Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин №9-чакырылышынын
4-сессиясынын токтому
2025-жылдын 22-февралы №4-4
Ноокат РИИБдин А. Суранов атындагы Жаңы-Базар АМБү Н. Исанов атындагы айыл аймагынын менчигинде турган жер тилкесин милиция бөлүмчөсү үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат РИИБдин А. Суранов атындагы Жаңы-Базар АМБнүн Б. К. Ашировдун 2025-жылдын 21-февралындагы №15/1319 кайрылуу каты менен таанышып чыгып Н. Исанов атындагы айыл аймагынын менчигинде турган Жаңы-Базар айылынын борборундагы системалык номуру 5051010010497 болуп катталган 0,0468 га жер аянтын, милиция бөлүмчөсүнө ажыратып берүү үчүн макулдук берүү жөнүндө. Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун менен таанышып чыгып мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, мүлккө муниципалдык менчик мыйзамынын 19-беренесинин 3-пунктун жетекчилике алып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын менчигинде турган Жаңы-Базар айылынын борборундагы системалык номуру 5051010010497 болуп катталган 0,0468 га жер аянтын, Ноокат РИИБдин А. Суранов атындагы Жаңы-Базар АМБнүн милиция бөлүмчөсүнө курулуш куруу үчүн акысыз ажыратып берүү үчүн макулдук берилсин.
2. Аталган жерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өткөрүп берүү жагы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Нурмаматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек у |