Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин №9-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын токтому
2025-жылдын 22-февралы №4-1
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын жана Федоров айылынын Карабаш участкасынын көчөлөрүнө ат коюу ошондой эле атын өзгөртүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө жана Федоров айылынын Карабаш участкасындагы айылдарынын чогулушунун протоколунун жана арыздары менен таанышып чыгып талкуулап, Бак1 көчөсүн «Бак1» аты жокко чыгарылып Рахманберди уулу Бакытбек атына өзгөртүү менен Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Федоров айылынын Карабаш участкасынын Төрөбаев Топчубайдын үйүнөн Назаров Турдалинин үйүнө чейин Пусур Таникуловдун атын коюу жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Чынар Төрөкулованын билдирүүсүнө жана айылдын протоколуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чеч-Дөбө айылынын Бак1 көчөсү Рахманберди уулу Бакытбек атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Федоров айылындагы Карабаш участкасындагы Топчубай Төрөбаевдин үйүнөн Турдали Назаровдун үйүнө чейин Пусур Таникуловдун аты коюулсун.
3. Өзгөртүлгөн көчөлөрдүн юридикалык иш кагаздарын даярдоо үчүн Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан уруксат алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Жаңы коюулган көчөлөрдүн аттарын жана үй номерлери жазылган табличкаларын илдирүүнү уюштуруу жагы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн тийиштүү айыл башчыларына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |