Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-апрели № 308
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 315, 336-беренелерине, «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 10, 11-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 30-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:»;
төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7-пунктчалар менен толукталсын:
«6) алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан 1000 декалитр продукцияга чийки заттын жана материалдардын чыгымдарынын ченемдерин түзүү жана жүргүзүү тартибин;
7) алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүдө этил спиртинин табигый азаюу ченемдерин аныктоо жана бекитүү тартибин.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын 19-мартындагы № 124 «Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 141, 142-пункттар менен толукталсын:
«141. Атайын керектөөчүлөрдүн жана этил спиртин парфюмердик-косметикалык жана/же дезинфекциялоочу продукцияны өндүрүү, ошондой эле техникалык максаттар үчүн пайдалануучу субъекттердин тизмегине киргизүүгө өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү документтер жана маалыматтар берилген учурда каралат:
1) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбастан, продукциянын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) бирдигине этил спиртинин чыгымдарынын ченемдери камтылган өндүрүштүн технологиялык регламенти (технологиялык нускама/карта) же андан көчүрмө;
2) арыз ээсинде адистештирилген жабдуунун бар экендигин ырастаган документтер (менчик укугунда жана/же ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун башка мыйзамдуу негизинде);
3) парфюмердик-косметикалык жана/же дезинфекциялоочу продукцияны өндүрүү үчүн белгиленген санитардык ченемдерге жана эрежелерге өндүрүштүк жайлардын шайкештигин ырастаган документтер (мындай максаттар билдирилсе);
4) этил спиртинин суралган көлөмүнүн болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарга шайкештигин баалоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн өндүрүштүк кубаттуулуктарды кароо актысы.
Коммерциялык сырды камтыган маалыматтар жана документтер Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет жана сакталат.
142. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды кароо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт:
1) кароо арыз ээсинин катталган өтүнмөсүнүн негизинде жүргүзүлөт;
2) арыз ээсине кароонун датасы жана убактысы жөнүндө 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кабарланат;
3) кароонун жыйынтыгы боюнча 2 нускада акт түзүлөт, анын бири арыз ээсине тапшырылат (жөнөтүлөт);
4) актыда кароонун датасы жана жери, катышуучулардын курамы, каралган жайлардын жана жабдуулардын тизмеги, этил спиртинин билдирилген көлөмдөрүнүн болгон өндүрүштүк кубаттуулуктарга шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө тыянак көрсөтүлөт.
Арыз ээсинин кароого жол берүүдөн баш тартуусу же кароого мүмкүнчүлүк бербөөсү акт менен белгиленет жана жыйынды тизмекке киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.»;
– 16-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган этил спиртин максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу фактысы аныкталса.»;
– 20-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган этил спиртин максаттуу багыты боюнча эмес пайдалануу фактысы аныкталса.».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |