СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXVII сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 129
Сүлүктү шаардык мэририясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик мекемесинин 28.08.2023ж. № №01-27/196 чыгыш сандуу Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап 09.07.2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай" Кодексинин 12 - беренесинин 5- пунктунун жана 14-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин кезексиз XXVI сессиясынын 16.06.2023ж. №116 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамы толуктоолор менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Бабаев И.Д. - шаардын мэринин биринчи орун басары - комиссиянын төрагасы;
2. Калакулов С.К. - Сүлүктү шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетекчиси - комиссиянын катчысы;
3. Мырзабеков Д.А. – Сүлүктү шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;
4. Исраилов А.П. - "Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси;
5. Жумагулов Т- “Сүлүктү-Тазалык” МИнын башчысы;
6. Самадова Г.Х. - Төрөт бөлүмүнүн башчысы, шаардык кеңештин депутаты;
7. Халбеков А.Д. – шаардык кеңештин депутаты;
8. Мусаев А.К.- Кош-Булак аймактык башкармалыгынын башчысы;
9. Исканов М.И. – Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы
2. Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин биринчи орун басары И.Д. Бабаевге милдеттендирилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин "Муниципалдык менчик. курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.М.Жайнаков |