Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 125

 

Сүлүктү шаарынын Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн шаардык бюджеттен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз) сом акча каражатын шаардык бюджеттен бөлүү жөнүндө

Сүлүктү шаарынын Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн шаардык бюджеттен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүү жөнүндө шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинен 1 180 630 (бир миллион бир жүз сексен миң алты жүз отуз) сом акча каражаты Бакыбек көчөсүндөгү сайга таяныч дубалын куруу үчүн бөлүнүп берилсин;

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин "Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Р.М.Жайнаков