Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 9-чакырылышынын 4-сессиясынын токтому
2024-жылдын 22-февралы №4-6
Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Федоров айылынын Карабаш участкасынын арык каналдардын боюндагы тазалоо иштеринде техника жүрүүчү жолду ачтыруу жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Федоров айылынын Карабаш участкасына караштуу Н. Исанов, Кеңеш жана Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөттөрү пайдаланган арык каналдарды тазалоо иштеринде тоскоол жараткан бак дарак тосмолорун ачтыруу да айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүү жөнүндө сунушту талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н. Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Федоров айылынын Карабаш участкасына караштуу Н. Исанов, Кеңеш жана Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөттөрү пайдаланган арык каналдарды тазалоо иштеринде тоскоол жараткан бак дарак тосмолорун ачтырууда айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлсүн.
2. Арык каналдардын боюндагы тосмо бак дарактарды алдыруу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Примкуловго жана жер адиси А. Жолдошевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Таирбек уулу |