Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин №9-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын токтому
2025-жылдын 22-февралы №4-2
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Алиев Кенжегелдинин жеке менчигинде болгон 2100,0 чарчы метр жеринин ичинен 288,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүп дүкөн куруу жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Алиев Кенжегелдинин жеке менчигиндеги 2100,0м2 жер тилкесинин турак жай куруу багытындагы жер аянтынын ичинен 288,2м2 чарчы метр жерин максаттуу багытын коммерциялык багытка өзгөртүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Алиев Кенжегелдинин арызына негиз, Ноокат райондук ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун 2024 жылдын 06-февралындагы № 014-01-23 корутундусуна, Ош электр тармактар ишканасынын Ноокат райондук электр тармактарнын 2024-жылдын 06 февралындагы № 01-8/36 корутундусуна, Ноокат райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 09-февралындагы№6 корутундусуна ылайык, өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Кожоке айылынын тургуну Алиев Кенжегелдинин жеке менчигиндеги 288,0 чарчы метр турак жай багытындагы жер аянтынын максаттуу пайдалануу багытын спорт зал, чайкана жана дүкөн курууга өзгөртүлгөн жер аянтынын юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |