Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин №9-чакырылышынын кезектеги
4-сессиясынын токтому
2025-жылдын 22-февралы №4-3
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн ставкасын бекитүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 19-февралындагы №1-25/825 сандуу чыгыш катына негиз, Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө № 37 мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө № 37 мыйзамга ылайык, 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн ставкасын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак жай имараттарына мүлк салыгын эсептөө үчүн ставкасын тиркемедегидей бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика-соода ишкердүүлүк жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Зулуновго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |