Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXVII сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 126

 

Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев, Т. Марипов, Деканова, Дзержинский Д.Жороев көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатын шаардык бюджетитенен бөлүү жөнүндө

Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев, Т. Марипов. Деканова, Дзержинский көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатын шаардын жергиликтүү бюджетинен инский бөлүү жөнүндө шаардык кеңештин "Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов, Бакыбек, И. Элмуратов, Кенжебаев, Т. Марипов. Деканова, Дзержинский, Д. Жороев көчөлөрүнүн түнкү жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражаты шаардын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин;

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Р.М.Жайнаков