалымат тутумдарында жана ресурстарында, геопорталдарында, геосервистеринде камтылган маалыматтар да пайдаланылат.
5. Бирдиктүү санариптик картографиялык негизди жүргүзүүдө бирдиктүү санариптик картографиялык негиздин маалыматтарын жаңылоо максатында мамлекеттик органдардын маалымат тутумдары, анын ичинде алардын кадастрлары, географиялык маалыматтык тутумдары жана ресурстары, геопорталдары, геосервистери менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
22-берене. Картографиялык өндүрүмгө автордук укук
Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүнө тиешелүү болгон картографиялык өндүрүмгө автордук укук жана ага байланыштуу келип чыккан мамилелер автордук укук жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.
3-глава. Геодезиялык жана картографиялык контроль
23-берене. Геодезиялык жана картографиялык ишти мамлекеттик контролдоо
1. Кыргыз Республикасында геодезиялык жана картографиялык ишти мамлекеттик контролдоо геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттеринин Кыргыз Республикасынын геодезия, картография жана мейкиндик дайындары чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоосун камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөрдү мамлекеттик контролдоону уюштурат жана жүргүзөт:
1) геодезиялык жана картографиялык иштерди аткарууга жана алардын натыйжаларына карата ченемдик техникалык документтердин талаптарын сактоону;
2) картографиялык материалдарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын жана административдик-аймактык чектеринин туура чагылдырылышын;
3) географиялык объекттердин аталыштарын картографиялык материалдарда жазуунун Кыргыз Республикасынын географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө мыйзамдарында белгиленген эрежелеринин сакталышын;
4) дайындардын электрондук вариантынын Мейкиндик дайындарынын мамлекеттик фондуна өз убагында берилишин;
5) геодезиялык, картографиялык, аэрокосмостук сүрөткө тартуу иштеринин дайындарын жана материалдарын эсепке алуунун, сактоонун, көбөйтүүнүн жана пайдалануунун тартибинин сакталышын.
24- берене. Мамлекеттик контролдоону жүргүзүү тартиби
1. Мамлекеттик контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттерине карата жүргүзүлөт.
Геодезиялык жана картографиялык ишти мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик контролдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө талапты белгиленген мөөнөттө аткарбоо Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
25-берене. Мамлекеттик геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык тарамдардын пункттарын коргоо
1. Мамлекеттик геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык тарамдардын пункттары, анын ичинде бул пункттардын жер үстүндөгү белгилери жана борборлору мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болот.
Геодезиялык пункттарды бузуу же кайра салуу (которуу) ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган геодезиялык пункттардын тыгыздыгы жетишсиз, иштеп жаткан геодезиялык тарамды өнүктүрүүнүн жана жаңылоонун келечеги жок болгон учурда аларды бузуудан же кайра салуудан (которуудан) баш тартууга укуктуу.
2. Жер тилкелерин аларда геодезиялык пункттарды жайгаштыруу үчүн берүү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Аймагында геодезиялык пункттар жайгаштырылган жер тилкелеринин менчик ээлери жана жер пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу органга геодезиялык пункттар бузулган же жок кылынган учурлар жөнүндө кабарлоого;
2) геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү үчүн геодезиялык пункттарга кирүү (келүү) мүмкүнчүлүгүн берүүгө.
4. Геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери геодезиялык жана картографиялык иштерди аткарууда геодезиялык пункттардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
5. Геодезиялык пункттарды, туруктуу иштеген референцтик станцияларды жок кылуу же бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
6. Мамлекеттик геодезиялык, нивелирдик жана гравиметриялык тарамдардын пункттарына келтирилген зыяндын орду ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте толтурулат.
4-глава. Корутунду жоболор
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришинин тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
2. «Геодезия жана картография жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 43 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 202-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 19-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |