Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-октябры № 128
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.08.2023-ж. № 215 "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жана Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61, 62-беренесине, 2023-жылдын 24-июлу 146 "Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо, ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 18.11.2023-ж.саат-10- 00дө шаардык маданият сарайында өткөрүлсүн;
2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны 150 болуп бекитилсин;
3. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынына коомдук өзүн-өзу башкаруу аймактарынан катышуучу өкүлдөрдүн саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын эли менен өткөрүлүүчү жыйындардын графиги, жыйындарды уюштуруу жана өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
6. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзулсүн;
7. Буйруктун аткарылышынын көзөмөлдөө өзүмө аламын.
Төрага | Р.М.Жайнаков |