Редакцияот 06.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXVIII сессиясы

 

2023-жылдын 6-октябры № 135

 

М.Т.Ибрагимов атындагы №3 - орто мектебинин от казанын жаңылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын 06.10.2023-ж. №01-12/2583 сандуу Сүлүктү шаарындагы М.Т. Ибрагимов атындагы №3- орто мектебинин от казанын жаңылоого шаардык бюджеттин эсебинен 500 000 (беш жүз мин) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү каты боюнча шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 - беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин 51-беренесинин 1- пунктуна ылайык депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сүлүктү шаардык кеңешинин 16.06.2023-жылдагы №120-токтом менен бекитилген Сүлүктү шаарындагы М.Т. Ибрагимов атындагы №3-орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө каралган 210,700 (эки жүз он миң жети жүз) сомго кошумча 03.10.2023-жылы №126-токтом менен бекитилген Сүлүктү шаарынын көчөлөрүн түнкү жарыктандырууга каралган 913 420 (тогуз жүз он үч миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражатынан, М.Т. Ибрагимов атындагы №3-орто мектебинин от казанын жаңылоого 550 000 (беш жүз элүү миң) сом акча каражаты шаардык бюджеттен бөлүнүп берилсин;

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин "Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Р.М.Жайнаков