Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-октябры № 134
Сүлүктү шаардык кеңешинин комиссияларынын курамы жөнүндө
Шаардык кеңештин депутаты М. К. Тагаевдин жана шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин 2,5-пунктарына ылайык Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын курамы №96 - токтомго ылайык калтырылсын;
2. Туруктуу комиссиялар өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.М.Жайнаков |