Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-октябры № 131
Кош-Булак аймагындагы Н.Баратов атындагы спорт комплексинин залын ижарага берүү баасын бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 19.09.2023-ж. №01-12/2341 сандуу Кош-Булак аймагындагы Н. Баратов атындагы спорт комплексинин залын ижарага берүү баасын бир сат үчүн 600 (алты жүз) сом өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеңештин "Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 27, 34 беренелерине ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Булак аймагындагы Н. Баратов атындагы спорт комплексинин залын бир саат үчүн ижарага берүү баасы бир саат үчүн 600 ( алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин "Бюджет, экономика инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.М.Жайнаков |