Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

  XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 30-январы  № 20/5

 

Долбоордук өтүнмөнү бекитүү  жөнүндө

 

Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 14 000 000 (он төрт миллион) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагына караштуу  16 чакырым  “Нарын-Ат-Башы авто унаа жолун күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.

 

2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 14 000 000 (он төрт миллион) сом каражаты Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

3.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралсын.

 

4.Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИсы жумуш иштерине техникалык жактан камсыздоо жагы милдеттендирилсин.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Б. Шералиев