Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 30-апрели № 158
Пилоттук режимде айыл аймактарында ичүүчү суу менен
камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын
көрсөтүү боюнча иштин натыйжалуулугун
жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
Райондун аймагынын чегинде айыл аймактарынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу муниципалдык ишканаларын ирилештирүү механизмдерин пилоттук режимде апробациялоо максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 67-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун, Ош облусунун Араван районунун айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары:
1) 2026-жылдын 10-майынан 2027-жылдын 10-майына чейинки мезгилде райондордун аймагында муниципалдык ишканалардын курамынан ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүү боюнча функцияларды бөлүү менен бир райондун аймагынын чегинде бир нече айыл аймактарын тейлөө үчүн адистештирилген муниципалдык ишканаларды түзүү жолу менен пилоттук долбоорду жүргүзсүн;
2) айыл аймактарынын географиялык жайгашуусун жана жергиликтүү калктын санын эске алуу менен жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча бир райондун аймагынын чегинде бир нече айыл аймактарын тейлеген ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун экиге чейинки өзүнчө адистештирилген муниципалдык ишканаларын түзүү боюнча чараларды көрсүн;
3) пилоттук долбоорду жүргүзүү менен байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин;
4) пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга:
1) пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн;
2) жергиликтүү деңгээлде калкка ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылсын;
3) пилоттук долбоорду колдонуу мезгилинде борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүгө тарифтердин наркын эсептөөдө жана аларды монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө талдоо жүргүзсүн жана оң натыйжалар болгон учурда 2027-жылдын 10-январга чейинки мөөнөттө ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун өзүнчө адистештирилген муниципалдык ишканаларын түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону, иш-чараларына мониторинг жүргүзүүнү, методологиялык жана консультациялык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |