Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 314
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 103 «Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, мөмө-жемиш продукциясын өндүрүүнү жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн контролдоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 103 «Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 103 «Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу колдонулбаган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарынын сортторунун тизмегине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 103 «Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу колдонулбаган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарынын сортторунун тизмегине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын ташып келүүдө (импорттоодо) ушул токтомду аткарууга кабыл алсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу колдонулбаган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарынын сортторунун тизмеги
№ | ЕАЭБ ТЭИ TH | Өсүмдүктөрдүн жана сорттордун аталышы |
1 | 0602 20 800 0 | Алма көчөттөрү |
|
| Жайкы сорттор: – Вильямс Прайд. Күзгү сорттор: – Гала; – Гала Валл; – Джинжер голд. Кышкы сорттор: – Голден Делишес; – Голден Рейнджерс; – Скарлет спур; – Джеромини; – Ред чиф; – Фуджи; – Гренни смит; – Пинк Леди (Розу Глоу); – Стори Иноред |
2 | 0602 20 800 0 | Алмурут көчөттөрү |
|
| – Деведжи; – Этрушка; – Виллямс; – Июнь сулуусу; – Маузер; – Кармен; – Аббат Фетель; – Санта Мария |
3 | 0602 20 800 0 | Кара өрүк көчөттөрү |
|
| – Стенли; – Блек Даймонд; – Анжелино; – Аутум Гигант; – Блэк Сплендор (Black Splendor) |
4 | 0602 20 800 0 | Өрүк көчөттөрү |
|
| – Кантек; – Исфарак; – Субхони; – Приция (өтө эрте бышуучу); – Микадо (өтө эрте бышуучу); – Милорд (кеч бышуучу); – Мемпис (кеч бышуучу); – Рубиста; – Роксана; – Королдук Шалах |
5 | 0602 20 800 0 | Гилас көчөттөрү |
|
| – Кордия; – Регина; – Валовая 3; – Скина; – Зираат 0900; – Эрли Лори (эрте бышуучу); – Свит Лоренз (орточо эрте бышуучу); – Свит Харт; – Ред Пасифик; – Саммит; – Стаккато; – Свит Стефани |
6 | 0602 20 800 0 | Алча көчөттөрү |
|
| – Жуков; – Kelleris 14; – Лютовка; – Кутахйа; – Облачин |
7 | 0602 20 800 0 | Шабдалы көчөттөрү |
|
| – Кызыл Москва; – Филомена (өтө эрте бышуучу); – Астория (эрте бышуучу); – Копакобана (ультра эрте бышуучу); – Экстрим; – Свит леди; – Роял глори; – Глохевен; – Лола; – Редхейвен (Redhaven) |
8 | 0602 20 100 0 | Жүзүм көчөттөрү |
|
| Аш сорттору: – Киш-миш Сето гиганттары; – Юпитер; – Ред Глоб; – Шайн Мускат; – Ламборджини; – Маникюр фингер; – Ruby Roman; – Одесса сувенири. Техникалык сорттор: – Пино Нуар; – Каберне; – Шардоне; – Совиньон-блан; – Алиготе; – Мускат Семильон; – Каберне-совиньон; – Мерло; – Ркацители; – Баян ширей; – Кулжа; – Саперави; – Венгер мускаты |
9 | 0602 20 800 0 | Кожогат көчөттөрү |
|
| – Монтерей; – Сан андреас; – Азия; – Альбион; – Клери; – Мурано; – Мальга; – Кабриолло; – Федерика; – Портола |
10 | 0602 20 800 0 | Малина көчөттөрү |
|
| – Мапема; – Эндросадира; – Натчез; – Маравилла; – Маргарита; – Пшехиба; – Делнива |
11 | 0602 20 800 0 | Кара карагат көчөттөрү |
|
| – Тибен; – Тизель; – Церера; – Вавиловду эскерүү; – Ядреная; – Добрыня; – Золотистая; – Титания; – Бен Тиран; – Бен Тибен |
12 | 0602 20 800 0 | Кызыл карагат көчөттөрү |
|
| – Алтай кочкул кызыл; – Ненаглядная; – Рондом |
13 | 0602 20 800 0 | Чычырканак көчөттөрү |
|
| – Клара; – Mapa; – Андрос; – Алтай; – Гном; – Джемовая; – Елизавета; – Клавдия; – Сударушка |
14 | 0602 20 800 0 | Бадам көчөттөрү |
|
| – Десерттик; – Ялта; – Маркони (Marcona); – Техас (Texas); – Феррагнес (Ferragnes) |
15 | 0602 20 800 0 | Токой жаңгагынын көчөттөрү |
|
| – Түндүк (суукка чыдамдуу); – Halls Giant; – Istarski Dugi (кургакчылыкка чыдамдуу) |
16 | 0602 20 800 0 | Грек жаңгагынын көчөттөрү |
|
| – Таттуу данектүү; – Chempion; – (Juglans regia) С6; – Идеал; – Фернор; – Чандлер |
17 | 0602 20 800 0 | Мисте көчөттөрү |
|
| – Антеп; – Сиирт; – Акбари; – Ахмад Агаи; – Фандоги; – Бадами |
".