Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-апрели № 306
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында:
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруунун алкагында келишим түзгөн саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
– камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекече эсебин жүргүзүүгө;
– бардык жарандар үчүн көрүнүктүү жерде көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык алардын тизмегин жайгаштырууга;
– медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү жөнүндө, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук көлөмдө берүүгө.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |