Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 30-апрели № 156
Кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга
мораторий киргизүү жөнүндө
Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. 2026–2027-окуу жылы кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында алардын уюштуруу-укуктук формасына жана статусуна карабастан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди жогорулатууга мораторий киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |