Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-майы № 329-т
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда калдыктарды утилдештирүү боюнча таштанды өрттөөчү заводдорду куруу» долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн импорттолуучу технологиялык жабдууларды, алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрүн, чийки заттарды жана материалдарды импорттоого кошумча нарк салыгынан бошотууну берүү мөөнөтү аны ишке ашыруу мезгилине, бирок 5 жылдан ашык эмес колдонулат деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |