Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-октябры № 133
Сүлүктү шаардык кеңешинин 14.05.2021-ж. № 1 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(шаардык кеңештин 31.01. 2022-ж. Х сессиясынын №34, 26.12.2022 ж. ХХІ сессиясынын №76 токтому менен ошондой эле 19.05.2023-жылы XXV сессиясында өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген)
Сүлүктү шаардык кеңешинин 14.05.2021-ж. № 1 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентине толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 9- бөлүмчөсүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеңешинин 14.05.2021-ж. №1 токтому менен кабыл алынган Сүлүктү шаардык кеңешинин регламентинин 12-главасынын 12.13-пунктунун экинчи абзацы болуп төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- Шаардык кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын толук кандуу аткаруу максатында, сессия учурунда добуш берүү формасын эгерде Баткен облусунун сыртында болсо (иш сапардагыларды кошпогондо) он-лайн форматта добуш берүү укугу киргизилсин.
2. Регламентти ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык келтирүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.М.Жайнаков |