Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-апрели № 292
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалымат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге жогорку квалификациясы, эл аралык деңгээлде чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн бир кызматтык маянага чейинки өлчөмдө ар айлык үстөк төлөнөт;
2) президенттик компенсациялык төлөм төмөнкүдөй төлөнөт:
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15000 сом өлчөмүндө;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5000 сом өлчөмүндө;
3) президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт;
4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө төлөнөт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пунктчалар менен толукталсын:
"5) өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбай турган президенттик компенсациялык төлөм иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт:
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15000 сом өлчөмүндө;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5000 сом өлчөмүндө;
6) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө төлөнөт.";
3) жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 2, 3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы, 1-пункттун 1, 3, 5, 6-пунктчалары, 2-пункттун 1-пунктчасы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдө ", Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-пункттун 6-пунктчасында жана 6-тиркемеде "жана кенже" деген сөздөр алып салынсын;
3) 2-пунктта:
- 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү, жогорку квалификациясы үчүн кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пунктчалар менен толукталсын:
"4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк;
5) төмөнкүдөй президенттик компенсациялык төлөм:
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15000 сом өлчөмүндө;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5000 сом өлчөмүндө.";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт.";
5) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын административдик-башкаруу персоналына" деген сөздөр "Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жободо:
- аталышы "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава. Компенсациялык төлөмдөр
6. Телерадиоберүү кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жумуштун шарттарын, спецификасын эске алуу менен белгиленет.
Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында иштегендиги үчүн үстөк;
- өзгөчө (зыян) шарттарда иштегендиги үчүн үстөк;
- жумуш убактысынын ченемделген узактыгынан тышкары иштегендиги үчүн кошумча төлөм (ченемделбеген жумуш күнү, айкалыштыруу же аткарылуучу иш көлөмүнүн көбөйүшү, көчмө иш мүнөзү);
- президенттик компенсациялык төлөм;
- эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка үстөктөр жана кошумча төлөмдөр.
7. Базалык маянага карата жогоруда аталган кошумча төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
7-1. Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт.";
7) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Административдик-башкаруу персоналы | ||
1 | Башкы директор | 6,60 |
2 | Башкы директордун маалымат боюнча орун басары | 6,40 |
3 | Башкы директордун контент боюнча орун басары | 6,40 |
4 | Башкы директордун техникалык маселелер боюнча орун басары | 6,40 |
5 | Иш башкаруучу | 6,25 |
6 | Укуктук маселелер боюнча башкармалыктын начальниги | 6,20 |
7 | Финансы-экономикалык башкармалыктын начальниги | 6,20 |
8 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары | 5,65 |
9 | Башкы бухгалтер | 5,50 |
10 | Бөлүмдүн начальниги | 5,50 |
11 | Башкы адис | 5,00 |
12 | Жетектөөчү адис | 4,55 |
13 | Адис | 3,40 |
Чыгармачылык-өндүрүштүк, өндүрүштүк-техникалык персонал | ||
14 | Продюсер Башкармалыктын начальниги | 6,20 |
15 | Программалоо жана пландоо бөлүмүнүн начальниги Борбордук архивдин бөлүмүнүн начальниги | 6,00 |
16 | Видеодизайнер-аниматор Саунд-дизайнер Шеф-редактор Пландоо боюнча координатор (телеберүү жана радиоуктуруу) Эфирге чыгаруу боюнча координатор Эфир боюнча башкы режиссер Видеодизайнер | 5,30 |
17 | Телеберүүнүн жооптуу чыгаруучусу Цехтин начальниги Сервис-борбордун начальниги Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана жарандык коргонуу боюнча инженер | 5,20 |
18 | Бөлүмдүн начальниги | 5,10 |
19 | PR-адис SMM-адис | 4,45 |
20 | "Ала-Тоо 24" телеканалынын баяндамачысы | 4,30 |
21 | Компьютердик-маалыматтык технологиялар цехинин жогорку квалификациялык категориядагы инженер-программисти Компьютердик-маалыматтык технологиялар цехинин жогорку квалификациялык категориядагы инженери Системалык администратор "Ала-Тоо 24" телеканалынын жогорку квалификациялык категориядагы режиссеру "Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы "Ала-Тоо 24" телеканалынын жогорку квалификациялык категориядагы телеоператор-монтаждоочусу Web-редактор | 4,25 |
22 | "Ала-Тоо 24" телеканалынын 1-квалификациялык категориядагы режиссеру "Ала-Тоо 24" телеканалынын 1-квалификациялык категориядагы телеоператор-монтаждоочусу | 4,20 |
23 | Баяндамачы Алып баруучу Улук редактор Жарнама боюнча жооптуу чыгаруучу Цехтин начальнигинин орун басары Участоктун начальниги Компьютердик-маалыматтык технологиялар цехинин 1-квалификациялык категориядагы инженери | 4,15 |
24 | "Ала-Тоо 24" телеканалынын административдик ассистенти | 4,10 |
25 | Редактор-коючу Нөөмөттүн начальниги "Ала-Тоо 24" телеканалынын эфирдик үн режиссеру Компьютердик-маалыматтык технологиялар цехинин инженер-система техниги Компьютердик-маалыматтык технологиялар цехинин компьютерлерди тейлөө боюнча инженери Компьютердик-маалыматтык технологиялар цехинин компьютерлерди тейлөө боюнча инженери | 4,05 |
26 | Башкы адис | 4,00 |
27 | Жогорку квалификациялык категориядагы инженер | 3,95 |
28 | Жогорку квалификациялык категориядагы режиссер Жогорку квалификациялык категориядагы үн режиссеру Башкы сүрөтчү-дизайнер Кабарчы Комментатор Редактор Редактор-музыка таануучу Жогорку квалификациялык категориядагы телеоператор-монтажер 1-квалификациялык категориядагы инженер Жетектөөчү адис "Ала-Тоо 24" телеканалынын 1-квалификациялык категориядагы режиссердун ассистенти | 3,60 |
29 | 1-квалификациялык категориядагы режиссер 1-квалификациялык категориядагы үн режиссеру 1-квалификациялык категориядагы телеоператор-монтажер Инженер Адис | 3,40 |
30 | Региондук берүү боюнча башкармалыктын административдик ассистенти Гонорар эсептөө боюнча жетектөөчү адис Жогорку квалификациялык категориядагы сүрөтчү-дизайнер Фонотеканын башчысы Видеотеканын башчысы Эфирдик режиссер Административдик-чарбалык башкармалыктын участогунун начальниги | 3,20 |
31 | Эфирдик үн режиссеру Административдик ассистент 1-квалификациялык категориядагы телеоператор Архив башчысы-китепканачы Борбордук кампанын башчысы Медицина кызматкери Менеджер Гараждын механиги | 3,20 |
32 | Монтажер | 3,00 |
33 | Радиоуктуруунун жооптуу чыгаруучусу 1-квалификациялык категориядагы сүрөтчү-дизайнер 1-квалификациялык категориядагы сүрөтчү-коюучу Гримдөөчү Фонддук жазуулардын редактору Кинопрограммалардын редактору Жабдууларды оңдоо боюнча 6-разряддагы электр монтеру Улук контролдоочу мастер Улук мастер Улук электр механиги | 2,80 |
34 | Фонотекарь Видеотекарь 6-разряддагы жарык берүүчү 6-разряддагы магниттик жазуу оператору 6-разряддагы реквизитор 6-разряддагы костюмер 6-разряддагы декорация коючу Үн техникасын тейлөөнүн 6 разряддагы механиги Электр механиги Телекөрсөтүү жабдууларын тейлөөнүн 6-разряддагы механиги | 2,70 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | ||
35 | Техникалык машинанын айдоочусу Жүк ташуучу автомашинанын айдоочусу Микроавтобустун айдоочусу | 2,95 |
36 | Жеңил автомашинанын айдоочусу Диспетчер | 2,65 |
37 | Канализация системаларын жана сантехника жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча слесарь Компрессордук орнотмолордун 6-разряддагы машинисти 6-разряддагы автослесарь Слесарь-автоэлектрик Слесарь-сантехник 6-разряддагы маляр 6-разряддагы жыгач уста 6-разряддагы шыбакчы 6-разряддагы электр-газ ширетүүчү Электрик-ар кандай жумуш аткаруучу | 2,10 |
38 | Тазалоочу(*) Кароолчу(*) Короо тазалагыч(*) | 1,80 |
Эскертүү. (*) Чыгармачылык жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү, жогорку квалификация үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдөгү үстөк жайылтылбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Д.Садырбаев атындагы "Кыргызтелефильм" студиясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор-продюсер | 4,50 |
2 | Директордун өндүрүш боюнча орун басары | 4,20 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,80 |
4 | Жогорку квалификациялык категориядагы кинорежиссер Жогорку квалификациялык категориядагы кинооператор Жогорку квалификациялык категориядагы үн режиссеру | 3,40 |
5 | 1-квалификациялык категориядагы кинорежиссер 1-квалификациялык категориядагы кинооператор 1-квалификациялык категориядагы сүрөтчү-коюучу | 3,10 |
6 | Жетектөөчү адис-экономист | 3,10 |
7 | Тартуучу топтун директору | 2,80 |
8 | 1-квалификациялык категориядагы кинорежиссердун ассистенти Монтаждоочу 6-разряддагы жарык берүүчү | 2,70 |
Кенже тейлөөчү персонал | ||
9 | Тазалоочу(*) | 1,80 |
Эскертүү. (*) Чыгармачылык жана кесиптик демилгени, жогорку квалификацияны көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдөгү үстөк жайылтылбайт.
3. Облустук телерадиокомпаниялардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,00 |
2 | Башкы бухгалтер | 3,70 |
3 | Башкы редактор | 3,70 |
4 | 1-квалификациялык категориядагы режиссер | 3,70 |
5 | 1-квалификациялык категориядагы инженер | 3,70 |
6 | Баяндамачы редактор | 3,10 |
7 | Диктор | 3,10 |
8 | 1-квалификациялык категориядагы телеоператор-монтаждоочу | 2,90 |
9 | Эфирдин техниги | 3,70 |
10 | Кабарчы | 2,90 |
11 | Кабарчылар (райондук) | 2,90 |
12 | Системалык администратор | 2,90 |
13 | Башкы адис | 3,20 |
14 | Жетектөөчү адис | 3,10 |
15 | Гримдөөчү-постижер | 2,90 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | ||
16 | Автомобиль айдоочусу | 2,65 |
17 | Электрик-ар кандай жумуш аткаруучу | 2,10 |
18 | Тазалоочу(*) | 1,80 |
19 | Кароолчу(*) | 1,80 |
Эскертүү. (*) Чыгармачылык жана кесиптик демилгени, жогорку квалификацияны көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдөгү үстөк жайылтылбайт.
4. "Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкы директор | 4,00 |
2 | Башкы директордун орун басары Башкы бухгалтер Телепрограммалардын башкы редактору Башкы режиссер Башкы инженер Башкы телеоператор Кадрлар боюнча инспектор Юрисконсульт Эфирдин техниги Веб-редактор | 3,70 |
3 | Кеңсе менеджери | 3,20 |
4 | Улук редактор Диктор | 3,10 |
5 | Телеоператор Монтаждоочу Өздүк кабарчы Атайын кабарчы Кабарчылар (райондук) Үн жазуу оператору Системалык администратор Жарнама боюнча менеджер Компьютерде терүү оператору | 2,90 |
6 | Гримдөөчү постижер | 2,90 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | ||
7 | Котормочу | 2,95 |
8 | Автомобилдин айдоочусу | 2,65 |
9 | Цехтин, участоктун электриги | 2,10 |
10 | Архивариус | 1,90 |
11 | Тазалоочу(*) Кароолчу(*) | 1,80 |
Эскертүү. (*) Чыгармачылык жана кесиптик демилгени көрсөткөндүгү, жогорку квалификациясы үчүн кызматтык маянасынын 50 пайызына чейинки өлчөмдөгү үстөк жайылтылбайт.
5. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агентствосунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 6,60 |
2 | Директордун орун басары | 6,40 |
Негизги персонал | ||
3 | Башкы редактор | 6,20 |
4 | Бөлүм башчы | 6,20 |
5 | Редактор-аналитик | 5,50 |
6 | Медиаэксперт | 5,50 |
7 | PR-адис | 4,45 |
8 | SMM-адис | 4,45 |
9 | Web-редактор | 4,25 |
10 | Редактор | 4,20 |
11 | Жетектөөчү адис | 4,55 |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 3,60 |
13 | Жарнама боюнча менеджер | 4,20 |
14 | Техникалык бөлүмдүн башчысы | 5,10 |
15 | Программист | 4,60 |
16 | Инженер-программист | 4,20 |
Техникалык тейлөөчү персонал | ||
17 | Чарба башчысы | 2,65 |
18 | Катчы-референт | 2,30 |
19 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 2,65 |
6. Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Башкы директор | 6,60 |
2 | Башкы директордун орун басары | 6,40 |
3 | Финансы-экономикалык башкармалыктын начальниги | 6,20 |
4 | Башкы бухгалтер | 5,50 |
5 | Башкы адис, юрисконсульт | 5,00 |
6 | Жетектөөчү адис | 4,55 |
7 | Жооптуу катчы | 3,90 |
Чыгармачыл-өндүрүштүк, өндүрүштүк-техникалык персонал | ||
8 | Продюсер Башкы көркөм жетекчи Радионун директору Менеджер Жаңылыктар дирекциясынын директору "Илим жана Билим" телеканалынын директору Башкы режиссер-координатор Видеодизайнер | 6,20 |
9 | Эфирге чыгаруу боюнча координатор Башкы телеоператор | 5,30 |
10 | Телеберүүнүн жооптуу чыгаруучусу Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер Аппараттык-студиялык комплекстин начальниги | 5,20 |
11 | Жаңылыктар дирекциясынын баяндамачысы | 4,30 |
12 | Жаңылыктар дирекциясынын жогорку квалификациялык категориядагы телеоператор-координатору Жаңылыктар дирекциясынын жогорку квалификациялык категориядагы инженери Жаңылыктар дирекциясынын атайын кабарчысы Жаңылыктар дирекциясынын жогорку квалификациялык категориядагы режиссеру Жаңылыктар дирекциясынын жогорку квалификациялык категориядагы телеоператор-монтажеру Жаңылыктар дирекциясынын кабарчысы 1-квалификациялык категориядагы системалык администратор | 4,25 |
13 | Баяндамачы Жаңылыктар дирекциясынын алып баруучусу Участоктун начальниги Телекөрсөтүүнүн улук редактору Маркетинг бөлүмүнүн начальниги Бөлүмдүн начальниги Программалык редактор Долбоорлор боюнча менеджер Жарнама боюнча менеджер Жаңылыктар дирекциясынын 1-квалификациялык категориядагы инженери 2-квалификациялык категориядагы системалык администратор | 4,15 |
14 | Жаңылыктар дирекциясынын 1-квалификациялык категориядагы монтажеру Жаңылыктар дирекциясынын 1-квалификациялык категориядагы режиссеру Жаңылыктар дирекциясынын 1-квалификациялык категориядагы телеоператору Жогорку квалификациялык категориядагы телеоператор | 4,20 |
15 | Жаңылыктар дирекциясынын телекөрсөтүүнүн 1-квалификациялык категориядагы редактору Сайттын редактору Жаңылыктар дирекциясынын жогорку квалификациялык категориядагы үн режиссеру Жаңылыктар дирекциясынын редактору | 4,05 |
16 | Радиоуктуруунун улук редактору | 3,90 |
17 | Жогорку квалификациялык категориядагы сүрөтчү-коюучу Өздүк кабарчы Комментатор Атайын кабарчы Телекөрсөтүүнүн 1-квалификациялык категориядагы редактору Радионун 1-квалификациялык категориядагы редактору Кабарчы Редактор 1-квалификациялык категориядагы инженер | 3,60 |
18 | 1-квалификациялык категориядагы режиссер Радиоуктуруунун 1-квалификациялык категориядагы режиссеру 1-квалификациялык категориядагы телеоператор Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис 1-квалификациялык категориядагы монтажер 2-квалификациялык категориядагы монтажер 2-квалификациялык категориядагы инженер 2-квалификациялык категориядагы инженер-программист Инженер | 3,40 |
19 | Телеберүүнүн 2-квалификациялык категориядагы режиссеру 2-квалификациялык категориядагы сүрөтчү-коюучу Администратор Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү Гонорар эсептөө боюнча адис Видеотека башчысы 2-квалификациялык категориядагы үн режиссеру 2-квалификациялык категориядагы телеоператор Архивдин башчысы-китепканачы Режиссердун ассистенти | 3,20 |
20 | Улук электромеханик Гримдөөчү | 2,80 |
21 | 6-разряддагы реквизитор Видеотекарь | 2,70 |
Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | ||
22 | Слесарь-сантехник Жыгач уста | 2,10 |
23 | Айдоочу | 2,65 |
24 | Тазалоочу(*) Короо тазалоочу(*) | 1,80 |
Эскертүү. (*) Чыгармачылык жана кесиптик демилгени, жогорку квалификацияны көрсөткөндүгү үчүн кызматтык маянасынан 50 пайызга чейин өлчөмдөгү үстөк жайылтылбайт.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "1-тиркеме |
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 6,60 |
2 | Директордун орун басары | 6,40 |
3 | Башкы бухгалтер | 5,50 |
4 | Менеджер | 5,10 |
5 | Юрист | 4,90 |
6 | Бухгалтер-кассир | 5,00 |
7 | Кадрлар боюнча улук инспектор - иш кагаздарын жүргүзүүчү | 4,50 |
8 | Башкы редактор | 6,20 |
9 | Телевидениенин шеф-редактору | 5,30 |
10 | Баяндамачы | 5,05 |
11 | Улук кабарчы | 5,00 |
12 | Кабарчы | 4,80 |
13 | Алып баруучу | 4,15 |
14 | Редактор | 3,60 |
15 | Координатор | 2,80 |
16 | Режиссер | 4,70 |
17 | Продюсер | 4,55 |
18 | Улук оператор | 5,00 |
19 | Оператор | 4,55 |
20 | Компьютердик графика дизайнери | 4,60 |
21 | Видеомонтаж инженери | 4,25 |
22 | Радионун шеф-редактору | 5,00 |
23 | Радионун кабарчысы | 4,10 |
24 | Үн режиссёру | 3,85 |
25 | Үн инженери | 3,85 |
26 | Техникалык комплекстин начальниги | 5,35 |
27 | Радиоэлектроника боюнча жетектөөчү адис | 4,25 |
28 | Техникалык контролдоо бөлүмүнүн редактору | 3,45 |
29 | Эфирдин инженери | 3,85 |
30 | Системалык администратор | 5,00 |
31 | Административдик-чарбалык бөлүмдүн начальниги | 5,00 |
".
|
| 3-тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Айдоочу | 2,80 |
2 | Техник | 2,80 |
3 | Электрик | 2,10 |
4 | Тазалоочу | 1,80 |
5 | Короо тазалоочу | 1,80 |
6 | Курьер | 1,80 |
".