Редакцияот 30.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

  XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 30-январы  № 20/7

 

Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5  Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

2025-жылдын 11-декабрындагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын №18/5  Токтомуна өзгөртүү киргизүүмаксатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши      токтом кылат:

 

1.  Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылынан “Сейил-Булак” участкасына чейинки авто жолун  күн чырак менен жарыктандыруу” долбоору жактырылсын.

 

2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 4 576 000 (төрт миллион беш жүз жетимиш алты миң) сом каражаты Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан суралсын.

 

3. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты каралсын.  

 

4. Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” МИсы жумуш иштерине техникалык жактан камсыздоо жагы милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Б. Шералиев