Редакцияот 13.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз

14-сессиясынын токтому

2025-жылдын 13-ноябры №14-7

Бел айылдык кеңешинин төрагасына айлык акы төлөө жөнүндө

Бел айылдык кеңешинин төрагасына 2025-жылдын 3-4 кварталында өткөргөн жалпы 5 (беш) сессиясы үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 40-берене 6-пунктуна таянып, айыл өкмөт башчысынын бир күндүк эмгек акысы өлчөмүндө айлык акы төлөп берүү жагын карап чыгып, айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Бел айылдык кеңешинин төрагасына 2025-жылдын 3-4 кварталында жалпы 5 жолу өткөрүлгөн ар бир сессиясы үчүн айыл өкмөт башчысынын бир күндүк эмгек акысы өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилсин.

2. Көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укуктартибин сактоо, архитектура, курулуш, экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага :

М.Ураимов.